«Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү

15.11.2021
«Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү

2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда айрым саясий партиялардын жана талапкерлердин пайдасына саясий партияларга же айрым талапкерлерге каршы үгүт белгилерин камтыган сөздөрдү чыгып сүйлөгөн учурлар көбөйдү.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын ченемдерине ылайык, талапкерлерге, саясий партияларга каршы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынбайт. 

Бирок, «Жалпы иш» коомдук фонду бул жагдайга тынчсыздануусун билдирет, анткени шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге, саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, үгүт жүргүзүүгө ачык тыюу салынган.

Алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо бир катар тобокелдиктерди камтыган жаңы аралаш шайлоо системасы боюнча өтөөрүн эске алып, “Жалпы иш” коомдук фонду дагы бир жолу саясий партияларды, талапкерлерди, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, шайлоо мыйзамдарынын башка катышуучуларын өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда өлкөдө туруктуулукту жана мыйзамдуулукту сактоо максатында шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузбоого чакырат, анткени шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнүн жана шайланган парламентарийлерге элдин ишениминин кепилдиги болуп шайлоо процессинин бардык субъекттери тарабынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так жана милдеттүү түрдө сактоо саналат.

Бардык жаңылыктар