«Жалпы иш» коомдук фонду шашылыш краудфандинг жарыялайт

08.02.2022
«Жалпы иш» коомдук фонду шашылыш краудфандинг жарыялайт

Достор, биз сиздердин колдооңуздарга муктажбыз!

«Жалпы иш» коомдук фонду шашылыш краудфандинг жарыялайт.

Бизге 26 жана 27-февралдагы добуш берүү күндөрү мониторингди күчөтүү үчүн каржылык колдоо керек. Биз 120 шайлоо участогунун бардыгын камтып, жарандардын көз карандысыз маалыматы болушу үчүн добуштарды параллелдүү санап чыгууну көздөп жатабыз. Ал үчүн эки жуманын ичинде 300 миң сомго жакын акча чогултушубуз керек.

Сиздин жардамыңыз менен биз активисттерди окутуп, мыйзам бузууларды эсепке алуу үчүн шайлоо участкаларына жөнөтөбүз, шайлоо күнүндөгү шайлоо процесстерине көз карандысыз маалымат чогултабыз. Биз биргеликте таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө көмөктөшөбүз.

Буга чейин биз мындай жардамды сурадык, 2021-жылдын апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бизге жардам бергенсиз. Андан кийин алты шаарда кошумча байкоо жүргүзө алдык. Бул үчүн биз сиздерди эстейбиз жана ыраазыбыз.

Бүгүн биз шайлоо процесстерине жарандык көзөмөл жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн тең бөлүшкөн өлкөбүздүн бардык камкор жарандарына кайрылабыз.

Бизге ар кандай колдоо жана каалаган каражат чоң пайдасын тийгизет! Сиздин колдооңуздардан жана соцтармакта биздин маалымат менен бөлүшүүңүз биз үчүн чоң мааниге ээ!

Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча жарандар көз карандысыз маалыматка муктаж.

Жардам берүү үчүн биздин реквизиттер:

  1. Элсом электрондук капчыгы: Агенттин коду - 41604
  2. Банктагы эсеп:
  • Банктын аталышы: “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк” (KICB) ЖАК
  • Банктын БИКи: 128001
  • Алуучу: “Жалпы иш” КФ
  • Эсептин №: 1280016056070154
  • Төлөмдүн багыты: Шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү үчүн жардам.
Бардык жаңылыктар