«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын бирикмеси «Таза шайлоо ассоциациясы», «Эгль» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси

10.11.2021
«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын бирикмеси «Таза шайлоо ассоциациясы», «Эгль» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси

Билдирүү

«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын бирикмеси «Таза шайлоо ассоциациясы», «Эгль» коомдук фонду жана «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовду каттоо жөнүндө

2021-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) чечими менен, КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө КР БШКнын 2021-жылдын 24-октябрындагы № 857 токтомуна өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык “Ынтымак” саясий партиясынын съездинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов КР ЖКнын депутаттыгына талапкер болуп катталды.

КР БШКнын 2021-жылдын 10-ноябрындагы аталган чечими Бишкек шаарынын административдик сотунун 2021-жылдын 28-октябрындагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынганын белгилейбиз.

Өз кезегинде бул жагдайга байланыштуу төмөндөгүлөрдү белгилей кетүү зарыл деп эсептейбиз. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык мыйзам) 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, талапкер, көрсөтүлгөн учурдан тартып, эгерде ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын же Кыргыз Республикасынын Президентин кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматкер болсо, кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык, «Ынтымак» саясий партиясынын курултайында талапкерлигин көрсөтүү учурундагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен КР БШКга талапкерлердин тизмеси жана талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди КР БШКга берген учурдагы КР ЖК Төрагасынын кызматы саясий болуп саналат. Демек, конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык, «Ынтымак» саясий партиясынын съездинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде Т.Мамытов кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө документтерди бериши керек болчу.

Өз кезегинде, КР ЖК Төрагасынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби «КР ЖК Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренеси менен жөнгө салынат, ага ылайык Т.Мамытов жазуу жүзүндөгү арызын бериши керек болчу. КР ЖК Төрагасынын отставкага кетүү жөнүндө арызы Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу тарабынан жарыяланышы жана эске алынышы керек болчу. Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусун токтотуну билдирбейт.

Ошого карабастан, мыйзамдын көрсөтүлгөн талаптары аткарылган эмес. Төрага Т.Мамытов өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткарууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарына тапшырган, бирок бул анын КР ЖК Төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотот дегенди билдирбейт.

Ошол эле учурда мамлекеттик саясий кызматкерлердин ыйгарым укуктарын токтотуу зарылчылыгы боюнча конституциялык мыйзамдагы көрсөтүлгөн нормалар 2021-жылдын жайында киргизилип, Төрага Т.Мамытов өзү кол койгонун өзгөчө белгилей кетүү керек.

КР БШКнын Т.Мамытовду КР ЖК депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө чечими КР конституциялык Мыйзамынын ченемдерине негизделген деп эсептейбиз. Бирок, кийинчерээк КР БШКнын бул чечими мыйзамсыз деп табылып, Бишкек шаарынын административдик сотунун 2021-жылдын 28-октябрындагы чечими менен жокко чыгарылган.

Бул ишке коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары көз салып, Бишкек шаарынын административдик сотунун отурумуна угуучу катары да катышты. КР БШК Жогорку сотко кассациялык даттанууну бергенден кийин, байкоочулар да бул ишке көзөмөлдү улантышты.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2021-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасы менен КР БШКнын кассациялык даттануусу кайтарылган. Кайтарууну негиздөөдө иретинде Жогорку Сот КР БШК өкүлүнүн ишеним каты талаптагыдай жол-жоболоштурулбаганын көрсөттү. Бирок, КР БШК берген маалыматка таянсак, 2021-жылдын башынан бери бул ишеним кат КР БШКнын өкүлү тарабынан бардык соттордо, анын ичинде Жогорку Сотто да, Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону, референдумду жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө да колдонулган. Бул ишке чейин ишеним кат Жогорку Сотто эч кандай дооматтарды жараткан эмес. Ошону менен бирге, КР БШК өкүлдөрүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, Т.Мамытовдун ишин кароодо берилген ишеним кат Бишкек шаарынын административдик соту тарабынан да тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн.

Мындай кырдаалда Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту чындыгында бул ишти кароо боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тартты деп эсептейбиз, бул өлкөнүн сот түзүмүнүн беделине жакшы жагынан таасир этпейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул ишти маңызы боюнча карап, бул маселе боюнча акыркы чекит коё турган чечим чыгарышы керек эле деп эсептейбиз. Бирок, тилекке карышы бул ишке ашкан жок.

Шайлоо процессин жана жарандардын шайланган бийлик органдарына ишенимин мыйзамдаштыруу үчүн шайлоо процессинин бардык катышуучулары жана биринчи кезекте талапкерлер, саясий партиялар өздөрүнүн бардык аракеттерин мыйзам чегинде ишке ашыруусу абдан маанилүү экенин белгилейбиз.

Бардык жаңылыктар