Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча алдын ала билдирүү

15.01.2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжасы боюнча алдын ала билдирүү

Бишкек, 2021-жыл, 11-январь, саат 16:00 - Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо мыйзамдын чегинде, шайлоочулардын аз катышуусу, ошондой эле олуттуу мыйзам бузуулар менен өттү деп “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз байкоонун алдын-ала натыйжалары көрсөттү.

Шайлоо күнү Фонд өлкө боюнча шайлоо участокторун ачуу, добуш берүү, добуштарды саноо жана жыйынтыктарды чыгаруу процедураларына байкоо жүргүзүү үчүн 500 кыска мөөнөттүү байкоочуларды, 58 узак мөөнөттүү байкоочуларды, 58 мобилдик топту, 20 башкы кеңсе кызматкерин, 8 аймактык координаторду жана 16 юристти ишке алды.

Көз карандысыз кыска мөөнөттүү байкоочулар өлкө боюнча 500 УШКга жайгаштырылды, УШКлар туш келди, катмарланган, аралыктагы тандоонун жардамы менен тандалып алынды.

Фонд статистикага негизделген шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүздү – бул шайлоого мониторинг жүргүзүүнүн өркүндөтүлгөн методологиясы. Тактап айтканда, методологиянын жардамы менен шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө корутундуларды бүтүндөй өлкөгө жайылтыла тургандай кылып чыгарууга мүмкүндүк берет.

“Жалпы иш” коомдук фондунун көз карандысыз байкоосуна ылайык, шайлоо күнү шайлоо участокторун ачуу процедуралары, добуш берүү процесси, участокторду жабуу жана жыйынтыктарды чыгаруу айрым процедуралык жана одоно бузуулар менен өттү. 

Белгилей кетчү нерсе, улуттук масштабда автоматтык саноо урнасын жана биометрикалык каттоону киргизүү шайлоонун жыйынтыгына жалпысынан таасир этүүчү олуттуу мыйзам бузууларды азайтууга мүмкүндүк берди. Ошого карабастан, процедураларды бузуу жана идентификациялоочу жабдуулардын, автоматтык саноо урналардын иштебей калышы “Жалпы иш” фондунун байкоолорунун көпчүлүгун түздү. Добуш берүү процессиндеги техникалык жакшыртууларды эске алып, шайлоо күнү анча көйгөйлүү болбой калгандыгын эске алганда, шайлоо участокторунун айланасында жана шайлоо алдындагы мезгилде болгон мыйзам бузууларга өзгөчө көңүл буруу керек.

Фонддун маалыматына ылайык, КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын  келиши 39,3%, катачылыкты эске алганда +/- 1,04% ды түздү. БШКнын расмий маалыматына таянсак, 10-январдын 20:00го карата шайлоочулардын 39,75%ы участокторго келип добуш берип кетишкен. 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын добуш бериши 16,57% га төмөндөгөн.

Көпчүлүк шайлоо участоктору убагында ачылды. Бирок, Фонддун байкоочусу барган участоктордун бири ачылган эмес. Көпчүлүк учурларда шайлоо участокторун ачуунун алдында даярдоо жыйыны өткөрүлдү: саат 07:00го чейин - 11%,  саат 07:30 го чейин -  56%, 07:30 га чейин -33%. Участоктогу жыйын өткөрүлгөн жок - 1%. Участоктук шайлоо комиссияларынын СОVID-19 эрежеси боюнча ачуу процедурасын - 83% толугу менен аткарды, 16%ы - жарым-жартылай сактаган.

Шайлоо участокторунун 88.8%да чучукулак мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн. Бюллетендерди кайра эсептөө шайлоо участокторунун 97%да өткөрүлгөн. Добуш берүү үчүн бош урналар шайлоо участокторунун 99%да  байкоочуларга көрсөтүлдү. Шайлоо участоктору негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү болду: 80%, ошол эле учурда 20%ы жеткиликтүү болгон жок. Көпчүлүк шайлоо участоктору ачылды: 08:00до - 78%, 08:00го чейин – участоктордун 20%ы. Участокторудн 2%ы 08:30дон кийин ачылган.

