“Жалпы иш” коомдук фонду байкоочуларды окутуу үчүн тандалып алынган окутуучулардын эки тренингин өткөрөт

11.09.2020
“Жалпы иш” коомдук фонду байкоочуларды окутуу үчүн тандалып алынган  окутуучулардын эки тренингин өткөрөт

БИШКЕК. 11-сентябрь, 2020-ж. - Бишкекте  9-10-сентябрда, Ошто 11-12-сентябрда эки күндүк окутуу өтөт. Окутууда тренерлер байкоочуларды үйрөтүүдө кесипкөйлүк үчүн зарыл делген тажрыйба жана билим менен таанышат.  Шайлоо болгон күндөгү процедуралар, шайлоо тилкелерин ачууга даярдыктан тарта жабууга чейинки учурлар,  добуш берүү, добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу темалары окутулат. Мында байкоочулардын милдеттери жана укуктарына басым жасалат. Кесипкөй жана калыс мамилени чагылдырган,  бардык байкоочулар кол кое турган Байкоочунун өзүн алып жүрүү кодексине да көңүл бурулат.

“Жалпы иш” коомдук фондуна шайлоо күнү  аларды байкоочу катары тартуу өтүнүчү менен  800дөн ашуун жаран кайрылды. Аларды тандап алуу бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Уюм шайлоо процессинин бардык этаптарына байкоо салып турат. Бул  -  шайлоо алдындагы, шайлоо болгон күндөрү жана шайлоодон кийинки процедуралар менен процесстер.

Шайлоого байкоочулук кылуудагы  максат  – жарандардын жана кызыкдар болгон тараптардын  шайлоодо кесипкөйлүк, калыстык жана өз учурунда тиешелүү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдардын негизинде баа берүү. Буга эреже бузуулар туурасында маалымдоо да кирет.

“Жалпы иш” коомдук фонду 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого байкоочулукту уюштуруу үчүн узак мөөнөттөгү 116 байкоочуну жөнөттү. Дагы 300дү жиберет. Алар 3,4-октябрда кыска мөөнөттө байкоочулук кылат.


«Жалпы иш» коомдук фондунун миссиясы – жарандарга аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктү түзүп берүүгө  көмөктөшүү.

“Жалпы иш” коомдук фонду – Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандык билимдин деңгээлин жогорулатуу долбоорлорун ишке ашыруу, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүүрөөк катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Бардык жаңылыктар