«ЖАЛПЫ ИШ» КООМДУК ФОНДУ | МААЛЫМАТ БАРАКЧАCЫ

28.09.2020
«ЖАЛПЫ ИШ» КООМДУК ФОНДУ | МААЛЫМАТ БАРАКЧАCЫ

Биз кимбиз?

«Жалпы иш» коомдук фондунун Citizens Follow Election Disputes долбоору же жарандар шайлоо чырларына көз салып, карап турат. Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоо мезгилиндеги чатактарга толук мониторинг жүргүзүлүп, анализ жасоо максаты коюлган.

Андан сырткары жарандык активисттерди соттук процесстерди фонддун социалдык тармактагы баракчаларында “Жарандык байкоочунун күндөлүгү” деген аталыш менен чагылдырып турууга тартмакчы. Бул жарандардын маалыматка жетүүсүн камсыздоо максатын көздөйт.

Шайлоодогу талаштар — шайлоо жараянындагы эң маанилүү бөлүк. Шайлоо чатактарын жөнгө сала турган мыйзамдуулук жана анын практикалык имплементациясы шайлоого болгон ишенимдин деңгээлине жана бийлик шайлоо институттарына өтө зор таасирин тийгизет.

Шайлоо процессинин ар бир катышуучусу шайлоонун кайсы гана этабында болбосун ар бир чечимге даттанууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Андан сырткары арыздар тез арада, ыкчам каралышы зарыл. Чыккан чечимдер адилет, негиздүү жана бир нерсеге такап жасалган болушу керек.

БИЗ ЭМНЕ КЫЛАБЫЗ?

Долбоорду ишке ашыруу үчүн шайлоо чырлары боюнча соттук отурумдарга байкоо сала турган юристтердин тобун тартуу пландалууда. Алар иштелип чыккан атайын формаларды толтургандан соң мыйзамдын тартибинде кабыл алынган соттук актыдан улам анализ жасашат.

Аны менен бирге эле ар бир соттук жараянды блогер элге түшүнүктүү кылып фонддун социалдык тармактагы баракчаларына  “Жарандык байкоочунун күндөлүгү” деген аталышта видео репортаж кылып жайгаштырып турат.

Саясий партиялардын штабдарында жана кандидаттар арасында алар сотко кайрылганда, шайлоо боюнча арыздар каралганда кандай көйгөйлөргө тушуккандыгы боюнча сурамжылоо жүргүзүлөт.

Чогултулган кейстердин бардыгы – мыйзамдуулук боюнча анализ, шайлоо чырларын соттун караганы боюнча анализ жана мыйзамдар, процедуралар боюнча сунуштар жарыяланып, ЖМКлар аркылуу чагылдырылмакчы.

Бардык жаңылыктар