Добуш берүү күнүнүн жүрүшүндө 26,9% шайлоо участокторунун сыртында узак кезектер белгиленген, ошол эле учурда маал-маалы менен кезектер шайлоо участокторунун 44,9%да байкалган.

Ошондой эле добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо процессинде жана автоматтык саноо урналары (АСУ) менен байланышкан олуттуу техникалык көйгөйлөр пайда болду: шайлоо участокторунун 29,1%да байкалган жана шайлоо участокторунун 10%дагы көйгөйлөр идентификациялык жабдууларга байланыштуу болду. Шайлоо участокторунун 4%ында  АСУ бузулгандыгынан улам ,алар добуш берүү үчүн стационардык урналарга  алмаштырылды.

Добуш берүү учурунда участоктук шайлоо комиссияларынын басымдуу көпчүлүгү  (74,7%) COVID-19 процедураларына байланыштуу сунуштарды аткарышты. 23,2 пайызы жарым-жартылай гана аткарышса, 2 пайызы аларды такыр аткарган жок.  COVID-19 процедуралары шайлоочулар тарабынан негизинен аткарылган (69,7%), жарым-жартылай аткарылган – шайлоочулардын 29,1%, ал эми 1,2% шайлоочу – аткарган жок.

Мындан тышкары шайлоо күнү шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмелери менен байланышкан маселелер көп санда кездешкен. Шайлоо участокторунун 12.2%да  6 шайлоочудан 10 шайлоочуга чейин шайлоочунун ким экендигин тастыктаган тийиштүү документтери бар болсо да, шайлоочулардын тизмесинде өзүнүн аты-жөнүн таба алган эмес, ал эми шайлоо участокторунун 15.6% дан ашык участокто бул көрсөткүч 10 адамдан көп болгон. Көпчүлүк шайлоо участоктору өз маалында жабылды. Шайлоо участокторунун 2.2%ы 20:00 чейин жана 97.6% 20:00дө жабылды.

Шайлоо участокторунун жабылуу учурунда участоктордун 75%ында шайлоочулар байкалган эмес. Ал эми  шайлоо участокторунун 25%нда шайлоочулар  бар болгон, аларга добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Добуштарды эсептөөнүн жол-жобосу дээрлик бардык шайлоо участокторунда сакталды: шайлоочулардын тизмелерин колдонуу, колдонулбаган бюллетендер салыштырылып жана жараксыз деп таанылган, ал эми кол менен кайра эсептөө мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн. "Жалпы иш" фондунун байкоочулары добуштарды эсептөө жана участокторду жабуу процессинин жүрүшүндө  олуттуу эмес процедуралык бузуулар жөнүндө билдиришкен, мисалы, "Жалпы иш" фондунун байкоочулары жыйынтыктоочу протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн ала алышкан эмес. "Жалпы иш" фондунун байкоочуларынын 92% шайлоо күнү шайлоого кызыкдар тараптар арыз менен кайрылбагандагын, ал эми байкоочулардын 7%ы участоктордо 1-5ке чейин арыз берилгенин билдиришти.

Шайлоо участокторунун 1%нда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган. 99% шайлоо участокторунда кандайдыр бир кысым же коркутуу байкалган эмес. УШКлардын 69%ы жабуу жана саноо процедураларында сактык чараларын сакташты, 2% бул иш-чараларды такыр аткарган жок жана шайлоо участокторунун 29%нда алар жарым-жартылай аткарылды.

Добуштарды эсептөө учурунда шайлоо участокторунун 1%нда участокту жабуу жана саноо процедураларына байкоо жүргүзүүдө байкоочулардын укуктары бузулгандыгы билдирилди.

Мобилдик топтор 535 шайлоо участогунун сыртындагы кырдаалга байкоо жүргүзүшту да, 11 шайлоо участогунда абал курч, 507 шайлоо участогунда абал тынч деп баалашты. 17 учурда байкоочулар абал тууралуу баа берүүгө кыйналышты. Мындан тышкары, COVID-19га байланыштуу чараларды сактоого байланыштуу 61 участоктун жанында кезектер байкалып, 12 участокто шайлоочуларды ташып келүү фактысы байкалып, 3 учурда коомдук тартипти бузган адамдар байкалган.

