"Жалпы иш" коомдук фонду көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала жыйынтыктары тууралуу пресс-конференция өткөрөт.

10.07.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала жыйынтыктары тууралуу пресс-конференция өткөрөт.

 Урматтуу кесиптештер,

12-июлда саат 14:00дө "Жалпы иш" коомдук фонду Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында фонддун байкоочулары тарабынан өткөрүлгөн жергиликтүү кенештерге болгон кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала жыйынтыктары тууралуу пресс-конференция өткөрөт.

Спикерлер:

  • Аида Суйундуева - "Жалпы иш" коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы
  • Арсланбек Өмүрзаков -  "Жалпы иш" фондунун узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча эксперти
  • Тариэл Аалиев - "Жалпы иш" фондунун юристи
  • Бакыт Самаков – эксперт
  • Раушан Садырбаева -  "Жалпы иш" фондунун долбоорунун координатору

Сиздерди Park Hotel мейманканасында күтөбүз, Орозбеков көч., 87.

Пресс-жыйын кыргыз, орус тилдеринде болот.

Катышуу тууралуу маалыматты ушул катка жооп катары жөнөтүп коюнузду суранабыз.

Бардык жаңылыктар