Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо. Шайлоочулардын арасында аялдар эркектерге караганда көп

10.07.2021
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо. Шайлоочулардын арасында аялдар эркектерге караганда көп

БШКнын маалыматы боюнча, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоодо акыркы тизмеге 617 миң 517 шайлоочу киргизилген, алардын 266 миң 479 эркектер жана 351 миң 038 аялдар.

Жаш курактык көрсөткүчтөрү боюнча, шайлоочулардын көпчүлүгү 18-29 жана 30-39 жаштагы категорияларга таандык, 18-29 жаш куракта - 154,4 миң шайлоочу катталган, жана ошондой эле 30-39 жаш куракта 147 миң шайлоочу катталган. Ал эми 70 жаштан жогорку шайлоочулар аздык кылат, болгону - 38,8 миң шайлоочу.

Эртең, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо өтөт. Жалпысынан, жогоруда аталган үч шаарда 326 УШК ачылган.

Бүгүн, эртеңки шайлоого катыша албаган шайлоочулар үчүн добуш берүү үчүн жайдан тышкары шайлоо өтүп жатат. Участкадан тышкары шайлоого жарандардан 3 миң 992 кайрылуу келип түшкөн. "Жалпы иш" коомдук фондунун 50дөн ашык ыктыярчылары шайлоо мыйзамдарынын сакталышына байкоо жүргүзүшөт. Бардыгы 95 УШКны камтуу пландаштырылууда, анын 62си Бишкекте, 29у Ошто жана төртөө Токмокто.

Бардык жаңылыктар