Жаңылыктар

28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан аныкталган шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө маалымат.
25-октябрынан 18-ноябрь саат 12.00гө чейин “Жалпы иш” КФнун коомдук байкоочуларынан шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө 127 билдирүү келип түшкөн. 19.11.2021
“Жалпы иш” коомдук фонду, ““Таза шайлоо” Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси, “Эгль” коомдук фонду жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси Кызматташтык жана өз ара аракет жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Пресс-релиз

Документ шайлоо процесстери жаатындагы коомдук маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди колдоо, шайлоо жыйындарын өткөрүү үчүн жакшы шарттарды түзүү, кесиптик мобилдүүлүккө көмөктөшүү жана кесипкөй кадрларды колдоо, тең укуктуулуктун, ак ниеттин, урматтоонун жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кабыл алынган. 17.11.2021
«Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү
2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда айрым саясий партиялардын жана талапкерлердин пайдасына саясий партияларга же айрым талапкерлерге каршы үгүт белгилерин камтыган сөздөрдү чыгып сүйлөгөн учурлар көбөйдү. 15.11.2021
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде «Жалпы иш» КФ шайлоо мыйзамдарын бузуу мүмкүндүгү жөнүндө келип түшкөн сигналдар жөнүндө маалымат.

2021-жылдын 25-октябрынан 12-ноябрына чейин «Жалпы иш» коомдук фондунун коомдук байкоочуларынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушу мүмкүндүгү жөнүндө бардыгы 79 сигнал келип түшкөн. 12.11.2021
«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын бирикмеси «Таза шайлоо ассоциациясы», «Эгль» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси
Билдирүү
«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын бирикмеси «Таза шайлоо ассоциациясы», «Эгль» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовду каттоо жөнүндө 10.11.2021
«Жалпы иш» КФ бир мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерине талдоо жүргүздү
Пресс-релиз
«Жалпы иш» КФ бир мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерине талдоо жүргүздү
2021-жылдын 13-октябрына карата, талапкерлерди көрсөтүү расмий аяктаганда, бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 381 талапкер (32 аял жана 349 эркек) көрсөтүлгөн, анын ичинен 373 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жана 8 талапкер -7 саясий партиядан көрсөтүлгөн. 10.11.2021
«Жалпы иш» КФ жаңы шайлоо системасына тобокелдик анализин даярдады
2021-жылы Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өтөт. Бир шайлоо округу боюнча 54 депутат ачык добуш берүүнүн пропорционалдык системасы боюнча (саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмеси боюнча) жана КР ЖКнын 36 депутаты мажоритардык система боюнча бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. «Жалпы иш» КФ жаңы шайлоо системасын киргизүүгө байланыштуу шайлоо процессинин ар кандай этаптарында келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге талдоо жүргүздү. 29.10.2021
Шайлоо-2021. «Жалпы иш» коомдук фондун узак мөөнөттүү байкоосу башталды
2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого “Жалпы иш” коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоосу 25-октябрдан тарта башталды. Бардыгы 72 узак мөөнөттүү байкоочулар тандалып алынган, алар окуудан кийин бардык 36 райондо иш жүргүзүшөт (ар бир командага эки адамдан). 26.10.2021