«Жалпы иш» КФ бир мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерине талдоо жүргүздү

10.11.2021
«Жалпы иш» КФ бир мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерине талдоо жүргүздү

2021-жылдын 13-октябрына карата, талапкерлерди көрсөтүү расмий аяктаганда, бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 381 талапкер (32 аял жана 349 эркек) көрсөтүлгөн, анын ичинен 373 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жана 8 талапкер -7 саясий партиядан көрсөтүлгөн.

Талапкерлердин эң көп саны Кадамжай шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн – 18.

Эң аз сан – 3төн талапкер, Ноокат жана Өзгөн шайлоо округдарынан көрсөтүлгөн.

Ар кандай себептерден улам 27-октябрга карата 234 талапкер калган.

Конституциялык мыйзамдын 59-беренесине ылайык, шайлоо күнү 25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Белгиленген нормага ылайык бардык талапкерлердин жогорку кесиптик билими бар. Кээ бир талапкерлердин эки же андан көп жогорку билими бар. Эки жогорку билими бар талапкерлердин көбү Чүй (16 талапкер) жана Жалал-Абад (9 талапкер) облустарында.

Талапкерлердин көбү юридикалык, экономикалык жана техникалык билимге ээ. Кызыктуусу, талапкерлердин экинчи билими көбүнчө юридикалык же экономикалык.

БШКнын маалыматы боюнча 79 талапкер жумушсуз катары көрсөтүлгөн. Бирок, Юстиция министрлигинин сайтына тайансак алардын айрымдары жеке компаниялардын негиздөөчүлөрү. Мисалы, Ош облусунан талапкер Эмил Жумабаевич Сайпидинов «Аль Халик» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, бирок өзүн жумушсуз деп көрсөткөн.

Бир мандаттуу талапкерлердин орточо жашы 36-41 жашты түзөт (81 талапкер), 14 талапкер 25-30 жашта, 24 талапкер 26-35 жашта, 32 талапкер 46-50 жашта, 31 талапкер 51 - 55 жашта, 31 талапкер – 56-60 жашта, 17 талапкер – 61-65 жашта жана 4 талапкер – 66 жашта.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу шайлоо округунда аял талапкерге кыйыныраак болот. Кээ бир шайлоо округдарында талапкер аялдар таптакыр жок.

Талдоо жөнүндө көбүрөөк маалыматты биздин веб-сайттан шилтеме боюнча тапса болот

Бардык жаңылыктар