Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: катталган мыйзам бузуулар жана ага карата "Жалпы иш" коомдук фондунун жооп чаралары

15.04.2021
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: катталган мыйзам бузуулар жана ага карата "Жалпы иш" коомдук фондунун жооп чаралары

Бишкек, 15-апрель 2021 ж. 15:00го карата каралып чыккан мыйзам бузуулардын маалымат базасы. "Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары шайлоо процесстеринин бардык этаптарына көз карандысыз байкоо жүргүзүү учурунда 281 мыйзам бузуу фактысын аныкташты. 

Алардын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга 165 арыз менен кайрылуу жөнөтүлгөн:

  • АШКга берилген - 139 арыз
  • КГОР (ЫЧКТ) - 25 арыз
  • Укук коргоо органдарына (ИИМ органдарына) - 1 арыз
  • Калган маалыматтар участкалык шайлоо комиссияларына жиберилген.

Фонддун арыздарынан кийин төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • Добуш берүү жайдан тышкары добуш берилген 6 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды;
  • бир тилкеде УШК мүчѳлѳрүнө тартиптик жаза чарасы каралды;
  • УШКнын 10 төрагасы тартиптик жазага тартылды;
  • 7 саясий партияга эскертүү берилди;
  • 5 арыз укук коргоо органдарынын карамагына тапшырылды.

Фонддун юристтер командасы далилдер базасын топтоо жана аларды жаңылап туруу боюнча ишин дагы деле жүргүзүүдө. Мыйзам бузуулар жана алардын чечимдери гана изилдебестен, учурда даттануулар каралып жаткан АШКнын отурумдарына дагы катышууда.

Аталган мыйзам бузуулар жана алардын чечимдери боюнча так маалымат тиешелүү органдардан жооп алынгандан кийин берилет.

Мындан сырткары, сиздердин назарыңыздарга фонддун байкоочулары тарабынан аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы тизмесин сунуштайбыз. Катталган фактылар шайлоо процессинин этаптары боюнча бөлүштүрүлгөн.

Фонд жергиликтүү кеңештерге шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү өлкөнүн 9 шаарында иш алып барууда: Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Кайынды, Нарын, Талас жана Токмок.

Шайлоо алдындагы учур (2021-жылдын 9-апрелине чейин (бул күндү дагы кошо алганда)

Фонддун коомдук байкоочулары тарабынан 78 мыйзам бузуу жөнүндө маалымат түшкөн. Аныкталган түрлөрү:

  • административдик ресурс колдонуу, коркутуу/кысым/зомбулук көрсөтүү - 12
  • шайлоочуларга акча таратуу фактылары - 23
  • үгүт иштеринде бузуулар - 32

Фонддун жооп чаралары:

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко түздөн-түз (ЫЧКТ) 11 даттануу жөнөтүлгөн. Ал эми АШКга 36 даттануу тапшырылган, алар:

  • 28 – Ош шаары боюнча
  • 2 – Нарын шаары боюнча
  • 1 – Талас шаары боюнча
  • 3 – Жалал-Абад шаары боюнча
  • 2 – Чүй облусу боюнча

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү (2021-жылдын 10-апрелине карата)

Фонддун коомдук байкоочулары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү күнү 46 бузуу фактысын аныкташкан:

  • 18 – Бишкек шаары боюнча
  • 23 – Ош шаары боюнча
  • 1 мыйзам бузуу фактысы Талас шаары боюнча

Фонддун жооп чаралары:

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко түздөн-түз (ЫЧКТ) 4 даттануу жөнөтүлгөн.

Аталган фактылар боюнча төмөнкү АШКларга арыздар берилген:

  • Бишкек – 18 арыз
  • Ош – 23 арыз
  • Талас – 1 арыз

Шайлоо күнү (2021-жылдын 10-апрелине карата)

Фонддун коомдук байкоочулары добуш берүү күнү 157 бузуу катталганын маалымдашкан. Алар:

  • Бишкек шаары боюнча – 83
  • Ош шаары боюнча – 44
  • Жалал-Абад шаары боюнча – 5
  • Каракол шаары боюнча – 3
  • Нарын шаары боюнча - 4
  • Талас шаары боюнча - 7
  • Кайынды шаары боюнча - 1

ЫЧКТга түздөн-түз 10 факты боюнча маалымат берилген.

Фонддун жооп чаралары:

Шаар тилкелериндеги катталган бузуулар боюнча АШКларга арыздар берилген:

  • 24 – Бишкек шаары боюнча
  • 25 – Ош шаары боюнча
  • 1 – Талас шаары боюнча
  • ИИМ органдарына Талас шаарындагы бир факты боюнча.
Бардык жаңылыктар