Узак мөөнөттүү байкоо тууралуу алдын-ала отчету боюнча пресс-конференция

05.01.2021
Узак мөөнөттүү байкоо тууралуу алдын-ала отчету боюнча пресс-конференция

БИШКЕК, 5-январь - «Жалпы иш» коомдук фонду (мындан ары – Фонд) 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүгө узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө алдын-ала отчет даярдады.  Алдын ала отчет кезексиз шайлоону дайындаган 2020-жылдын 24-октябрынан баштап 28-декабрын камтыган күндѳгү мѳѳнѳткѳ тиешелүү жана КР Президенттиги кызматына талапкердерди кѳрсѳтүү жана каттоо жол-жоболорун, бардык деӊгээлдердеги шайлоо комиссияларын (БШК, ТШК, УШК) түзүү жана алардын иши, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мѳѳнѳтү тууралуу иштерди камтып турат.

2020-жылдын 17-декабрынан баштап Фонддун узак мѳѳнѳттүү байкоочуларынан  мыйзам бузуулар жөнүндө жалпысынан 53 маалымат түшкөн. Алардын ичинен административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы жѳнүндѳ 31 учур, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө 15 маалымат жана шайлоочуларга кысым кѳрсѳтүү жана коркутуу жѳнүндѳ 7 маалымат түштү. Мындан тышкары отчет мезгили ичинде (24.10 – 28.12) Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобуна Фонд тарабынан 14 кайрылуу жиберилген.    

Фонд катталган бардык бузууларга талдоо жүргүзүдү. Бузуулар майда болуп, шайлоо алдындагы мөөнөткө таасир эте албаса, Фонд алар боюнча тиешелүү органдарга кайрылбоо чечимин кабыл алды. Айрым бузуулар УШКларга жана ТШКларга кайрылгандан кийин, дароо жоюлду. 

Отчеттук мөөнөттү мүнөздөп келип, Фонд шайлоо алдындагы мөөнөт республика үчүн оор мезгилде өтүп жаткандыгын белгилейт. Экономикалык жана саясий катчылыктар, пандемия жана башка жагдайлар жүргүзүлүүчү жол-жоболоордун толук кандуу сапатына таасирин тийгизип жатат.

№2 форма боюнча добуш берүүнү жокко чыгаруу алдыдагы шайлоонун ѳзгѳчѳлүгү болуп саналат. Колдонуудагы ченемдер боюнча, 2021-жылдын 10-январында №2 форма менен чет мамлекеттерде гана жашап турган шайлоочулар добуш бере алышат. Альтернативдик вариантты киргизбей туруп, шайлоо дарегин ѳзгѳртүү механизмин жокко чыгаруу жѳнүндѳ чечимди кабыл алуу менен, парламентарий ѳзүлѳрү катталбаган жерде жашап жаткан жарандардын (300 миӊден ашык) шайлоо укуктарын ишке ашыруудан ажыратып койду деп эсептейт  коомдук фонд. Ушуга байланыштуу Фонд шайлоочу шайлоо дарегин ѳзгѳртүү зарылдыгы жѳнүндѳ тастыктоочу документтерин берген учурда, шайлоо дарегин ѳзгѳртүү мүмкүндүгүн кайтаруу керек деп эсептейт

Шайлоо комиссияларынын алдын ала отчетто чагылдырылган мөөнөт үчүн ишин баалоо менен, Фонд БШКнын иши ачык жана белгиленген процедуралардын алкагында жүзөгө ашырылып жаткандыгын белгилейт. Аны менен бирге, айрым территориялык шайлоо комиссияларынын ишинде, айкын эместик, жеткиликсиз камсыз болгону жана санитардык ченемдер боюнча бузуулар  сыяктуу белгилүү бир кемчиликтер бар экендигин белгилейт.

Шайлоо талаштарын караган органдардын ишине мониторингдин жүрүшүндө чечүүнү талап кылган бир нече көйгөйлөр, тактап айтканда, даттанууларды кароо мөөнөтү боюнча көйгөй бар экендигин Фонд белгилейт.   Ушуга байланыштуу түшкөн арыздарды (кайрылууларды, даттанууларды ж.б.) толугу менен жана өз учурунда кароого жоопкерчиликти белгилөө мүмкүнчлүгүн кароо жана түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү зарыл деп эсептейт.

Түшкѳн даттанууларга Фонд жүргүзгѳн талдоо алардын кѳпчүлүгү мезгилинен мурда үгүт иштерин жүргүзүүлѳр, үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуулар, шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу, шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууга тоскоолдуктарды жаратуу боюнча экендигин кѳрсѳттү. Айрым талапкерлердин тарапташтарынын административдик ресурсту кыянатттык менен пайдалангандыгы тууралуу далилдери менен маалыматтардын УМБлардан түшүп жаткан билдирүүлөрүнүн санынын көбөйүп жатышы Фондуну тынчсыздандырып жатат.

Шайлоолорду уюштурууну жана өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзам актыларына киргизилген бир нече өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго карабай, боштуктар, коллизиялар, айрым ченемдердин бир беткей эмес түшүндүрмөлөрү калгандыгын Фонд белгилеп өтөт.

Шайлоо алдындагы мезгилдин мониторингинин жыйынтыгы боюнча Фондунун эксперттери КР БШКсына, КР Жогорку Кеӊешке, КР Өкмѳтүнѳ, сотторго жана президенттин кызмат ордуна талапкерлерге сунуштоолорду даярдады.

Бул отчеттун максаты – шайлоо алдындагы мөөнөт тууралуу коомчулукка  объективдүү, өз маалындагы жана калыс маалыматты жеткирүү, жана отчет толугу менен  www.commoncause.kg  сайтында жеткиликтүү.

Шайлоолорго мониторинг «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу, «2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылат.

Бардык жаңылыктар