Кантип тандоо керек, кимге добуш берүү керек?

14.09.2020
Кантип тандоо керек, кимге добуш берүү керек?

Урматтуу окурман! Келе жаткан парламенттик шайлоо алдында, эл арасында көптөгөн суроолор да, күмөндөр да, үмүттөр да байкалууда. Катардагы шайлоочуга бул шайлоонун маанисин так түшүнүүгө жана өз добушун туура колдонууга өбөлгө болсун деп, саясат таануучу Эмилбек Джураев тарабынан жакынкы убакта беш суроого жооп берген макалалар сериясы сиздерге сунушталат. Макалалар «Общее дело»/ «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан демилгеленип, elgezit.kg гезитинде жарыкка чыгат. Бул макалаларда айтылган ойлор, албетте, авторго гана таандык.

Сериянын үчүнчү макаласын назарыңызга сунуштайбыз.

Үчүнчү суроо: Кантип тандоо керек, кимге добуш берүү керек?

Ачык, мыйзамдуу шайлоо үгүт иштери башталганына бир жума болуп, шайлоочулар белгилүү бир деңгээлде ат салышкан партиялар менен таанышып калышты. Активдүү үгүттөп жаткан партиялардын баары эле, албетте, биз эң татыктуусу, эң мыктысыбыз дешет. Алдыбызга он беш партия келип турса, ар биринде кеминде 70тен өйдө, баары болуп 2000ден ашык талапкер болсо, шайлоочу мунун баарын кантип талдап, кантип туура добуш берсе болот? Бул суроого жооп берүү үчүн азыркы күндө эл арасында көп айтылып, угулуп келаткан бир нече арыз-дооматтардын алкагында сөз кылалы.


«Үгуттөөлөр тажатты, жарнамасы көп, маалыматы жок»

Үгут иштери бир айга созулат, буларга көңүл буруп, чыдап койуу кыйын эмес. Бирок, мазмундуу, жетиштүү маалымат алуу чындыгында бираз татаал болушу мүмкүн. Бир нече жол-ыкмалар менен, жалтыраган жарнамадан качып, жакшыраак маалымат алууга болот. Биринчиден, бир канча жалпыга маалымдоо булактарында шайлоого байланыштуу маалымат көбөйүүдө. Ушул эле Элгезиттин беттеринде, 24.Кг, Азаттык, Кактус жана башка маалымат булактарын карап, өзгөчө «демөөрлөнгөн» же «төлөнгөн» деп белгиленген агитациялык макалалар эмес, бул сайттардын журналисттери өздөрү жазган макалаларды караңыз.

Экинчиден, ТВ каналдарында жана Интернет барактарында (өзгөчө Фейсбук, Ютюб тармактарында) күн сайын бир нече дебаттык же кенен маалымдоо форматында берүүлөр чыгууда – булар баалуу маалымат боло алат.

Үчүнчүдөн, ар бир партиянын өз интернет баракчалары, социалдык тармактардагы баракчалары байма-бай маалымат чыгарууда. Алардын көпчүлүгү жалтыраган, үстүртөн келген жарнама болсо да, арасында маңыздуу маектер, көрөрмандар менен суроо-жооп сессиялары да бар.

Төртүнчүсу, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча ар түрдүү маалымат берген сайты бар -  https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/  Бул сайтта шайлоого катышкан бардык партиялар жөнүндө негизги маалымат камтылган – партиялардын кыскача тарыхы, дареги, интернет дареги, лидерлери тууралуу, партиянын шайлоого жиберген талапкерлер тизмелери, жана шайлоого сунуштаган программалары.

«Кечээки эле эски депутаттар кайра келатышат»

Мындай кесе жалпылоого негиз жокко эсе. Алдыбызга келген талапкер партиялардын арасын бираз эле тыкандык менен карасак, бул доомат жарым-жартылай эле туура экенин көрсө болот. Азыркы бүтүп бараткан чакырылыштын депутаттарынын жарымынан көбүрөөгү ар кайсы партиялардын тизмесинде кайра шайланууга аттанышканы чын. Бирок, алардын басымдуу көпчүлүгү 3-4 партиянын тизмелеринде, а шайлоого катышып жаткан 15 партия бар. 

