Кыргызстандагы шайлоочулардын жарымынан көбү 4-октябрда админстаративдик ресурсту колдонуу жана сатып алуу ыктымалдыгы болорун айтышууда. "Жалпы иш" коомдук фонду жасаган сурамжылоонун маалыматтары ушундай чыккан.

25.09.2020
Кыргызстандагы шайлоочулардын жарымынан көбү 4-октябрда админстаративдик ресурсту колдонуу жана сатып алуу ыктымалдыгы болорун айтышууда.  "Жалпы иш" коомдук фонду жасаган сурамжылоонун маалыматтары ушундай чыккан.

КРдеги шайлоочулардын 66%ы Жогорку Кеңешке болуучу  4-октябрдагы шайлоодо  добушту сатып алуу ыктымалдыгы болорун айтышууда.  53%ы административдик ресурсту колдонуу орун алаарын билдиришкен. Мындай бүтүм 2020-жылдын 7-15-сентябрында   "Жалпы иш" коомдук фонду телефон аркылуу жасаган сурамжылоодон кийин чыгарылган. 18 жаштан өйдө 1202 респондент Кыргызстандагы уюлдук негизги операторлордогу мобилдик телефон номерлеринен сурамжылоого алынган.

урамжылоо элдин шайлоо боюнча канчалык маалымдар экенин билүү, үгүт иштери учурунда административдик ресурсту колдонуу жана добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы; добуш берүүчүлөрдөн жаса деп суранган саясий партиялардын аракеттери, элдин шайлоо дарегин алмаштыруу боюнча арыз берүү мүмкүнчүлүгүн билер-билбеси жаатында болгон.

Телефондон жасалган сурамжылоонун жыйынтыгы биздин өлкөдөгү шайлоочулардын жарымынан көбү административдик ресурсту колдонуу жана сатып алуу ыктымалдыгын айтышкан. 37%ы бир катар партиялар алардын добушуна акча төлөп берүүнү сунушташкан.  17%ына башка облуска келүүнү айтышкан, аткарылган иштер үчүн партиялардын көбү финансы каражатын же белек убадалашкан. Бул туурасында ар бир аймактын жашоочулары айтып беришкен.

Ал эми Форма-2 же шайлоо адреси боюнча маселеге токтолсок, суралгандардын 39 %ы бул тууралуу билерин айтса, 14%ы дарек боюнча эрежелерди билбейбиз дешкен.

«Жогоруда айтылгандардын баары административдик ресурсту колдонуу жана добуштарды сатып алуу, шайлоо дарегин алмаштыруу сыяктуу мындай көрүнүштөр учурдагы шайлоо өнөктүгү учурунда өтө актуалдуу болуп жаткандыгынан жана аны таза эмес катышуучулар колдонуп жаткандыгынан кабар берет. Биз саясий партияларды мыйзамсыз иштерден оолак болууга, ал эми жарандарды ушундай аракеттер болсо дароо кабарлоого чакырабыз. Себеби, баарыбыз биргеликте каршы туруп, шайлоону чындап таза өткөрүүгө, ачык жана демократиялык шайлоону камсыздоого жетишибиз керек", - деди аталган фонддун жетекчиси Аида Сүйүндуева.

Толук отчет менен www.commoncause.kg сайтынан таанышууга болот.


«Жалпы иш» коомдук фонду – коммерциялык эмес фонд. Ал Кыргызстандагы парламенттик шайлоого мониторинг кылуу, жарандарды окуткан, атуулдарды башкаруу процесстерине активдүү катыштырууга көмөк көрсөткөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.

«Жалпы иш» коомдук фондунун миссиясы – жарандарга аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө көмөктөшүү.

Бардык жаңылыктар