Жаңылыктар

Шайлоо мыйзамдары бузулган 67 учур «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан катталган
«Жалпы иш» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет даярдады. Ал отчет шайлоо участокторун ачуу жана жабуу, добуш берүү, добуштарды эсептөө процедураларына байкоо жүргүзүү маалыматын камтыйт. 17.11.2020
“Жалпы иш” коомдук фонду, “Таза Шайлоо” ассоциациясы жана “Эгль” коомдук фонду тарабынан БШКнын тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү
“Жалпы иш” коомдук фонду, “Таза Шайлоо” ассоциациясы жана “Эгль” коомдук фонду 2020-жылдын 20-декабрына кайрадан парламенттик шайлоо белгиленгенден кийин 2020-жылдын 21-октябрында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында болгон кырдаалга байланыштуу өздөрүнүн тынчсыздануусун билдирип жатат. 23.10.2020
Пресс-конференцияга чакыруу
«Жалпы иш» коомдук фонду 5-октябрь күнү саат 13.30дө Парк Отелинде өтө турган пресс-конференцияда парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын ала жыйынтыктары менен тааныштырат 04.10.2020
Саат 14:00гө карата көз карандысыз байкоонун жыйынтыгы
Шайлоо участокторунун 28 пайызы добуш берүү үчүн саат 8:00гө чейин ачылды, 71 пайызы саат 8:00дө жана 0,7 пайызы андан кечирээк ишин баштады 04.10.2020
Шайлоо күнү тынч башталды, бир нече маанилуу эмес мыйзам бузуулар байкалган
Билдирүү
Шайлоо күнү тынч башталды, бир нече маанилуу эмес мыйзам бузуулар байкалган
Байкоочулар шайлоо күнү тынч башталганын, бир нече маанилуу эмес мыйзам бузуулар байкалганын билдиришти. "Жалпы иш" коомдук фондунун бардык байкоочулары белгиленген участоктордо шайлоого байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту 04.10.2020
«Жалпы иш» коомдук фонду
ЖМК үчүн маалымат
«Жалпы иш» коомдук фонду
4-октябрда саат 7.00дөн 23.00гө чейин "Жалпы иш" Коомдук фонду КР ЖК шайлоолоруна көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирет. 04.10.2020
Эмне себептен добуш берүү зарыл?
Быйылкы шайлоо өзгөчө мааниге ээ экенин, өзгөчө чоң маселелер ушул шайлоонун жыйынтыгынан көз каранды экенин бардык жарандар байкаса керек. Ушул шайлоонун артынан коронавирус деген балээнин кесепетин кантип жеңебиз деген суроого жооп келет. Бул шайлоодон “уурулар, шылуундар” делгендердин тагдыры чечилет. Бул шайлоо кирип келаткан экономикалык кризиске каршы айлабызды чечет. Ушул шайлоодон – буга чейин болуп көрбөгөндөй – жаңылануу болоор же болбосу чечилет 02.10.2020
“Жалпы иш” коомдук фонду форма № 2 боюнча катталган шайлоочулардын санынын рекорддук көбөйүшүнө тынчсызданып жатат.
Билдируу
“Жалпы иш” коомдук фонду форма № 2 боюнча катталган шайлоочулардын санынын рекорддук көбөйүшүнө тынчсызданып жатат.
4-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоосуна көз карандысыз байкоо жүргүзүү долбоорун ишке ашырып жаткан “Жалпы иш” коомдук фонду форма № 2 боюнча арыз берген шайлоочулардын, тагыраак айтканда катталган жери боюнча эмес, шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү чечкендердин санынын көбөйүшүнө олуттуу тынчсызданып жатканы жөнүндө билдирет. 29.09.2020