Жалпысынан добуш берүү күнү, 11-январдын саат 08:00гө Фонддо топтолгон маалыматка ылайык, 62 мыйзам бузуу катталган, анын ичинен 6 мыйзам бузуу тууралуу кайрылуу БШКга караштуу Ыкчам чара коруу координациялык топко жөнөтүлүп, 11 факт АШКга жөнөтүлүп, анын ичинен эки иш боюнча УШКнын төрагаларына тартиптик жаза чаралары көрүлгөн. 44 кайрылуу УШКнын төрагаларына жиберилген. Катталган кайрылуулар региондор боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: көпчүлүк кайрылуулар Ош облусунан келип түшкөн – 18, Чүй облусу - 11, Баткен облусу - 9, Ысык-Көл -8, Нарын облусу – 8, Жалал-Абад облусу - 3 жана баарынан аз кайрылуулар Талас облусунан келип тушкон - 2.

Фонд узак мөөнөттүү байкоочулардын отчетторунан алынган маалыматтарга таянып, 9-январда өткөн шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүгө байкоо жүргүзбөсө да, Борбордук шайлоо комиссиясына 7 УШК боюнча добуш берүү учурунда байкалган мыйзам бузуулар жөнүндө арыз берген.

Шайлоо күнү АШКнын ишине байкоо жүргүзүү

Саат 20:00дө шайлоо участоктору жабылгандан кийин аймактык шайлоо комиссиялары маалыматтарды чогултууга жана анализдөөгө, ошондой эле келип түшкөн арыздарды кароого киришти. 54 АШКнын бардыгы байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришти, бардык АШКларда шайлоо күнү иш ачык-айкын жүргүзүлдү. АШКлардын жарымы гана COVID-19га байланыштуу сактык чараларын карманышты.

Шайлоо алдындагы мезгил

"Жалпы иш" коомдук фонду Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 25-октябрынан тартып шайлоо алдындагы мезгилге мониторинг жүргүздү, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо процедуралары, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын (БШК, АШК, УШК) түзүү жана иштөө тартиби, шайлоочулардын тизмесин жаңыртуу жана түзүү процедуралары камтылды, маалымат берүү жана шайлоо алдындагы үгүт иштери, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоо жана тиешелүү органдарга кайрылууларды (арыздарды жана даттанууларды) берүү иштерине байкоо жүргүздү.

БШКнын талаптарын аткарып, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого 18 талапкер катталды, анын ичинде бир аял катталган. Шайлоо кампаниясы 2020-жылдын 15-декабрында башталган, талапкерлер үгүт иштерин мыйзамдын талаптарына ылайык башташкан. Жалпысынан алганда, шайлоо өнөктүгү тынч өттү, бирок шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизүүчү мыйзам бузуулар менен коштолду.

Шайлоо жөнүндө

16-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (КР ЖК) Президент Сооронбай Жээнбековдун өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арызын кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону белгиленген мөөнөттө дайындабагандыктан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 2020-жылдын 24-октябрында БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун күнүн 2021-жылдын 10-январына белгилөө чечимин кабыл алды. Жыйында кворум болуп, чечим ачык-айкын кабыл алынды.

Буга чейин палатанын судьясы болуп иштеген Клара Сооронкулова парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча мыйзам долбоорунун Конституцияга шайкештигин текшерүү доосун Конституциялык палатага жөнөткөн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңеш тарабынан 22-октябрда кабыл алынган парламенттик шайлоону жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт деп тааныды.

Бирок, Конституциялык палатанын чечими менен сот тутумуна карата сындар күчөдү. Юристтер жамааты, жарандык коомдун айрым өкүлдөрү чечим кабыл алынгандан кийин "Конституциялык палата бийликтин мыйзамсыз иштерин мыйзамдаштырган органга айланды" деп жатышат.

2020-жылдын 10-декабрында Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо үчүн референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" мыйзамды кабыл алган, анда референдум Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо менен бир мезгилде өткөрүлүшү керектиги көрсөтүлгөн. Бул мыйзамда башкаруу формасын тандап алуу сунушталат, бирок референдумдан кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүү каралган эмес.

