Басылмалар

2021-жылдын 28-ноябрындагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчет
аналитика
2021-жылдын 28-ноябрындагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчет
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчетту даярдады. Байкоо жүргузүү мөөнөтү – 2021-жылдын 29-августунан 25-декабрына чейин. 22.04.2022
Шайлоо процесстерине ишеним индекси
аналитика
Шайлоо процесстерине ишеним индекси
Социологиялык изилдөөнүн алкагында «Жалпы иш» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жарандарынын өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата мамилеси жана айрым шайлоо процесстерине ишеними жөнүндө пикирлерин топтоду. Бул изилдөө өткөн шайлоону жарандардын көзү менен кароого мүмкүндүк берет 27.01.2022
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттарын шайлоону даярдоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала отчетту даярдады.

Алдын ала отчет КР ЖКнин депутаттарын шайлоо белгиленген учурдан тартып, 2021-жылдын 29-августунан 18-ноябрына чейинки мезгилге тиешелүү жана талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболорун, талапкерлердин тизмесин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын (БШК, ОШК, УШК) түзүү жана ишмердигин, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана актуалдаштыруунун жол-жоболорун, маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мезгилиин, ошондой эле тийиштүү инстанцияда шайлоо мыйзамдарын жана кайрылууларды (арыздарды жана даттанууларды) берүүнүн бузулууларын аныктоону камтыйт. 22.11.2021
Жаңы шайлоо системасынын тобокелдиктерине жасалган анализ
аналитика
Жаңы шайлоо системасынын тобокелдиктерине жасалган анализ
«Жалпы иш» коомдук фонду "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” (мындан ары текст боюнча – конституциялык мыйзам) конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүү жана толуктоолордон улам, жаңы шайлоо системасынын кириши менен ар бир шайлоо процесстеринде пайда болушу мүмкүн деген тобокелдиктерге анализ жүргүздү. 29.10.2021
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО БОЮНЧА ГИД
аналитика
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО БОЮНЧА ГИД
«Жалпы иш» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирдикте «КРнын депутаттарын шайлоо боюнча колдонмону» даярдап, жарыялады. Бул идея шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу пайда болгон. Бул колдонмо шайлоочуларга да, талапкерлерге да, саясий партияларга да, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө да, шайлоого байкоо жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдарга да жана шайлоо процессинин башка субъекттерине да тиешелүү болот. Орус жана кыргыз тилдеринде чыккан гиддин жалпы тиражы 10 миң нусканы түзгөн. Колдонмонун бир бөлүгү КР БШКга берилет, ал эми негизги бөлүгү кызыкдар тараптарга таратуу үчүн өлкөнүн аймактарына жөнөтүлөт. 18.10.2021
Кыргыз Республикасындагы шайлоо талаштарын талдоо
аналитика
Кыргыз Республикасындагы шайлоо талаштарын талдоо
"Жалпы иш" коомдук фонду 2017-жылы Кыргыз Республикасынын (КР) Президентин шайлоодо, 2020-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жана 2021-жылы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда пайда болгон шайлоо талаш-тартыштарына анализ жүргүзгөн. 17.08.2021
2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңешке депутаттарды кайталап шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүүгө жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыктары тууралуу акыркы отчет

«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңешке депутаттарды кайталап шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүүгө жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыктары тууралуу акыркы отчетту даярдаган. Байкоо мөөнөтү – 2021-жылдын 21-июнунан 31-июлуна чейин. Ресурстардын чектелгендигине байланыштуу алынган маалыматтар өткөрүлгөн шайлоо компаниясын толук кандуу баалоо үчүн Фондго мүмкүндүк бере албайт, бирок негизги тенденцияларды жана көйгөйлөрдү аныктап белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. 12.08.2021
2021-ЖЫЛДЫН 11-ИЮЛУНА ДАЙЫНДАЛГАН БИШКЕК, ОШ ЖАНА ТОКМОК ШААРЛАРЫНДАГЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН КАЙТАЛАП ШАЙЛООСУНА ДАЯРДЫК КӨРҮҮГӨ УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ АЛДЫН АЛА ОТЧЕТ

"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 11-июлуна пландаштырылган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн узак мөөнөттүү байкоосунун натыйжалары жөнүндө алдын ала отчетун даярдады. COVID-19 оорусунун өсүшүнөн жана ресурстардын чектелгендигинен улам Фонд бир катар көйгөйлөргө туш болгонун белгилеп, өз ишинде айрым чектөөлөрдү колдонууга аргасыз болду. Эпидемиологиялык оор шарттарга карабастан, Фонд шайлоо алдындагы мезгилге толук байкоо жүргүзүүнү жана жогоруда аталган үч шаардагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоо күнү чектелген байкоо жүргүзүүнү чечти. 06.07.2021