28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан аныкталган шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө маалымат.

19.11.2021
28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан аныкталган шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө маалымат.

БИШКЕК, 2021-жылдын 19-ноябры. 2021-жылдын 25-октябрынан 18-ноябрь саат 12.00гө чейин “Жалпы иш” коомдук фондунун коомдук байкоочуларынан шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө 127 билдирүү келип түшкөн, анын ичинен шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин бузуу тууралуу 111 билдирүү, добуштарды сатып алуу тууралуу 8 билдирүү, административдик ресурсту пайдалануу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуулар жөнүндө 8 билдирүү.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузуулар: саясий партиялар боюнча - 64 билдирүү, бир мандаттуу шайлоо округдарынан депутаттыкка талапкерлер боюнча - 32 билдирүү, кызмат адамдары боюнча - 2 билдирүү жана белгисиз адамдар боюнча  - 13 билдирүү.

Добуштарды сатып алуу: саясий партиялар боюнча - 5 билдирүү, бир мандаттуу округдардан талапкерлер боюнча - 3 билдирүү.

Административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуулар: саясий партиялар боюнча - 4 билдирүү, бир мандаттуу округдардан талапкерлер боюнча  - 4 билдирүү.

Келип түшкөн билдирүүлөрдүн ичинен шаарлар жана облустар боюнча бөлүү төмөнкүдөй: Бишкек ш. - 22, Ош ш. - 12, Баткен облусу - 9, Жалал-Абад - 2, Нарын - 12, Ош облусу - 46, Талас - 5 жана Чүй облусу - 19 .

Бишкек шаарында 22 факт.

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 19 факт - шайлоо алдындагы үгүт, 1 факт - добуштарды сатып алуу, 2 факт - административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуу.

Ош шаарында 12 факт

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 12 факт - шайлоо алдындагы үгүт.

Баткен облусунда 9 факт

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 8 факт - шайлоо алдындагы үгүт жана 1 факт - административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуу.

Нарын облусунда 12 факт

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 11 факт - шайлоо алдындагы үгүт жана 1 факт - добуштарды сатып алуу.

Ош облусунда 46 факт

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 38 факт - шайлоо алдындагы үгүт, 5 факт - добуштарды сатып алуу, 3 факт - административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуу.

Талас облусунда 5 факт

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 4 факт - шайлоо алдындагы үгүт, 1 факт - административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуу.

Чүй облусунда 19 факт

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 17 факт - шайлоо алдындагы үгүт, 1 факт - добуштарды сатып алуу жана 1 факт - административдик ресурсту колдонуу, кысым көрсөтүү, зомбулук жана коркутуу.

Жалал-Абад облусунда 2 факт

Бузуулардын түрлөрү боюнча: 2 факт - шайлоо алдындагы үгүт.

Бардык аныкталган бузуулар “Жалпы иш” коомдук фондунун эксперттери тарабынан текшерилүүдө. Фактылар тастыкталган учурда арыздар жана даттануулар шайлоо талаш-тартыштарын чечүү үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга берилет.

Аныкталган бузууларды кароонун жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Бардык жаңылыктар