“Жалпы иш” коомдук фондунун, “Таза шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин, “Эгль” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин билдирүүсү.

03.12.2021
“Жалпы иш” коомдук фондунун, “Таза шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин, “Эгль” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин билдирүүсү.

Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүчү Жалпы иш” коомдук фондунун, “Таза шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин, “Эгль” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин

Билдирүүсү

Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүчү “Жалпы иш” КФ, “Таза шайлоо Ассоциациясы” ЮЖБ, “Эгль” КФ жана “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ добуш берүү аяктагандан кийин түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдиришет.

2021-жылдын 28-ноябрында саат 20.00дөн кийин добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга байланышкан кырдаал, ошондой эле айрым шайлоо участокторунда кол менен саноо процесстеринин үзгүлтүксүздүгүнө жана сапатына карата дооматтар бир катар саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин ИИСтин электрондук эсептөө системасына нааразычылык жана ишенбөөчүлүктү билдирүүгө себеп болду. Автоматтык  эсептөөчү урналарды жана шайлоочулардын биометрикалык идентификациясын колдонуунун максатка ылайыктуулугунан шек саноо суроолору көтөрүлүүдө.

Буга байланыштуу “Жалпы иш” КФ, “Таза Шайлоо Ассоциация” ЮЖБ, “Эгль” КФ жана “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан колдоого алынган Жарандык көзөмөл комитети тарабынан конструктивдүү маекти куруу үчүн алгачкы кадамдарды кубатташат;

2. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын көрсөтүүнүн жүрүшүндө айырмачылыктан келип чыгуу себептерин объективдүү изилдөө, автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) метрологиялык аудитин жүргүзүү жана  айрым шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын так  саноо үчүн шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын катышуусу менен демилгелүү топту түзүүнү колдошот;

3. АЭУну жокко чыгаруу боюнча пикирлер жана билдирүүлөрдү туура эмес деп эсептешет, анткени АЭУну, биометрикалык идентификацияны жана шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын көрсөтүү системасын пайдалануу Кыргыз Республикасы тарабынан шайлоо процесстеринин айкындуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет. Бул мамлекеттин, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн көп жылдык зор аракетинин натыйжасында жетишилген. Бул технологиялар эл аралык өнөктөр жана байкоочулар тарабынан жогору бааланат.

Мындай технологияларды өз өлкөлөрүнүн шайлоо процесстерине киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы көптөгөн өлкөлөр тарабынан изилденип жатат.

4.Ээлеген позициясына карабастан шайлоо процесстеринин бардык катышуучуларын бул кырдаалдан чыгуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого, объективдүү жыйынтыкка негизделген чечүү жолдорун издөөгө чакырабыз.

Өз тарабынан коомдук мониторинг жүргүзүүчү уюмдар түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо, түзүлгөн кырдаалдарды жөнгө салуу менен коштолгон бардык процесстерге мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Азыркы убакта мониторинг жүргүзүлгөн бардык шайлоо участокторунда АЭУнун отчетторун жана кол менен эсептөө протоколдорун салыштырып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Айрым шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын так саноодо мониторинг жүргүзүүчү уюмдар аталган участокторуна өз байкоочуларын жиберишти.

Кыргыз Республикасынын жарандары объективдүү маалымат алууга жана саясий партиялар, талапкерлер жана шайлоо процесстеринин башка катышуучулары тарабынан көтөрүлгөн маселелерге жооп алууга укуктуу.

Бардык жаңылыктар