Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.М. Мамытовго Кыргыз Республикасынын Премьер-министрини У.А. Мариповго

02.05.2021
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.М. Мамытовго Кыргыз Республикасынын Премьер-министрини У.А. Мариповго

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.М. Мамытовго

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрини У.А. Мариповго

ЖАРАНДЫК КООМДУН УЮМДАРЫНЫН КАЙРЫЛУУСУ

 Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Баткен облусунун аймагында Тажик Республикасынын аскер күчтөрү тарабынан башталган аскердик аракеттерге байланыштуу, натыйжада жарандык калктын олуттуу бөлүгү болгон, аялдар, балдар, кары-картаңдар  алыскы тоолуу аймактарда калып, аргасыз качкындарга айланып, согуш аракеттеринин натыйжасында 34 кыргызстандык каза болуп, анын ичинде 12 жаштагы кыз дагы бар экенин, 170тен ашуун адам жаракат алганын, кыргызстандыктардын үйлөрү, азык-түлүк дүкөндөрү жана башка жеке жана мамлекеттик объектилер өрттөлүп, жаңжал чыккан жерден 20 миңден ашуун жаран эвакуацияланып, 2021-жылдын 1-майына карата Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев жана дагы 9 жаран дагы эле Тажикстанда барымтада жаткандыгына байланыштуу шашылыш түрдө чара көрүүңүздү суранып , кайрылуу жасап отурабыз!

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүндө, ок атышпоо жана эки өлкөнүн аскерлерин туруктуу жайгаштырылган жайына чыгарып кетүү келишиминен кийин да, согуштук аракеттердин натыйжасында курман болгондорго карата улуттук аза күтүү күнү жарыяланганда да кырдаал кайрадан курчуп, чек ара кызматы кабарлагандай, Лейлек районунун Арка айлында тажик аскерлери кыргызстандыктардын үйлөрүнө карай ок атууларды уланткан.

Ушундай оор кырдаалда бейөкмөт уюмдары да, жабырлануучулардын ар кандай топторуна тез жардам катары керектүү кызматтарды көрсөтүүнү жана башка ресурстук жардамдарды уюштуруп жатышат

Бейөкмөт уюмдары, жалпысынан жарандык коом жана башка түзүмдөр менен биргеликте гуманитардык жардамды, анын ичинде азык-түлүк, эң керектүү буюм- тайымдарды жана дары-дармектерди, жаңжал чыккан аймактардан убактылуу жер которгон адамдарга психологиялык жардамдарды уюштуруп  жана акча каражаттарын которууларды да жасап жатышат. Ошондой эле бейөкмөт уюмдары, куралдуу кол салуунун жана зомбулуктун далилдерин документтештирүүдө. Жарандык уюмдар тарабынан далилдердин базасын жана окуялардын хронологиясын чогултуп, эл аралык кылмыш сотунун Прокуроруна кайрылууну  даярдоодо. Жарандык коомдун өкүлдөрү да кан тапшыруу борборлорунда кан тапшырууну улантып жатат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Сизге кайрылуу менен бирге төмөндөгү сунуштарды берүүнү чечишти:

  • Баткен облусундагы кырдаал жөнүндө калкты жана дүйнөлүк коомчулукту өз убагында туура кабардар кылуу үчүн, Тышкы иштер министрлигинде бирдиктүү Пресс-борборун түзүүнү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен тынымсыз байланышуу үчүн бирдиктүү пресс-борбор түзүү, Баткен облусундагы кырдаал жөнүндө шашылыш маалымат алмашуу үчүн видео жана аудио билдирүүлөр үчүн телеграмма каналын, Баткен облусунун жарандарынын реестрин (дайынсыз жоголгондордун, каза болгондордун, жарадар болгондордун, үй жайын таштап тоолорго качып кеткендердин тизмесин) түзүү жана маалымдоону, ж.б иш аракеттерди, Тажик  Республикасынын бардык түзүмдөрүн учурдагы реалдуу кырдаал менен кабардар кылууну, репарация талап кылуу – Тажик мамлекетинен КР гуманитардык жардам (киреше жана чыгашалар) боюнча бирдиктүү электрондук аянтча түзүүнү, "Головная" суу алуучу жайынын менчик укугуна байланыштуу У.А.Мариповдун билдирүүсүнө карата  позицияны так билдирүүнү;
  • Жарандардын чыгып кетиши үчүн жашыл коридорлорду камсыз кылуу жана аларга зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү боюнча чараларды көрүүнү, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды карап чыгуу үчүн шашылыш түрдө Коопсуздук Кеңешинин жыйналыштарын чакырууну, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) алдында фактыларды документтештирүү боюнча коомдук комиссияны түзүүнү, согуштук зонага баш аламан баруунун коркунучтуулугу жөнүндө жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарандардын өлүмүнүн бардык жагдайларын документтештирүүнү, анын ичинде ок атуучу куралдардан  жана жарылуучу заттардан алынган жаракаттын бардык шартын экспертизадан өткөрүүнү камсыз кылууну;
  • Бириккен Улуттур Уюмун (БУУ) тынчтык орнотуучу күчтөрдү жана дүйнөлүк коомчулукту кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуяларга баа берүүгө жана чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө, эл аралык мыйзамдарга ылайык, Тажик өкмөтүнүн аракеттерине баа берүүгө, эл аралык укуктук жоопкерчиликти орнотууну чакырууга, тынч жаткан жарандарга карата куралдуу кол салуулары жана зомбулук көрсөтүүлөрү үчүн Тажик өкмөтүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга, Саясий иштер, тынчтыкты коргоо жана укуктук башкармасы департаменти жана БУУ Картографиялык Секциясы менен биргеликте чек араны аныктоо комиссиясын түзүүгө, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокурору тарабынан көз карандысыз тергөө жүргүзүүгө, укуктук баа берүүгө, жана күнөөлүүлөрдү аныктоого жана жоопко тартууга, БУУ (УВКБ) качкындар боюнча Жогорку комиссар башкармалыгына- гуманитардык коридорлорду түзүүнү жана кечиктирилгис чараларды көрүүгө көмөктөшүүгө чакырык жасоого;
  • Ички иштер министрлигинин атайын маалымат бөлүмүн түзүүнү, Ички иштер министрлигине жеке адамдар тарабынан улут аралык кастыкты козутуу аракеттерин басууну;

Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары  Кыргызстандын тынч жарандарына, куралсыз калкына карата тажик күчтөрүнүн агрессиясын тастыктагандыгы үчүн айрым өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга, жана ошондой эле жабыр тарткандарга гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо жана өзүбүздүн жарандарыбыздардын коопсуздугун камсыз кылуу барыбыз үчүн маанилүү!

Каза болгондордун жакындарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Урматтоо менен,

Кыргызстандын жарандык коомдук уюмдары

01.05.2021ж.

Бардык жаңылыктар