Жымжырттык күнү: аң-сезимдүү тандоо жасоонун убакыты

10.07.2021
Жымжырттык күнү: аң-сезимдүү тандоо жасоонун убакыты

Кыргызстанда бүгүн, 10-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоонун алдында жымжырттык күнү.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлердин тизмесинин каттоосу аяктаган күндөн башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда бүтөт, б.а. 2021-жылдын 10-июлунда саат 8:00дөн баштап үгүт иштери токтойт.

«Ушул убакта ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат. Бул мезгил адамдарга ойлонууга, бүткүл үгүт мезгилинде алынган маалыматтарды талдап, баарын таразалап, эркин чечим кабыл алууга убакыт берет. Бирок ошол эле учурда, ден-соолугуна байланыштуу шайлоо күнү добуш берүүчү жайга келе албай калган адамдардын арасында участкалардан тышкары добуш берүү жүрүп жатат», - деп «Жалпы иш» коомдук фондунун шайлоо мыйзамдары боюнча эксперти Бакыт Самаков түшүндүрөт.

Бардык жаңылыктар