Жаңылыктар

«Жалпы иш» КФ 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчетту даярдады.
Пресс-релиз
«Жалпы иш» КФ 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчетту даярдады.
2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого «Жалпы иш» фонддун байкоосунун маалыматы боюнча, жалпысынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүү улуттук мыйзамдардын нормаларына жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Ошол эле учурда байкоо жүргүзүү процессинде чогултулган маалыматтарды комплекстүү талдоо мамлекеттик органдар тарабынан да, жарандар тарабынан да көңүл бурууну талап кылган бир катар көйгөйлөрдү көрсөтөт. 22.04.2022
2022-жылдын 27-февралында болуп өткөн Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала билдирүүсү
Билдирүү
2022-жылдын 27-февралында болуп өткөн Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала билдирүүсү
Кайра шайлоону эки округ боюнча бүтүндөй шайлоо процессин көз карандысыз байкоо жүргузүү үчүн Фонд тарабынан 68 шайлоо участкасына 68 кыска мөөнөттүү байкоочу, 7 узак мөөнөттүү байкоочу, 2 мобилдик топ, 4 колл-борбордун оператору тартылган. 28.02.2022
Байкоочу болууга чакырабыз!
“Жалпы иш” коомдук фонду №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого көзөмөлдөө үчүн ыктыярчыларды кабыл алууну жарыялайт. 09.02.2022
«Жалпы иш» коомдук фонду шашылыш краудфандинг жарыялайт
Бизге 26 жана 27-февралдагы добуш берүү күндөрү мониторингди күчөтүү үчүн каржылык колдоо керек. Биз 120 шайлоо участогунун бардыгын камтып, жарандардын көз карандысыз маалыматы болушу үчүн добуштарды параллелдүү санап чыгууну көздөп жатабыз. Ал үчүн эки жуманын ичинде 300 миң сомго жакын акча чогултушубуз керек. 08.02.2022
Өткөн шайлоолорго кыргызcтандыктар ишенеби? «Жалпы иш» коомдук фонду уникалдуу изилдөө жүргүздү
Бул социологиялык изилдөөнүн алкагында “Жалпы иш” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата кандай пикирде экени жана айрым шайлоо процесстерине канчалык ишенери тууралуу пикирин чогултту. Бул изилдөө өткөн өнөктүктү жарандардын көзү менен кароого мүмкүндүк берет. 28.01.2022
“Жалпы иш” КФ өлкөдөгү шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүүнү жана анын жыйынтыгын чыгаруу процессин аягына чыгарып жатат.
Пресс-релиз
“Жалпы иш” КФ өлкөдөгү шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүүнү жана анын жыйынтыгын чыгаруу процессин аягына чыгарып жатат.
Шайлоодон кийинки мезгилде 72 узак мөөнөттүү байкоочулар бардык округдук шайлоо комиссияларындагы даттанууларга жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу процессине байкоо жүргүзүштү. 17.12.2021
“Жалпы иш” коомдук фондунун, “Таза шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин, “Эгль” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин билдирүүсү
Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүчү “Жалпы иш” КФ, “Таза шайлоо Ассоциациясы” ЮЖБ, “Эгль” КФ жана “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ “Ата Мекен” саясий партиясынан талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке кол салууну айыпташат жана бул тууралуу тынчсыздануусун билдиришет. 03.12.2021
“Жалпы иш” коомдук фондунун, “Таза шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин, “Эгль” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин билдирүүсү.
Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүчү “Жалпы иш” КФ, “Таза шайлоо Ассоциациясы” ЮЖБ, “Эгль” КФ жана “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ добуш берүү аяктагандан кийин түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдиришет. 2021-жылдын 28-ноябрында саат 20.00дөн кийин добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга байланышкан кырдаал, ошондой эле айрым шайлоо участокторунда кол менен саноо процесстеринин үзгүлтүксүздүгүнө жана сапатына карата дооматтар бир катар саясий партиялар жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин ИИСтин электрондук эсептөө системасына нааразычылык жана ишенбөөчүлүктү билдирүүгө себеп болду. Автоматтык эсептөөчү урналарды жана шайлоочулардын биометрикалык идентификациясын колдонуунун максатка ылайыктуулугунан шек саноо суроолору көтөрүлүүдө. 03.12.2021