Биздин байкоолорубуз боюнча, референдумдун суроолору коомдун уюлдашуусуна алып келди. Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары колдоп жаткан имиш деп болжолдонгон калктын бир бөлүгү президенттик башкаруу формасын колдойт. Президенттик башкарууга каршы чыккан калктын бөлүгү, болжолдуу түрдө мындай башкаруу формасы жагымсыз кесепеттерге алып келет деп эсептейт. Калктын дагы бир бөлүгү башкаруунун аралаш системасын жактап, президенттик же парламенттик башкаруу формасына ыкташат.

БШК дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн 35 эл аралык уюмдун өкүлү болгон 333 эл аралык байкоочуну каттады. Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 13 коммерциялык эмес уюм аккредитацияланган.

Мыйзамдык база

Шайлоону жана референдумду өткөрүү үчүн негизги мыйзамдык база болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КРнын ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамдар эсептелет, алар шайлоо өткөрүү тартибин жана жыйындар жана башка ченемдик укуктук актылар, анын ичинде БШКнын токтому, алардын компетенциясынын чегинде конституциялык мыйзамдын айрым жоболорун жөнгө салат. Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде" жана башка мыйзамдарда шайлоо мезгилиндеги мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик белгиленген.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарында республикалык жана жергиликтүү деңгээлде шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу айрым маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын бекем базасы бар.

Кыргызстан өлкөдөгү демократиялык шайлоонун принциптерин карманат жана негизги эл аралык шайлоо келишимдерине катышкан өлкөлөрдүн бири. Шайлоо мыйзамдары 2017, 2019 жана 2020-жылдары негизинен 2018-2020-жылдардагы шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясына ылайык өзгөртүлүп жана толукталды. Түзөтүүлөр мыйзамдык базаны бекемдеди, бирок бир катар чектөөлөр, ошондой эле кемчиликтер жана түшүнүксүздүктөр сакталып калууда, айрыкча алар жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук байкоочулардын укуктары, үгүт өнөктүгүнүн эрежелери жана каржылоо жаатында.

Коомдук-саясий кырдаал

“Жалпы иш” коомдук фонду Кыргыз Республикасында мөөнөттөн мурда президенттик шайлоо жалпысынан тынч коомдук-саясий кырдаалда өттү деп эсептейт, бирок саясий топтордун айрым өкүлдөрүнүн жер-жерлердеги активдүүлүгүнө байланыштуу коомдук тартипти бузуу фактылары болгон. Фонддун байкоочулары Баткен облусундагы чыңалуу чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу экендигин, Ош жана Чүй облустарында калк эпидемиологиялык кырдаалга, Жалал-Абад облусунда жана Бишкек шаарында митингдерге байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.

Шайлоо процесси азык-түлүктүн кымбатташы жана калктын кирешесинин төмөндөшү менен мүнөздөлгөн экономикалык оор кырдаалдын шартында өттү, бул жарандардын да тынчсыздануусун жаратууда.

Экономикалык жана саясий кризистер, глобалдык пандемия, кыш мезгили жана башка жагдайлар даярдык процедураларынын сапатына, ошондой эле талапкерлердин активдүүлүгүнө таасирин тийгизди.

2020-жылдын 24-декабрында өткөн пресс-конференцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, Кыргызстандагы президенттик шайлоодон кийин шайлоо өнөктүгүн жүргүзбөй жаткан, бирок шайлоодон кийин айрым президенттикке талапкерлер кырдаалды туруксуздаштырууга даярданып жатышы мүмкүн. Анын айтымында, атайын кызматтар өлкөдөгү башаламандык аракеттерди басууга ниеттенүүдө. Ушул сөздөрдөн кийин, куралдуу күчтөрдүн нааразычылык акцияларын басуунун кадимки сценарийи боюнча жакында машыгууларды өткөргөндүгү кооптондурат.

БШКнын, АШКнын, УШКнын ишмердүүлүгү

Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү жана даярдыгы “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан канааттандырарлык деп бааланат, айрыкча үгүт өнөктүгүнүн тардыгын жана эпидемиологиялык оор кырдаалды эске алганда. Иш-чаралар ачык-айкын жана белгиленген жол-жоболордун чегинде жүргүзүлдү, чечим кабыл алууда коллегиалдуулук принциби сакталды.

