Жаңылыктар

"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн негизинде бир катар сунуштарды даярдады.
"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө жана Борбордук шайлоо комиссиясына бир катар сунуштарды даярдады. Алар шайлоо мыйзамдарын мындан ары да күчтөндүрүүгө, жарандардын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашырууга, шайлоо фонддорун каржылоосу ачык-айкын болушуна, укук бузулушуна каршы натыйжалуу иш-чараларды жүргүзүүгө жана шайлоо комиссияларынын дараметин жогорулатууга багытталган. Аталган сунуштар фонддун жыйыктыктоочу отчетунда көргөзүлдү. Бул отчетто 2020-жылдын 25-октябрынан 2021-жылдын 24-январына чейинки мезгил каралган жана шайлоого байкоо жүргүзүү процесси гана камтылган. 03.03.2021
Бүгүн "Талапкерлердин акчасы: түшкөндөр жана чыгымдар" деп аталган темада пресс-чай өткөрүлдү
КРдин президентинин мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоосуна жасалган көз карандысыз байкоолордун жыйынтыгы боюнча даярдалган финалдык отчетко кирген анализдер, сунуштар талкууга тартууланды. Бул эмне үчүн маанилүү? Кыргызстан шайлоо учурунда саясий партиялар менен талапкерлерге түшкөн жана жумшалган акчаларга көзөмөл жүргүзүү боюнча биринчи жана маанилүү кадамын жасап баштаган. Жаңы системанын кандай иштей турганы, шайлоо фонддору канчалык ачык экендиги, кандай жакшыртуулар, өркүндөтүүлөр керек экендигин Фонддун эксперттери айтып беришти. Аны менен катар эле "2021-жылдын 10-январында өткөн КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу саясий жарнамаларга жумшалган чыгашаны Facebook платформасында мониторлоо боюнча сынамык долбоордун" биринчи отчету сунушталды. 26.02.2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча алдын ала билдирүү
Байкоочулар шайлоочулардын көп санынын киргизилбегендигин, талапкерлердин ортосунда атаандаштыктын жоктугун, үгүт жүргүзүүнүн бирдей шарттарынын жоктугун, калктын шайлоого аз катышканын, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо процедуралык жана олуттуу мыйзам бузууларды белгилешти 15.01.2021
Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнү тынч аяктады, бирок олуттуу процедуралык бузуулар жана башка олуттуу көйгөйлөр менен коштолду.
Добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 500 байкоочу тартылды. Фонд статистикалык негизде байкоо жүргүзүүдө, шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы методологиясын колдонот. Бул шайлоо күнүндөгү шайлоо процесстери жөнүндө бүтүндөй өлкө боюнча корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Саат 20:00гө чейинки маалыматка карата 58 мобилдик топ 535 шайлоо участокторунда болушту. Шайлоо күнү 26,9% шайлоо участокторунда узун кезектер, 44,9% шайлоо участокторунда маал-маалы менен кезектер байкалган, бул COVID-19га байланыштуу социалдык дистанцияны сактоо эрежелерине байланыштуу болушу мүмкүн. 11.01.2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Маалымат саат 13:00гө карата
"Жалпы иш" коомдук фонду өлкө боюнча 500 шайлоо участогунда добуш берүү процессине байкоону улантууда. Мындан тышкары, 58 мобилдик топ 250 шайлоо участокторунун айланасындагы кырдаалга көз салышты. 250 шайлоо участоктордун 242 шайлоо участогунда байкоочулар кырдаалды тынч деп баалашты, ал эми бир шайлоо участогунда курч кырдаал түзүлдү, жети участоктогу кырдаал тууралуу жооп алууга кыйын болду. 10.01.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоо участокторунун ачылышына байкоо жүргүзүү жөнүндө төмөнкүнү маалымдайт
Байкоочулар шайлоо күнү тынч башталганын, участокту ачууда айрым мыйзам бузуулар орун алгандыгын билдиришти. “Жалпы иш” коомдук фондунун бардык байкоочулары байкоо жүргүзүү үчүн, ачылбаган шайлоо участокторун эсепке албаганда, бардыгына киргизилди. 10.01.2021
Узак мөөнөттүү байкоо тууралуу алдын-ала отчету боюнча пресс-конференция
Байкоочулар өз иши тууралуу алдын-ала отчет чыгарды 05.01.2021
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун өткөрүүгө даярдануу учурунда мыйзамдарды бузуунун 27 учуру катталды
«Жалпы иш» коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү ичинде 2020-жылдын 21-декабрынан 28-декабрына чейин мыйзамдарды бузуунун 27 учурун каттады. 30.12.2020