Шайлоочуга беш жылда бир келчү колдогу бийлик тандоо мүмкүнчүлүгүн мындай жеңил ой жалпылоонун негизинде кетирип салуу жоопкерсиздикке тете. Аз эле убакыт бөлүп, жакыныраак караганда, бул жылкы шайлоого катышып жаткан партиялардын арасында мурда болуп көрбөгөндөй жаңылануу орун алганын байкаса болот. Андыктан, тандоо эшигин жаап салганга шашпайлы.

Дагы маанилүү жери – «эскилердин» баары эле бирдей жаман депутат болгон эмес, 120 депутаттын баарысы бирдей «чимкирик» болгон эмес. Жоопкерчилик менен тандаган шайлоочу кайсы депутат кандай иштегенин, кандай маселелерди аркалаганын, канчалык деңгээлде активдүү аракет кылганын эске алуусу абзел.

«Баарысы эле бирдей, укмуш убадаларды берип жатышат, бирок шайлоонун эртеси жоголушат»

Бул терең кеткен ишенбестиктин тамыры, албетте, буга чейин көргөн тажрыйбада. Бирок, жогорудагы сыяктуу эле, бул жерде да пессимисттик маанайга алдырган орунсуз жалпылоо байкалуууда. Чын, бир топ партиялардын жарнамалары, ураандары бири-бирине окшош. Окшоштуктардын бир себеби – өлкөдөгү эң чоң маселелер эмнелер экени баарына эле белгилүү, эч бир партия тана албайт. Мындай учурда кантип тандоо керек?

Бул окшоштуктардын артында, бираз эле тереңирээк караганда, айырмачылыктар чыга келет. Кээ биринде, 5-6 сөз ураандан башка эч негиздеме, түшүндүрмө жок. А кээ бирлери бул реформа сунуштарын тыкан изилдеп, талдап, себептерин ачыктап, натыйжасын сүрөттөп беришкен. Демек, тандоо оңой эле.

Кай бир жерде, эки партия тең кайсы бир деңгээлде өз убадаларын бекемдеп, негиздеп бергенге аракет кылган. Мындай жерде, бул партиялардын талапкерлер тизмелерин салыштыруу керек – кайсы партияда буга чейин ушул сыяктуу реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү болгон, бирок андай кылган эмес. Негизи эле, кайсы партиянын талапкерлери айтылган убадаларды аткараарына ишеним көбүрөөк экенин кароо керек.

«Партиялардын тизмелери аралаш, жакшысы да бар, жаманы да бар»

Бул да маанилүү, адилет доомат. Элге кайрылып, «добушуңду сатпа, акылың менен, жүрөгүң менен танда» деп чакырык салгандар, ушундай ак-карасы аралаш тизмелер турганда кантип тандаш ыкмасын да айтса болор эле. Арийне, шайлоо мыйзамыбыз ушундай, партиялык тизмелерге добуш берүү керек, а күчтүү, өзөктүү көз карашка ээ болгон, жылдар бою туруктуу нукта иштеген партиялар жок эсе.

Мындай шартта, ар партиянын дараметине карап, тизмелердин башындагы 10-15 же 30-35 талапкерлерине көңүл буруу керек. Депутат болуп, парламент курамына кирсин деп кандай кишилерди кайсы партия тартуулап жатат? Мыйзамга ылайык, шайлоого катталууда партия тизмеси кандай берилсе, шайлоонун жыйынтыгында, депутаттык мандаттар ошол иретте талапкерлерге тапшырылат.  20чы орундагы кишини 5чи орунга, же 50чү орунга жылдырууга мыйзам жол бербейт. Ар кандай айла колдонуп өз тизмелерин өзгөрткөн партиялар бир чети таанылуу эле, бир чети мыйзам алдында жоопко тартылуусу да мүмкүн.

