Жынылыктар
Байкоочулар шайлоочулардын көп санынын киргизилбегендигин, талапкерлердин ортосунда атаандаштыктын жоктугун, үгүт жүргүзүүнүн бирдей шарттарынын жоктугун, калктын шайлоого аз катышканын, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо процедуралык жана олуттуу мыйзам бузууларды белгилешти
15.01.2021
Добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 500 байкоочу тартылды. Фонд статистикалык негизде байкоо жүргүзүүдө, шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы методологиясын колдонот. Бул шайлоо күнүндөгү шайлоо процесстери жөнүндө бүтүндөй өлкө боюнча корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Саат 20:00гө чейинки маалыматка карата 58 мобилдик топ 535 шайлоо участокторунда болушту. Шайлоо күнү 26,9% шайлоо участокторунда узун кезектер, 44,9% шайлоо участокторунда маал-маалы менен кезектер байкалган, бул COVID-19га байланыштуу социалдык дистанцияны сактоо эрежелерине байланыштуу болушу мүмкүн.
11.01.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду өлкө боюнча 500 шайлоо участогунда добуш берүү процессине байкоону улантууда. Мындан тышкары, 58 мобилдик топ 250 шайлоо участокторунун айланасындагы кырдаалга көз салышты. 250 шайлоо участоктордун 242 шайлоо участогунда байкоочулар кырдаалды тынч деп баалашты, ал эми бир шайлоо участогунда курч кырдаал түзүлдү, жети участоктогу кырдаал тууралуу жооп алууга кыйын болду.
10.01.2021
Байкоочулар шайлоо күнү тынч башталганын, участокту ачууда айрым мыйзам бузуулар орун алгандыгын билдиришти. “Жалпы иш” коомдук фондунун бардык байкоочулары байкоо жүргүзүү үчүн, ачылбаган шайлоо участокторун эсепке албаганда, бардыгына киргизилди.
10.01.2021
Байкоочулар өз иши тууралуу алдын-ала отчет чыгарды
05.01.2021
«Жалпы иш» коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү ичинде 2020-жылдын 21-декабрынан 28-декабрына чейин мыйзамдарды бузуунун 27 учурун каттады.
30.12.2020
МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫ
«Жалпы иш» коомдук фонду 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү тандалган 500 шайлоо участогунда, БШКда жана бардык территориялык шайлоо комиссияларында (ТШК) байкоо жүргүзүүнү ишке ашырат.
29.12.2020
МААЛЫМАТ БАРАКЧАСЫ
Фонд 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун бардык этаптарына, шайлоого чейинки, шайлоо күнкү жана шайлоодон кийинки процесстерге байкоо жүргүзөт. Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү төмөнкү максаттар үчүн аткарылат:
29.12.2020