Жаңылыктар

«ЖАЛПЫ ИШ» КООМДУК ФОНДУ | МААЛЫМАТ БАРАКЧАCЫ
«Жалпы иш» коомдук фондунун Citizens Follow Election Disputes долбоору же жарандар шайлоо чырларына көз салып, карап турат. Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоо мезгилиндеги чатактарга толук мониторинг жүргүзүлүп, анализ жасоо максаты коюлган. 28.09.2020
"Жалпы иш" коомдук фондунун «Парламенттик шайлоо 2020 - КР ЖК шайлоолорго узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлгөн биринчи алдын-ала отчету» брифингде тартууланды.
Маанилүү
"Жалпы иш" коомдук фондунун «Парламенттик шайлоо 2020 - КР ЖК шайлоолорго узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлгөн биринчи алдын-ала отчету» брифингде тартууланды.
"Жалпы иш" коомдук фондунун көз карандысыз байкоочулары биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулардын жаңы шайлоо дареги боюнча (форма №2) добуш берүүгө арыздарынын көптүгүнө тынчсызданып жатышат. Бул тууралуу Фонддун "Парламенттик шайлоо 2020 - КР ЖК шайлоолорго узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн негизинде түзүлгөн биринчи алдын-ала отчетунда айтылган. Жалпысынан, "Жалпы иш" коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары шайлоо өнөктүгү тынч өткөнүн, бирок зордук-зомбулуктун башталышы, административдик ресурстардын колдонулушу, паракорчулук жана форма №2 боюнча массалык каттоолор менен коштолгон окуялар менен бузулгандыгын айтышат. 28.09.2020
Кыргызстандагы шайлоочулардын жарымынан көбү 4-октябрда админстаративдик ресурсту колдонуу жана сатып алуу ыктымалдыгы болорун айтышууда. "Жалпы иш" коомдук фонду жасаган сурамжылоонун маалыматтары ушундай чыккан.
Кыргызстандагы шайлоочулардын 66% Жогорку Кеңешке болуучу 4-октябрдагы шайлоодо добушту сатып алуу ыктымалдыгы болорун айтышууда. 53%ы административдик ресурсту колдонуу орун алаарын билдиришкен. Мындай бүтүм 2020-жылдын 7-15-сентябрында "Жалпы иш" коомдук фонду телефон аркылуу жасаган сурамжылоодон кийин чыгарылган. 18 жаштан өйдө 1202 респондент Кыргызстандагы уюлдук негизги операторлордогу мобилдик телефон номерлеринен сурамжылоого алынган. 25.09.2020
«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо кампаниясы учурда болуп жаткан коркутуу жана зордукчул аракеттерди чечкиндүү айыптайт
БИЛДИРҮҮ
«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо кампаниясы учурда болуп жаткан коркутуу жана зордукчул аракеттерди чечкиндүү айыптайт
«Жалпы иш» коомдук фонду аймактарда кездешип жаткан күч колдонгон (жаатташып кагылышуу, уруу, айтышуу, коркутуу ж.б. ) мүнөздөгү окуяларга тынчыздангандыгын билдирет. «Шайлоочуларга менен талапкерлерге жасалган зордукчулдук жана аларды коркутуу демократиялык шайлоолордун көз карашы менен алганда жол берилбей турган нерсе”, - деди парламенттик шайлоого байкоочулук кылып жаткан “Жалпы иш” коомдук фондунун жетекчиси Аида Суйундуева. 24.09.2020
«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо тематикасына байланыштуу алты роликти чыгарганын билдирди
«Жалпы иш» коомдук фонду Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эфирине шайлоо боюнча иштеп жаткан кампаниясынын алкагында аталган темада видеороликтердин сериясын чыгарат. Ал добуш берүүчүлөрдү аталган өнөктүк туурасында маалымдар кылуу максатында жасалууда. Роликтер 23-сентябрдан 2-октябрга чейин КТРКнын эфиринен кетет жана фонддун социалдык тармагында жайгаштырылып, өнөктөш тармактар аркылуу жайылтылат 23.09.2020
Рекорддук сандагы шайлоочулар “Жалпы иш” фондунун сурамжылоосу боюнча шайлоого катышууга ниеттенүүдө
БИШКЕК, 17-сентябрь, 2020-жыл. - Шайлоочулардын 75%ы алдыда, 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого барып катышууга ниети бар, бул эле мезгилде 60%ы пандемияга байланыштуу кырдаалга карабай бара тургандыгын айтышкан. Мындай жыйынтык 2020-жылдын 21-августунан – 4-сентябрына чейин телефон аркылуу өткөрүлгөн сурамжылоодон кийин чыккан. Курагы 18 жаштан өйдө 1202 респондент өлкөдөгү уюлдук операторлордун номерлеринен сурамжыланды. 17.09.2020
“Жалпы иш” коомдук фонду байкоочуларды окутуу үчүн тандалып алынган окутуучулардын эки тренингин өткөрөт
БИШКЕК. 11-сентябрь, 2020-ж. - Бишкекте 9-10-сентябрда, Ошто 11-12-сентябрда эки күндүк окутуу өтөт. Окутууда тренерлер байкоочуларды үйрөтүүдө кесипкөйлүк үчүн зарыл делген тажрыйба жана билим менен таанышат. Шайлоо болгон күндөгү процедуралар, шайлоо тилкелерин ачууга даярдыктан тарта жабууга чейинки учурлар, добуш берүү, добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу темалары окутулат. Мында байкоочулардын милдеттери жана укуктарына басым жасалат. Кесипкөй жана калыс мамилени чагылдырган, бардык байкоочулар кол кое турган Байкоочунун өзүн алып жүрүү кодексине да көңүл бурулат. 11.09.2020