Басылмалар
аналитика
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчетту даярдады. Байкоо жүргузүү мөөнөтү – 2021-жылдын 29-августунан 25-декабрына чейин.
22.04.2022
аналитика
Социологиялык изилдөөнүн алкагында «Жалпы иш» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын жарандарынын өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата мамилеси жана айрым шайлоо процесстерине ишеними жөнүндө пикирлерин топтоду. Бул изилдөө өткөн шайлоону жарандардын көзү менен кароого мүмкүндүк берет
27.01.2022
аналитика
Алдын ала отчет КР ЖКнин депутаттарын шайлоо белгиленген учурдан тартып, 2021-жылдын 29-августунан 18-ноябрына чейинки мезгилге тиешелүү жана талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболорун, талапкерлердин тизмесин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын (БШК, ОШК, УШК) түзүү жана ишмердигин, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана актуалдаштыруунун жол-жоболорун, маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мезгилиин, ошондой эле тийиштүү инстанцияда шайлоо мыйзамдарын жана кайрылууларды (арыздарды жана даттанууларды) берүүнүн бузулууларын аныктоону камтыйт.
22.11.2021
аналитика
«Жалпы иш» коомдук фонду "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” (мындан ары текст боюнча – конституциялык мыйзам) конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүү жана толуктоолордон улам, жаңы шайлоо системасынын кириши менен ар бир шайлоо процесстеринде пайда болушу мүмкүн деген тобокелдиктерге анализ жүргүздү.
29.10.2021
аналитика
«Жалпы иш» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирдикте «КРнын депутаттарын шайлоо боюнча колдонмону» даярдап, жарыялады. Бул идея шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу пайда болгон. Бул колдонмо шайлоочуларга да, талапкерлерге да, саясий партияларга да, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө да, шайлоого байкоо жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдарга да жана шайлоо процессинин башка субъекттерине да тиешелүү болот.
Орус жана кыргыз тилдеринде чыккан гиддин жалпы тиражы 10 миң нусканы түзгөн. Колдонмонун бир бөлүгү КР БШКга берилет, ал эми негизги бөлүгү кызыкдар тараптарга таратуу үчүн өлкөнүн аймактарына жөнөтүлөт.
18.10.2021
аналитика
"Жалпы иш" коомдук фонду 2017-жылы Кыргыз Республикасынын (КР) Президентин шайлоодо, 2020-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жана 2021-жылы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда пайда болгон шайлоо талаш-тартыштарына анализ жүргүзгөн.
17.08.2021
аналитика
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңешке депутаттарды кайталап шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүүгө жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыктары тууралуу акыркы отчетту даярдаган. Байкоо мөөнөтү – 2021-жылдын 21-июнунан 31-июлуна чейин.
Ресурстардын чектелгендигине байланыштуу алынган маалыматтар өткөрүлгөн шайлоо компаниясын толук кандуу баалоо үчүн Фондго мүмкүндүк бере албайт, бирок негизги тенденцияларды жана көйгөйлөрдү аныктап белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
12.08.2021
аналитика
"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 11-июлуна пландаштырылган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн узак мөөнөттүү байкоосунун натыйжалары жөнүндө алдын ала отчетун даярдады.
COVID-19 оорусунун өсүшүнөн жана ресурстардын чектелгендигинен улам Фонд бир катар көйгөйлөргө туш болгонун белгилеп, өз ишинде айрым чектөөлөрдү колдонууга аргасыз болду. Эпидемиологиялык оор шарттарга карабастан, Фонд шайлоо алдындагы мезгилге толук байкоо жүргүзүүнү жана жогоруда аталган үч шаардагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо шайлоо күнү чектелген байкоо жүргүзүүнү чечти.
06.07.2021