Биз жөнүндө

“Жалпы иш” коомдук фонду – Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандык билимдин деңгээлин жогорулатуу долбоорлорун ишке ашыруу, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүүрөөк катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

"Жалпы иш" коомдук фонду 2019-жылдын 27-мартында  Кыргыз Республикасынын жарандарынын, демократиялык кайра курууларга,  шайлоого мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик кызматтардын, жарандык билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында социалдык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө аралашкан адамдар, кесипкөйлөрдүн, адистердин демилгеси менен түзүлгөн.   
Уюмдун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү Байкоочу кеңеш жүргүзөт.  
Ал Кыргыз Республикасынын  өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган активдүү жарандарынан турат. Фонд ишин Кыргызстандын аймагында жүргүзөт.

Биздин багыт - коом, мында жарандар коомдун бирдей укуктагы мүчөлөрү катары бардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу иштерине катышып, демократиялык процесстерде алар да мааниге ээ экендигин сезе алат.