Жаңылыктар

Жымжырттык күнү: аң-сезимдүү тандоо жасоонун убакыты
Кыргызстанда бүгүн, 10-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоонун алдында жымжырттык күнү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлердин тизмесинин каттоосу аяктаган күндөн башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда бүтөт, б.а. 2021-жылдын 10-июлунда саат 8:00дөн баштап үгүт иштери токтойт. 10.07.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала жыйынтыктары тууралуу пресс-конференция өткөрөт.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!
"Жалпы иш" коомдук фонду көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала жыйынтыктары тууралуу пресс-конференция өткөрөт.
12-июлда саат 14:00дө "Жалпы иш" коомдук фонду Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында фонддун байкоочулары тарабынан өткөрүлгөн жергиликтүү кенештерге болгон кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала жыйынтыктары тууралуу пресс-конференция өткөрөт. 10.07.2021
10-июль. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү. Фоторепортаж.
“Жалпы иш” коомдук фондунун ыктыярчылары шайлоо участкалардан тышкары добуш берүү учурунда шайлоо мыйзамдарынын сакталышына байкоо жүргүзүп жатышат. Бардыгы 95 УШКны камтуу пландаштырылууда. Алардын 18инде добуш берүү аяктап, 102 шайлоочу жарандык милдетин аткара алышты. Байкоочулардын айтымында, олуттуу мыйзам бузуулар саат 12:00гө карата катталган эмес. Эртең, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо болот. Бул шаарларда жалпы 326 УШК ачылган. 10.07.2021
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо. Шайлоочулардын арасында аялдар эркектерге караганда көп
БШКнын маалыматы боюнча, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоодо акыркы тизмеге 617 миң 517 шайлоочу киргизилген, алардын 266 миң 479 эркектер жана 351 миң 038 аялдар. Жаш курактык көрсөткүчтөрү боюнча, шайлоочулардын көпчүлүгү 18-29 жана 30-39 жаштагы категорияларга таандык, 18-29 жаш куракта - 154,4 миң шайлоочу катталган, жана ошондой эле 30-39 жаш куракта 147 миң шайлоочу катталган. Ал эми 70 жаштан жогорку шайлоочулар аздык кылат, болгону - 38,8 миң шайлоочу. 10.07.2021
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн сунуш кылынган моделдерине болгон ой-пикир
Сунуш кылынган шайлоо тутумдарын талдоонун негизинде “Жалпы иш” КФ жалпысынан, сунушталган шайлоо тутумдарынын түрлөрүндө финансылык статусу жетишсиз болгон талапкерлер үчүн шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгү камсыз кылынбайт деп белгилейт. Мында, эки тутумда тең шайлоочуларды сатып алуу жана башка кыянаттык менен пайдалануу жогору бойдон калууда. Натыйжада, мунун бардыгы Жогорку Кеңештин “олигархиялык” курамын түзүүгө алып келиши мүмкүн. 18.06.2021
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.М. Мамытовго Кыргыз Республикасынын Премьер-министрини У.А. Мариповго
ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫНЫН КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.М. Мамытовго Кыргыз Республикасынын Премьер-министрини У.А. Мариповго
Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Баткен облусунун аймагында Тажик Республикасынын аскер күчтөрү тарабынан башталган аскердик аракеттерге байланыштуу, натыйжада жарандык калктын олуттуу бөлүгү болгон, аялдар, балдар, кары-картаңдар алыскы тоолуу аймактарда калып, аргасыз качкындарга айланып, согуш аракеттеринин натыйжасында 34 кыргызстандык каза болуп, анын ичинде 12 жаштагы кыз дагы бар экенин, 170тен ашуун адам жаракат алганын, кыргызстандыктардын үйлөрү, азык-түлүк дүкөндөрү жана башка жеке жана мамлекеттик объектилер өрттөлүп, жаңжал чыккан жерден 20 миңден ашуун жаран эвакуацияланып, 2021-жылдын 1-майына карата Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев жана дагы 9 жаран дагы эле Тажикстанда барымтада жаткандыгына байланыштуу шашылыш түрдө чара көрүүңүздү суранып , кайрылуу жасап отурабыз! 02.05.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин өзгөртүү көрүнүштөрү боюнча тынчсыздануусун билдирет.
БИЛДИРҮҮ
"Жалпы иш" коомдук фонду саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин өзгөртүү көрүнүштөрү боюнча тынчсыздануусун билдирет.
"Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күнүнөн кийинки кырдаалга тынчсыздануусун билдирет. Фонд өлкөнүн 9 шаарында өткөрүп жаткан көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн маалыматына таянсак, шайлоо босогосунан өткөн кээ бир саясий партиялар талапкерлердин тизмесин өзгөртүү (айрымдарын тизмеден чыгарып салуу) көрүнүштөрү байкалып баштады. 16.04.2021
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: катталган мыйзам бузуулар жана ага карата "Жалпы иш" коомдук фондунун жооп чаралары
Бишкек, 15-апрель 2021 ж. 15:00го карата каралып чыккан мыйзам бузуулардын маалымат базасы. "Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары шайлоо процесстеринин бардык этаптарына көз карандысыз байкоо жүргүзүү учурунда 281 мыйзам бузуу фактысын аныкташты. 15.04.2021