Ошол эле учурда Фонд айрым аймактык шайлоо комиссияларынын ишинде кемчиликтер бар экендигин, анын ичинде ачык-айкындуулуктун жоктугу, материалдык-техникалык база менен кадрлардын жетишсиздиги жана санитардык ченемдердин бузулушун  белгиледи. АШКнын саны 54, УШК - 2474, анын ичинде 48 УШК чет өлкөлөрдө. АШКлардын 93%нда саясий партиялардын өкүлдөрүнүн квотасы сакталган. АШКлардын дээрлик 80%нда -ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга имаратка кирүүгө жарым-жартылай же толугу менен шарт түзүлгөн, АШКнын 20%ы шарт түзгөн жок. УШКлардын 92%нда саясий партиялардын квотасы сакталган. Уюштуруу техниканын көйгөйлөрү байкоо жүргүзүлгөн УШКлардын 30%нда байкалган.

Шайлоочулардын тизмеси

КР БШКнын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасында жалпы шайлоочулардын саны 3 563 574 адамды түзөт. 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын саны 40 020 адамга көбөйгөн. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдумуна шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 2-январында түзүлүп, республиканын бардык шайлоо участокторунда, ошондой эле шайлоочулардын "Тизме" электрондук порталында (tizme.gov.kg) жайгаштырылды.

Ошол эле учурда, ар кандай маалыматтар боюнча, биометрикалык каттоодон өтпөй калган 450 миңге жакын жаран шайлоо күнү добуш бере алышкан жок. Мындан тышкары, дагы 300 миңге жакын шайлоочу шайлоо дарегин алмаштыруу же №2 формасы боюнча добуш берүү жокко чыгарылгандан кийин добуш берүү укугунан ажыратылды.

Агитация мезгили

"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү атаандашсыз өткөнүн белгилешет. Бардык талапкерлер үчүн теңдик принциби толугу менен камсыздалган жок. Айрым талапкерлер Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарындагы үгүтчүлөргө кысым көрсөтүлгөнүн белгилешти. Эң активдүү талапкерлер Садыр Жапаров, Бабыржан Толбаев, Адахан Мадумаров жана Курсан Асанов болушкан. Эң көп штаб, жарнак такталары, үгүтчүлөр жана ири шайлоо фонду талапкер Садыр Жапаровго таандык.

Референдумдун маселелери президенттикке талапкерлердин, айрыкча Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясынын маанилүү бөлүгү болгон.

2020-жылдын 28-декабрында коомдук телеканалда теледебат башталып, 2021-жылдын 8-январына чейин уланган. Теледебаттарга С.Жапаровдон башка талапкерлердин дээрлик бардыгы катышты.

Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында Фонд жалпыга маалымдоо каражаттарына мониторинг жүргүзгөн эмес. Бирок, коом айрым мамлекеттик телеканалдардын, тактап айтканда КТРКнын иш-аракеттерине бир топ сын көз менен карады.

Ошентип, эфирде, ошондой эле теледебаттардын жүрүшүндө президенттик башкаруу формасы боюнча үгүт белгилери байкалган, бул дебаттардын алып баруучуларында дагы байкалды. Дебаттардын бир сериясы КТРКдин түз эфиринде жана каналдын Фейсбук социалдык тармагындагы расмий баракчасында жана YouTube видеохостингинде көрсөтүлдү. Талапкерлердин дебаттары аяктаган соң, КТРКнын кызматкерлери көрсөтүлгөн интернет ресурстарындагы жазууларды өчүрүп салышты.

Жалпысынан БШКга КТРКнын үстүнөн 7 арыз түшкөн.

Акыркы окуяларды эске алсак, ЖМКларга кандайдыр бир кысым болуп жатат, мисалы, “Азаттык” маалымат агенттигинин эфирин жабуу керек деген чакырыктар болгон.

Шайлоо алдындагы мезгилде "Жалпы иш" коомдук фондунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 16 талапкер же алардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү.

