Жаңылыктар

Бишкектиктердин шайлоодогу жигердүүлүгү. Апрель жана июль айларындагы шайлоолорду салыштыруу.
“Жалпы иш” КФнун эксперттери БШКнын маалыматтарын талдап, борбор шаардын шайлоочуларынын жигердүүлүгү апрель жана июль айларында кантип өзгөргөнүн Бишкектин райондору боюнча көрсөтүштү. Ошентип, талдоо июль айында жалпы шаар боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгүнүн апрель айынын добуш берүүсүнөн 21,89 пайызга азайганын көрсөттү. 04.08.2021
"Жалпы Иш" КФ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн сунушталган моделдерине көз чаптыруу
Кыргызстандын парламентинде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкуулап жатышат. Буга чейин "Жалпы Иш" Фонду шайлоону өткөрүү боюнача сунуш кылынган моделдерге талдоо жүргүзгөн. Фонд, сунуш кылынган шайлоо тутумдарынын ар биринин өзүнүн артыкчылыктары бар деп эсептейт жана алардын ар бирин жүзөгө ашыруу терс таасирлерге жана эки ача натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Буга чейинки анализибизди эсиңизге салабыз. 15.07.2021
"Жалпы иш" Коомдук Фонду: Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын-ала билдирүү
Кайталап шайлоо, негизинен тынч, шайлоочулардын аз катышуусу менен, жана мыйзамга ылайык өттү, бирок айрым байкоочулар добуш берүү күнүнүн процедуралары жана добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгын белгилешти. Шайлоо алдындагы мезгилде шайлоочуларга мурдагы шайлоолордогудай добуш сатып алуу фактылары болгон. 12.07.2021
«Жалпы иш» коомдук фонду: Шайлоо күнү саат 13:00дө аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү күнү саат 13:00гө карата "Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары 22 мыйзам бузууну катташты 11.07.2021
"Жалпы Иш" коомдук фонду: Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо УШКларды ачуу тартиби жөнүндө
"Жалпы Иш" коомдук фондунун байкоочулары Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү күнүнө байкоо жүргүзүүдө. Байкоо 52 УШКда жүрүп жатат, анын ичинде 31 УШК Бишкекте, 18 УШК Ошто жана үчөө Токмокто. 11.07.2021
"Жалпы Иш" Коомдук Фондунун байкоочулары добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүн мониторинг жүргүзүп бүтүштү
"Жалпы Иш" коомдук фондунун байкоочулары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн мониторингин аякташты. Жалпысынан 43 УШК камтылды, анын 25и Бишкекте, 15и Ошто жана үчөө Токмокто. Мониторинг жүргүзүлгөн объектилерде, Ош шаарынын бир участкасында процедуралык бузууларды эске албаганда, олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок. Биздин байкоочулардын отчетторуна ылайык, участкадан тышкары добуш берүүгө арыздардын тизмеси бардык 43 УШКларда илинген жана тизмелердин каттосу жабылгандан кийин,  тизмеге өзгөрүүлөр киргизилгени байкалган эмес. 11.07.2021
"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары кайталап шайлоого байкоону улантууда
"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүүнү улантышууда. 95 шайлоо участкаларына барууну пландаштырган, 50дөн ашык ыктыярчылар шайлоо мыйзамдарынын сакталышына байкоо жүргүзүп турушат, алардын ичинен 62 байкоочу Бишкекте, 29 байкоочу Ошто жана Токмоктогу байкоочулардан төртөө. 11.07.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду: Кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде 83 мыйзам бузуу аныкталды
2021-жылдын 10-июлуна карата шайлоо мыйзамдарынын аныкталган бузуулары жөнүндө алдын-ала маалымат. 2021-жылдын 18-июнунан 9-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде, "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуунун 83 фактысы аныкталды. 10.07.2021