"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоо участокторунун ачылышына байкоо жүргүзүү жөнүндө төмөнкүнү маалымдайт

10.01.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоо участокторунун ачылышына байкоо жүргүзүү жөнүндө төмөнкүнү маалымдайт

Кыргызстан, 2021-жыл, 10-январь - 11:30

“Жалпы иш” коомдук фонду өлкө боюнча 500 байкоочусун тандалган шайлоо участокторунда ачылуу, добуш берүү, добуштарды саноо жана жабуу иштерин байкоо жүргүзүүгө жөнөттү. 

Фонд статистикалык негизде байкоо жүргүзүүдө, шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы методологиясын колдонот. Бул шайлоо күнүндөгү шайлоо процесстери жөнүндө бүтүндөй өлкө боюнча корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Добуш берүүчү жайлардын айланасындагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн дагы 58 мобилдик топ тартылды.

Бишкектеги 20 оператору бар чалып-билүү-борбору байкоочулардан маалыматты кабыл алып, тактап, ал эми 16 юрист мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматты талдоо жана арыздарды берүү боюнча иш алып барышат. Мындан тышкары, байкоо жүргүзүүгө 8 аймактык координатор, 58 узак мооноттогу байкоочулар жана башкы кеңседен кошумча 20 кызматкер жардам берүүдө.

Байкоочулар шайлоо күнү тынч башталганын, участокту ачууда айрым мыйзам бузуулар орун алгандыгын билдиришти. “Жалпы иш” коомдук фондунун бардык байкоочулары байкоо жүргүзүү үчүн, ачылбаган шайлоо участокторун эсепке албаганда, бардыгына киргизилди.

Көпчүлүк учурларда шайлоо участогун ачуу процедурасы мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн.

Көпчүлүк УШКлар шайлоо учун ачылганга чейин даярдык жыйындарын өткөрүштү: саат 07:00гө чейин - 11%, 07:30га чейин - 56%, 07:30дан кийин - 33%, жыйын шайлоо участокторунун 1% өткөрүлгөн жок.

Ачылыш процедураларында участоктук шайлоо комиссияларынын 83% COVID-19 сунуштарын толугу менен аткарды, 16% - процедураларды жарым-жартылай аткарышты.

88,8% шайлоо участокторунда чучукулак мыйзам чегинде жүргүзүлдү.

Шайлоо бюллетендери шайлоо участокторунун 97%да кайра саналды. 99% шайлоо участокторунда байкоочуларга бош урналар көрсөтүлдү.

Шайлоо участоктору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгеншайлоочуларга 80 пайызында жеткиликтүү болгон, ал эми 20 пайызында толугу менен жеткиликтүү болгон эмес. Шайлоо участокторунун көпчүлүгү саат 08:00дө – 78 пайыз, саат 08:00гө чейин - 20 пайыз, 08:30 дөн кийин 2 пайызы ачылды.

Участоктук шайлоо комиссиясыяларынын башында - 63% аялдар турган.

Байкоочулар УШКнын ачылыш процедурасында 12 одоно мыйзам бузуу болгонун билдиришти:

Саат 09:00гө карата маалымат.

07:00 сааттан кийин УШКнын ачылышы: 3 участокто.

  • УШК 4047 Нарын облусу Нарын району
  • УШК 7334 Жайыл району
  • УШК 4065 Нарын областы, Нарын шаары

Бюллетендерди кайра эсептөө болгон жок: 3 участокто.

  • УШК 3015 Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары,
  • УШК 1104 Бишкек шаары, Октябрь району
  • УШК 1114 Бишкек шаары, Октябрь району

УШКнын жыйыны болгон жок: 2 участокто.

  • УШК 8019 Баткен областы, Лейлек району
  • УШК 4016 Нарын облусу, Ат-Башы району

Байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу: 2 участокто (бир аздан кийин чечилген)

  • УШК 4116 Нарын облусу, Жумгал району,
  • УШК 6051 Талас областы, Бакай-Ата району

Ачылган жок: 1 участок.

  • УШК 4026 Нарын областы, Ат-Башы району

Уруксатсыз катышуу: 1 участокто.

  • УШК 8019 Баткен областы, Лейлек району

“Жалпы иш” коомдук фнду жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча кайрылууларды жана даттанууларды тиешелүү органдарга жөнөтөт.

Добуш берүү процессин чагылдырган кийинки пресс-релиз саат 16:00дө чыгат.Тандалган маалыматтар социалдык тармактагы баракчаларыбызда жайгаштырылып, YouTube каналы аркылуу онлайн берилет: https://bit.ly/3io9emG

Шайлоолорго мониторинг «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу, «2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылат.

Бардык жаңылыктар