Партия тизмелерин салыштырганда, ошол сап башындагы 10-15, же чоң сандагы мандатка ээ болот делген партиялардын 25-30 талапкерлерин салыштыруу керек: бул тизмеде чоң күмөн жараткан же маанилүү терс тажрыйбасы бар талапкерлер барбы? Башкаларга таасир берчү, салмактуу саясатчылар барбы, жана алардын таасири оңбу же терспи? Ошол сап башындагылардын көпчүлүгү моокум кандырган, үмүткө арзыган талапкерлерби, же ишенимге татыбагандарбы? Бул суроолорго жооп бералсаңыз, тандоого даяр болуп каласыз.

Эске алуучу нерсе, 7%дык тоскоолдон өткөн, парламентке кирчү партиялар баарысы эң аз дегенде 10дой мандат алышат. Эгер кайсы бир партиянын тизмесинде 1-2 эле талапкер жакшы, ишеним алып, калганы такыр белгисиз, же күмөндүү кишилер болсо, андай тизмеге ошол 1-2 киши үчүн гана добуш берүү чекилик болот. Эгер башкаларын такыр билбесеңиз, кошумча маалымат издеген оң – мүмкүн 1-2 эле эмес, башкалары деле жакшы талапкерлер чыгаар.

«Акчасын алдым, эми добуш бербесем болбос»

Болот. Кандайдыр бир шайтан айдап, бирөөнүн арам колунан арам акчасын алып калдыңыз дейли. Ошондо да, добуш берүү учуруна келгенде, бүлүтүн менен калемди колуңузга алганда, кайсы партияга добуш берүүнү дагы деле шайлоочу тек өзү чече алат.

Биринчиден, эгер эртеңкини ойлогон шайлоочу болсоңуз, мындай сатып алуу жолу менен шайланууга аракет кылган партия же жеке талапкер кандай депутат болоорун ошол заматта эле билдиңиз – ал таза фракция, таза депутат болбойт эч убакта. Ар бир добуш үчүн берген акчасын көп эселеп чыгарып алат, алар так ошол максатта парламентке баратканын сезбеген же көрмөксөн болгон – өзүн-өзү урматтабоо.

Экинчиден, ал добуштарды сатып алууга таратылган акча алдастоо, зордук, коррупция, уурдоо жолдору менен табылган акча экени айдан ачык. Ал турсун, ошол акча балким сиздин ырыскыңыздан уурдалган, же сиздин жакыныңыздан тартып алынган, же сиздин жердештердин ишин басып алуу жолу менен табылган акча болушу толук ыктымал. Мындай акча үчүн шайлоочунун эч кандай моралдык, абийирдик карызы жок. Адал иштеп, чеке тери менен тапкан акчасын эч бир киши, акылы өз ордунда болсо, добуш алуу үчүн таратпайт.

Ушул эле бүтүмдөрдү башка мыйзамсыз ыкмаларга да колдонуу керек – жумуштан кетирүү, маяна бербей койуу, жана башка административдик, бийлик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу. Эч бир шайлоочу өз добушун берүүгө эч кимге карыз эмес.

«Тууганым баратты эле, партияга ошол үчүн добуш берем»

Өйдөдө айтылгандай, канчалык жакын дос же тууганыңыз болбосун, ал киши канчалык жакшы болбосун, ар бир партия, эгер ийгиликтүү болсо, кеминде 10го жакын мандат алат. Эч бир партия бир жердин, район же облустун элине гана жакын болуусу мүмкүн эмес – алар талапкерлерин Кыргызстандын ар тарабынан чогултушкан. Минтип ар жерден чогулткандын бир чоң себеби да, тилекке каршы, так ошол тууган-уруулардын колдоосун алуу.

