Рекорддук сандагы шайлоочулар “Жалпы иш” фондунун сурамжылоосу боюнча шайлоого катышууга ниеттенүүдө

17.09.2020
Рекорддук сандагы шайлоочулар “Жалпы иш” фондунун сурамжылоосу боюнча шайлоого катышууга ниеттенүүдө

БИШКЕК, 17-сентябрь, 2020-жыл. - Шайлоочулардын 75%ы алдыда, 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого барып катышууга ниети бар, бул эле мезгилде 60%ы пандемияга байланыштуу кырдаалга карабай бара тургандыгын айтышкан.

Мындай жыйынтык 2020-жылдын 21-августунан – 4-сентябрына чейин телефон аркылуу өткөрүлгөн сурамжылоодон кийин чыккан. Курагы 18 жаштан өйдө 1202 респондент өлкөдөгү уюлдук операторлордун номерлеринен сурамжыланды.  

Бул сурамжылоо эл келе жаткан шайлоо жөнүндө эмне ойлойт, добуш бергенге барабы, канчалык деңгээлде маалымдар, кайсы саясий партияны колдоп, добушун берет, шайлоо учурундагы көйгөйлөр туурасында пикири кандай деген суроого жооп алуу максатында түзүлгөн.

«Телефондун жардамы менен жүргүзүлгөн сурамжылоо шайлоочулардын конкреттүү көйгөйлөрүн табууга жана алар үчүн агартуу иштерин жакшыртуу мүмкүнчүлүк түзөт.  Сурамжылоонун жыйынтыгында жарандардын 55%ы добуш берүүчүлөрдүн тизмеден текшерүү процесси туурасында билбей турганын көрсөттү.  Ал эми 51%ынын шайлоо күнүндөгү процедуралар боюнча маалыматы жок экендиги аныкталды. Бул тиешелүү кызыкдар болгон тараптардын добуш берүүчүлөргө түшүндүрүү иштеринин жүргүзбөгөндүгү.  Бир жагынан алып караганда, 65%дан ашыгы добуштардын сатылыш ыктымалдыгы жогору жана өтө жогору экендигин белгилешкен. Биз саясий партияларды мыйзамсыз иштерден оолак болууга, ал эми жарандарды ушундай аракеттер болсо дароо кабарлоого чакырабыз. Кыргызстанда демократиялык шайлоону камсыздоо үчүн биргелешип иштешибиз керек», - деди аталган фонддун жетекчиси Аида Суйундуева.

Толук отчет менен сайттан таанышууга болот.


“Жалпы иш” коомдук фонду – Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандык билимдин деңгээлин жогорулатуу долбоорлорун ишке ашыруу, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүүрөөк катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

“Жалпы иш” коомдук фондунун миссиясы - аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга түзүп берүүгө көмөктөшүү.

Бардык жаңылыктар