Талапкерлердин көпчүлүгү Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонууга байланыштуу көйгөйлөрдү белгилешти. Тактап айтканда, арыз ээлеринин тынчсыздануусун Ысык-Көл облусунда (Каракол шаарында жана Тоң районунда) С.Жапаровдон башка талапкерлерге облустук штабды ачууга уруксат бербей койгондугу туудурган. Мындай практика өлкө эгемендүүлүк алгандан кийинки шайлоонун мезгилинде биринчи жолу байкалган, ошондуктан талапкер А.Касеновдон башка көптөгөн талапкерлер аймактагы шайлоочулар менен жолугуша алышкан жок. Талапкер А.Мадумаров КТРКнын эфириндеги кайрылуусунда өзүнүн штабынын өкүлдөрүнө жана Ысык-Көл облусундагы агитаторлорго карата олуттуу коркутуулар болуп жаткандыгы жөнүндө билдирди. Талапкерлердин көпчүлүгү С.Жапаровдун штабында иштебеген агитаторлорду коркутуп-үркүтүү болуп жаткандыгын айтышты.

Фонддун кызматкерлери Референдум боюнча "Президенттик республикага каршы", "Бардык варианттарга каршы", "Парламенттик республика үчүн" үгүт иштерин жүргүзүү боюнча үгүт топторунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү.

Мыйзам бузуулар

2020-жылдын 15-декабрынан 2021-жылдын 8-январына чейин шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө "Жалпы иш" коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары 85 мыйзам бузуу жөнүндө маалымат жөнөтүшкөн. Анын ичинен административдик ресурстарды колдонуу боюнча 53, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча 17, кысым көрсөтүү, коркутуу жана зомбулук боюнча 15 иш. 22 мыйзам бузуу БШК тарабынан түзүлгөн Ыкчам чара көрүү координациялык топко өткөрүлүп берилди.

Фонд тарабынан катталган бардык мыйзам бузууларга талдоо жүргүзүлдү. Эгерде мыйзам бузуулар майда болуп, шайлоо алдындагы мезгилге таасирин тийгизе албаса, Фонд алар боюнча тиешелүү органдарга кайрылбоо чечимин кабыл алган. Айрым мыйзам бузуулар УШК жана АШКларга кайрылгандан кийин дароо четтетилди.

Фонд тарабынан келип түшкөн билдирүүлөргө талдоо көрсөткөндөй, алар негизинен административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу. Талапкер Садыр Жапаровдун жактоочулары тарабынан административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы жөнүндө узак мөөнөттүү байкоочулардын отчетторунун көптүгүнө байланыштуу Фонд терең тынчсызданды.

Шайлоо алдындагы мезгил ичинде БШКга 79 арыз келип түшкөн, анын 22си "Жалпы иш" коомдук фонддон келип түшкөн.

Арыздарды кароо

Шайлоо талаштарын караган органдардын ишине мониторинг жүргүзүү учурунда Фонд чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөрдү белгиледи. Атап айтканда, бул төмөнкү деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын (АШК жана УШК) келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кабыл алуу мөөнөттөрүн сактабагандыгына байланыштуу. Ушундай эле көрүнүш укук коргоо органдарынын ишинде дагы катталган. Ошол эле учурда, мыйзам бузууларды кароо боюнча жооп катары келип түшкөн маалыматтарда негиздемелер жок болгон.

Ушул көйгөйгө байланыштуу Фонд келип түшкөн арыздардын (кайрылуулардын, даттануулардын ж.б.) толук жана өз убагында каралышы үчүн жоопкерчиликти белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, кабыл алынган чечимдер үчүн негиздемелерди берүү, келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү механизмдерин киргизүү керек экендигин билдирет.

Талапкерлердин штабдары менен жолугушуу учурунда штаб өкүлдөрү БШКнын жана укук коргоо органдарынын шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча келген айрым арыздарды кароодо бир тараптуу болгонун билдиришти. Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө, БШК жана АШКнын денгээлинде жана алардын чечимдери менен, БШК менен АШКга караштуу Ыкчам чара көрүү координациялык топтору түзүлөт. Алардын курамына БШКнын мүчөлөрү, АШКлар, БШК аппаратынын кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү (прокуратура, ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) кирет. Башкача айтканда, КГОР шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүүгө жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымат берүүгө чакырылган.

Шайлоо өнөктүгүнүн бардык мезгилинде Кыргыз Республикасынын БШКсына 79 арыз келип түшкөн, алардын 39у КГОРго өткөрүлүп берилген.

