Бүгүн "Талапкерлердин акчасы: түшкөндөр жана чыгымдар" деп аталган темада пресс-чай өткөрүлдү

26.02.2021
Бүгүн "Талапкерлердин акчасы: түшкөндөр жана чыгымдар" деп аталган темада пресс-чай өткөрүлдү

КРдин президентинин мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоосуна жасалган көз карандысыз байкоолордун жыйынтыгы боюнча даярдалган финалдык отчетко кирген анализдер, сунуштар талкууга тартууланды.

 Бул эмне үчүн маанилүү?

Кыргызстан шайлоо учурунда саясий партиялар менен талапкерлерге түшкөн жана жумшалган акчаларга көзөмөл жүргүзүү боюнча биринчи жана маанилүү кадамын жасап баштаган.

Жаңы системанын кандай иштей турганы, шайлоо фонддору канчалык ачык экендиги, кандай жакшыртуулар, өркүндөтүүлөр керек экендигин Фонддун эксперттери айтып беришти.

Аны менен катар эле "2021-жылдын 10-январында өткөн КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу саясий жарнамаларга жумшалган чыгашаны Facebook платформасында мониторлоо боюнча сынамык долбоордун" биринчи отчету сунушталды.

Бардык жаңылыктар