Басылмалар

Кантип тандоо керек, кимге добуш берүү керек?
аналитика
Кантип тандоо керек, кимге добуш берүү керек?
Ачык, мыйзамдуу шайлоо үгүт иштери башталганына бир жума болуп, шайлоочулар белгилүү бир деңгээлде ат салышкан партиялар менен таанышып калышты. Активдүү үгүттөп жаткан партиялардын баары эле, албетте, биз эң татыктуусу, эң мыктысыбыз дешет. Алдыбызга он беш партия келип турса, ар биринде кеминде 70тен өйдө, баары болуп 2000ден ашык талапкер болсо, шайлоочу мунун баарын кантип талдап, кантип туура добуш берсе болот? Бул суроого жооп берүү үчүн азыркы күндө эл арасында көп айтылып, угулуп келаткан бир нече арыз-дооматтардын алкагында сөз кылалы. 14.09.2020
Партиялар эмне сунушташы керек? Шайлоочулар эмне талап кылуусу керек?
аналитика
Партиялар эмне сунушташы керек? Шайлоочулар эмне талап кылуусу керек?
24-августтан баштап, шайлоого катышуучулардын тизмеси дээрлик дайын болуп, 15тей партия жакынкы күндөрдө коом алдына өздөрүн тааныштырып, өлкөбүз кайсы багытта өнүгүүсү керектигин тартуулап, шайлоочулардын добуштарын сурап чыгууга даяр турушат. Тилекке каршы, буга чейинки болуп өткөн шайлоолордо, үгүт убактысы көбүнесе ар кандай шаан-шөкөттөргө, куру убадаларга, тууган-урук издөөгө бай болчу. Бул жолу, канткенде ушул шайлоо алдындагы 30 күндү пайдалуураак, маанилүүрөөк колдонсо болоорун кеп кылалы. Бул маселе элге кайрылган партияларга да, партияларга кулак түргөн шайлоочуларга да тиешелүү. 04.09.2020
Парламент жана депутаттар деги керекпи?
аналитика
Парламент жана депутаттар деги керекпи?
Жогорку Кеңешке шайлоо жакындаган сайын эл арасында «парламенттин кереги барбы деги?» деген суроо куч алууда. Башкаруунун, экономиканын, дегеле коомдук жашоонун ар тармагында маселелер ашып турганда, карапайым жарандын көз карашында, парламенттен эч алгылыктуу пайда болбой жаткандай, акча коротуп, саясый талаш-тартыштын очогу болгондон башка ролу жоктой көрүнөт. Анан, парламент калчу болсо, жок дегенде андагы депутаттардын саны азайтылсын дегендер андан көп. Бул баштапкы суроолорго жооп берилбесе, шайлоонун калганы маанисин жоготуп койчудай. 28.08.2020