Басылмалар

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо катышкан партиялардын талапкерлеринин тизмесин талдоо
аналитика
2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо катышкан партиялардын талапкерлеринин тизмесин талдоо
Бул изилдөө жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан партиялардын талапкерлеринин тизмесин талдоо максатында жүргүзүлдү. Бул анализде тогуз шаардык кеңештеги саясий партиялардан талапкерлердин тизмеси каралды, башкача айтканда, изилдөө ар тараптуу эмес жана чектелген талдоону камтыйт, бирок ушундай чектелген формада деле Кыргызстандагы партиялык курулуштун айрым көйгөйлөрүн байкоого болот, талапкерлердин бир партиядан экинчи партияга өтүп кетүү аракеттери да байкалды. 21.06.2021
Байкоочудан кыска-нуска маалымат
аналитика
Байкоочудан кыска-нуска маалымат
2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алкагында, "Жалпы иш" коомдук фонду, анын ичинде, талапкерлердин тизмесиндеги кырдаалды, алардын каттоодон мурун кандай болгонун жана мандаттардын бөлүштүрүлгөндөн кийинки тизмеси кандай өзгөрүлгөнүнө да талдоосун жүргүзөт. 31.05.2021
Бишкек жана Ош шаардык кеңештердин депутаттыгына саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин анализдөө
аналитика
Бишкек жана Ош шаардык кеңештердин депутаттыгына саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин анализдөө
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин каттоо 11-мартта аяктады. 12.04.2021
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ "ЖАЛПЫ ИШ" КООМДУК ФОНДУНУН АЛДЫН-АЛА ОТЧЕТУ. БАЙКОО МӨӨНӨТҮ — 2021-ЖЫЛДЫН 15-МАРТЫНАН 4-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН
аналитика
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ "ЖАЛПЫ ИШ" КООМДУК ФОНДУНУН АЛДЫН-АЛА ОТЧЕТУ. БАЙКОО МӨӨНӨТҮ — 2021-ЖЫЛДЫН 15-МАРТЫНАН 4-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ "ЖАЛПЫ ИШ" КООМДУК ФОНДУНУН АЛДЫН-АЛА ОТЧЕТУ. БАЙКОО МӨӨНӨТҮ — 202й-ЖЫЛДЫН 15-МАРТЫНАН 4-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН. 05.04.2021
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 3-17-мартында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарын тартуулайт
аналитика
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 3-17-мартында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарын тартуулайт
Калктын 73% 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө жакшы билишет. Алардын ичинен 80% шайлоого катышууну пландаштырууда. Мындай маалымат «Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө калктын пикири» аттуу отчетто камтылган. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет 2021-жылдын 3-17-марттагы мезгилди камтыйт. Бул коомдук пикирдин сурамжылоосу USAIDдин колдоосунда «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу «Кыргыз Республикасында шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун шайлоочуларды окутуу компонентинин алкагында жүргүзүлгөн. Респонденттердин 22% жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгы жогору болгондугун белгилешти. Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгынын себептерин териштирип, 61% шайлоо учурунда административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууну кадимки тажрыйба деп аташты. Респонденттердин 20% бул шайлоодо добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин белгилешти. Сурамжыланган респонденттер кайсы бир партияга добуш берүү чечимине таасир этиши мүмкүн болгон 3 негизги себепти, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көргүсү келген 3 негизги сапаттарды да айтып беришти. Сурамжылоо тууралуу толук маалымат биздин сайтта жайгаштырылган www.commoncause.kg 05.04.2021
Шайлоого процесстерине ишеним индекси
аналитика
Шайлоого процесстерине ишеним индекси
Социологиялык изилдөөнүн алкагында "Жалпы иш" коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жарандарынын мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого карата мамилеси жана айрым шайлоо процесстерине канчалык ишенери жөнүндө пикирлерин топтоду. Бул баалоо өткөн шайлоону жарандардын көзү менен кароого мүмкүнчүлүк берет 02.04.2021
Кыргызстандыктардын пикири боюнча шайлоодогу негизги мыйзам бузуулар - социалдык сурамжылоо
аналитика
Кыргызстандыктардын пикири боюнча шайлоодогу негизги мыйзам бузуулар - социалдык сурамжылоо
«Жалпы иш» Фонду Кыргызстандын жарандарынан добуш сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу жөнүндө кандай ойдо экендигин сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоо «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан 2021-жылдын 19-февралынан 28-февралына чейин жүргүзүлгөн. Сурамжылоонун натыйжалары жынысы, жашы, жашаган жери жана аймагы боюнча бөлүштүрүлгөн. Бул коомдук пикирдин сурамжылоосу USAIDдин колдоосунда «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу «Кыргыз Республикасында шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун, шайлоочуларды окутуу компонентинин алкагында жүргүзүлгөн. 25.03.2021
Журналисттик иликтөөлөр
аналитика
Журналисттик иликтөөлөр
"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик тандоодо жана ушул жылдын 10-январында уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көргөзгөн. Өнөктөштөр тарабынан даярдалган басылмалар өлкөдөгү шайлоо процессине байланыштуу маанилүү маселелерге арналган. Алардын ар биринде авторлор көйгөйлүү жана актуалдуу маселелерди, кээде ыңгайсыз нерселерди, ачыкка чыгарган. Мисалы, аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүү шылтоосу менен жашыруун паракорчулук көйгөйүн көтөрүп чыгышкан. Бул тууралуу "Новые лица" онлайн газетасы изилдеп чыкты. Дагы бир көрүнүктүү көйгөйлөрдүн бири болуп шайлоо фонддорунун калыптанышы болуп эсептелет. Бул жаатта фондду түзүү процессине эмес, фонддорго өз салымдарын кошкондор жөнүндө маалымат пайда болгондон тартып суроолор жаралды. Декларациялар боюнча анча бай эмес аткаминерлер жана жумушсуздар партиянын фондуна кокустан эле миллиондоп каражат которуп коюшкан болушат. Кимдер жана канча каражат которушкандыгы тууралуу "Экономист.kg" басылмасынын иликтөөсүнөн тааныша аласыздар. Мындан сырткары, "Биримдик" партиясы өткөн тандоодо кантип эң ири фонддордун бирин топтогонун жана мамлекет башчы Садыр Жапаровдун абактан чыккан учурдан тартып президенттик кызматка чейинки басып өткөн жолу тууралуу "Экономист.kg" сайты изилдеп чыккан. Кыргызстандагы президенттик ат салышууда эмне үчүн бийликтин талапкерлери артыкчылыкка ээ болоорун "Новые лица" онлайн газетасы дагы изилдеп көрүшкөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен шайлоолор ачык-айкын өткөрүлүп, шайлоочулар толук маалымат алып атканына ишенебиз. Жогорудагы материалдарды жана иликтөөлөрдү басып чыгаргадыгыңыз үчүн өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. 09.03.2021