Андыктан, жеке жакындыгына карай добуш берүү – жоопкерчиликсиз. Тизмедеги бир киши жакыным эле деп, парламентке ошого катар 10-20 коррупционер, арам байыгандар, же билимсиз, сабатсыздар барып калуусуна өбөлгө болуп калуу мүмкүн. Демек, жакшыраак сапаттагы парламент курамы келүүсү үчүн жогоруда айтылган маселелерге көңүл буруп, туугандык, жердештик деген принциптен арылуу зарыл. 

«Эч кимге ишенбейм, баарына каршы добуш берем»

Бул маселеге кененирээк өзүнчө макала жазайын эмкисинде. Кыскача айтканда, баарына каршы добуш берүү мүмкүнчүлүгү негизи өтө демократиячыл укук. Мындай добуш берүүдө бардык саясатчылардан түңүлгөн шайлоочу үчүн кандайдыр бир моралдык канааттануу болушу мүмкүн. Бирок, азыркы саясый кырдаалды, реалдуу турумду эске алганда, мындай добуш туура эмес болот. Саясаттан тажаган жеке бир шайлоочунун көз карашында, бардык 15 партия бирдей эле ат салышып, бирдей костюм, галстук кийип, бирдей эл алдында жакшы убада таратып, бирдей эле бийликке умтулгансыйт.

Бирок, чынында, андай бирдейлик жок. Сизди жалганы, сабатсыздыгы, коррупциясы тойгузган партиялар бир нече, а бир нече башка партиялар так ошол сизди тажаткандар менен күрөшүп жаткандар. Же, тескерисинче, сиз буга чейинки болгон бийликти, парламенттин ишин жактырып, анан бүгүн партиялардын баарысы эле оппозиция болуп, бүгүнкү бийликти тилдегени тажатса, чынында, партиялардын арасында кеминде үч-төртөөсү сиздин көз карашыңызга жакын келет.

Демек, «баарына каршы» добуш берүү менен, сиз өзүңүзгө жакын болгон партияларга колдоо бербей, жакпаган, сизди тажаткан партиялар бийликке келүүсүнө өбөлгө болуп каласыз. Шайлоо баары бир орун алат, баары бир парламентке бир нече партия келишет. «Баарына каршы» добуш – сиз каалабаган партиялардын жолун ачып берүүгө тете. 

Шайлоочулук милдет

Акырында, реалдуу бир маселени айталы. Демократиялык мамлекетте, жашы жеткен жаранга берилген шайлоо жана шайлануу укуктары эң эле маанилүүлөрдөн. Шайлануу укугун колдоном деген жарандар ар кайсы партиялардын катарларында, талапкерлик статусун алып, эл алдына добуш издеп чыгышты. Алар аттанып чыккан жол оңой жол эмес, албетте. Бирок, бул талапкерлердин арасынан эң татыктууларын Жогорку Кеңешке жиберели деп, шайлоо укугун ишке ашырчу басымдуу көпчүлүктө да анчейин жеңил эмес иш турат.

15 партиянын алып чыккан ойлорун, пландарын, сунуштарын талдап, таанышып чыгуу, алардын катарында келаткан талапкерлердин кимдигин билүүгө умтулуу – бул шайлоочуга берилген укук гана эмес, анын алдындагы жоопкерчилик да деп кароо туура. Кээде, «кандидаттар, партиялар өтө эле көп, алардын көпчүлүгүн билбей деле калдык» деген сөздөр айтылат.

Албетте, вариант өтө көп болгондо тандоо кыйын, бирок ошол кыйын болсо да бир канча убакыт бөлүп, көңүл буруп, маалымат алганга аракеттенүү – жакшы, өзүн сыйлаган жана өлкөсүн ойлогон жарандын жоопкерчилиги. Ошол бир ай ичинде бир нече саат убакыт бөлбөй, маалыматы жок эле тобокел добуш берүү, же эч кимисин билбейм деп шайлоого барбай койуу кийинки беш жылдык ар бир жарандын жана жалпы мамлекеттин жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет.  

Шайлоого баруу керек, туура тандоо керек!

Тизмеге кайт