Шайлоого тийиштүү финалдык отчетко Фонд аныкталган мыйзам бузууларга деталдуу анализ жүргүзүп, берилген даттануулардын деталдуу мүнөздөмөсүн берет.

Шайлоо алдындагы мезгилди жыйынтыктап жатып, төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:

  • Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары ченемдик укуктук актылардын бекем базасына ээ. Бирок анда бир нече негизсиз чектөөлөр, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук байкоочулардын укуктары, шайлоо кампанияларынын эрежелери жана каржылоо жаатындагы боштуктар жана бүдөмүктөр камтылган;
  •  №2 формага ылайык добуш берүүнүн жокко чыгарылышы калк арасында кооптонууну жаратат, анткени айрым шайлоочулар өзгөртүлгөн дарек боюнча добуш берүү укугунан ажыратылган;
  •  Шайлоо алдындагы үгүт иштери негизинен бир талапкердин үстөмдүгү менен өттү;
  •  Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БШКсы теледебаттар учурунда талапкерлерди сындоону чектөө чечимин кабыл алды, бул өз кезегинде теле дебаттардын кийинки турунун мазмунуна таасирин тийгизди;
  • Мамлекеттик каналдар тарабынан мыйзам бузуулар белгиленген, алар бир тараптуу маалыматтарды жайылтууга мүмкүндүк беришти, бул шайлоочулардын өз эрки менен аң-сезимдүү чечимин калыптандырууга көмөктөшкөн жок;
  • Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүү чакырыктары болду;
  • Социалдык тармактарда, айрыкча Фейсбукта шайлоо алдындагы үгүт кыйла ачык жана атаандаштык менен өттү;
  • Шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө даттанууларды кароо ирээтсиз болгон;
  • Талапкер Садыр Жапаровдун үгүт иш-чараларында административдик ресурсту колдонуу учурлары болгон.

"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоодон кийинки мезгилдеги участоктук шайлоо комиссияларынын жана аймактык шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүүнү жана шайлоо күнүнөн кийин болуп жаткан процесстерге байкоо жүргүзүүнү улантат, зарыл болсо мезгил-мезгили менен билдирүүлөрдү, релиздерди жана отчетторду жарыялап турат.

"Жалпы иш" коомдук фонду Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн жок.

Сунуштар

1. Айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине:

  1. Конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинде, шайлоо дарегин өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө шайлоочу тарабынан тастыктоочу документтерди берген шартта, шайлоо дарегин өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып берүү, бир региондун ичинде шайлоо дарегин өзгөртүү укугун чектөө, арыздарды кароо убактысын көбөйтүү.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайлоого катышуу үчүн документтерди тапшырууда шайлоо тоскоолдуктарынын санын кайра карап чыгуу. Шайлоо күрөөсүн алып салып, 30 миңден кем эмес шайлоочулардын кол тамгасын чогултууну калтырууну сунуштайбыз;
  3. Коомдук байкоочуларга шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине), анын ичинде добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерге даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

  1. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабга жарандык сектордун өкүлдөрүн киргизүү менен жарандык сектор менен иштөөнү күчөтүү;
  2. Келип түшкөн арыздарды жана арыздарды кароо боюнча укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү;
  3. Коомдук коопсуздукту, анын ичинде алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу боюнча ички иштер органдарынын ишин күчөтүү.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына:

  1. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо процессинин бардык катышуучуларына өз убагында жеткирүүнү камсыз кылуу;
  2. Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын веб-сайтына өз убагында жарыялоо;
  3. Шайлоо мыйзамдарын бузуунун айрым түрлөрү үчүн жоопко тартуунун бирдиктүү практикасын иштеп чыгуу.

Ыраазычылыгыбызды билдиребиз

“Жалпы иш” коомдук фонду бардык шайлоо органдарына кызматташтыгы үчүн, ошондой эле өзүнүн байкоочуларына жана шайлоо алдындагы мезгилде жана шайлоо күнү бүткүл өлкө боюнча байкоо жүргүзүп, жардам берген кызматкерлерине ыраазычылык билдирет.

“Жалпы иш” коомдук фонду шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүүнү улантат.

Бардык жаңылыктар