Урматтуу окурман! Келе жаткан парламенттик шайлоо алдында, эл арасында көптөгөн суроолор да, күмөндөр да, үмүттөр да байкалууда. Катардагы шайлоочуга бул шайлоонун маанисин так түшүнүүгө жана өз добушун туура колдонууга өбөлгө болсун деп, саясат таануучу Эмилбек Джураев тарабынан жакынкы убакта беш суроого жооп берген макалалар сериясы сиздерге сунушталат. Макалалар «Общее дело»/ «Жалпы иш» коомдук уюму тарабынан демилгеленип, elgezit.kg гезитинде жарыкка чыгат. Бул макалаларда айтылган ойлор, албетте, авторго гана таандык.
Сериянын экинчи макаласын назарыңызга сунуштайбыз: Партиялар эмне сунушташы керек? Шайлоочулар эмне талап кылуусу керек?
24-августтан баштап, шайлоого катышуучулардын тизмеси дээрлик дайын болуп, 15тей партия жакынкы күндөрдө коом алдына өздөрүн тааныштырып, өлкөбүз кайсы багытта өнүгүүсү керектигин тартуулап, шайлоочулардын добуштарын сурап чыгууга даяр турушат. Тилекке каршы, буга чейинки болуп өткөн шайлоолордо, үгүт убактысы көбүнесе ар кандай шаан-шөкөттөргө, куру убадаларга, тууган-урук издөөгө бай болчу. Бул жолу, канткенде ушул шайлоо алдындагы 30 күндү пайдалуураак, маанилүүрөөк колдонсо болоорун кеп кылалы. Бул маселе элге кайрылган партияларга да, партияларга кулак түргөн шайлоочуларга да тиешелүү.
Партияларды сындап, шайлоого жакындаганда ар жыл сайын көптөгөн жарандарыбыз, “бир-бирине эгиздей окшош партияларда эч кандай идеологиясы жок, кимиси кандай идеологиялык багытты карманаары белгисиз” деп дооматтанышат. Бул доомат албетте орундуу, ушундай принципиалдуу маселеде көптөгөн партияларыбыздын дайыны жоктугу тандоого келгенде өксүк жаратканы бар. Бирок, бүгүнкү күндө идеология талап кылуунун пайдасы дээрлик жок.
Кыргызстандагы партиялардын басымдуу көпчүлүгү шайлоо алдында гана жан алган, шайлоого баруу үчүн колдонулуучу унаа сыяктуу. Идеология партия үчүн чыныгы мааниге ээ болуусу үчүн, ал партия көп жылдар бою, туруктуу мүчөлөрү менен иштеп, ошол идеология үчүн байма-бай күрөшүүсү зарыл. Шайлоо алдында жаңы эле түптөлгөн партия же эски болсо да ичине толтура жаңы мүчөлөрдү кабыл алган партия өзүн консерватизм, либерализм же евразиячылык идеологиясы менен таанытканына ким ишенсин. Баланын атын Манас койсо эле ал баатыр коло калбайт. Чыныгы идеологиялык иш-аракетке бышкан, жар салган атын иши менен далилдеген партияларыбыз жокко эсе болгондуктан, шайлоого бир ай калганда “силердин идеологияңар эмне?” деп суроо салуунун кызыгы эле болбосо, кажети жок.
Бирок, өз кезегинде, элден добуш издеген партиялар үчүн шайлоочулар алдында өздөрүнүн идеологиялык багыты, идеялык мазмуну, баалуулуктары жөнүндө айтып берүүсү, ошол чоң сөздөрүн жеткиликтуу жана конкреттүү пландары менен тизмектеп, чечмелеп берүүсү пайдалуу болмок.
Идеология талабы өтө эле абстракттуу болсо, анын тескериси да бар: “Бизге партияңар эмне куруп берет? Биздин айылга эмне чечип бересиңер?” деген сыяктуу талаптар ар шайлоодо орун алат, арийне. Кичинекей айыл-көчө деңгээлинде пайдасы болгону менен, мындай талаптардын үстөмдүк кылуусу акыр-түбүндө эл ирээнжип калган, өз функцияларын түшүнүп да койбогон депутаттардын кайра келүүсүнө жол ачат.
Шайлоого катышкан партиялар үчүн, капчыгы толо болсо, мындай жол менен добуш топтоо жеңил, бирок түпкүрүндө мындай ыкмаларды коррупция, добуш сатып алуу деп билишибиз керек. Саясий партия – бизнес эмес, куруучу ишкана эмес, соодагер эмес. Кайрымдуулук фонду да эмес. Бир жердин дарбазасын куруп берүү, бир жерге спорт аянтчасын белек кылуу, бир жерде электр трансформаторун орнотуу сыяктуу иштер таптакыр саясий партия кылчу иштер эмес. Андай нерселерди белек кылган партиялар ошол элге беш жыл бою мындай берешендик кылуу үчүн эмес, тескерисинче, беш жыл бою ошол элдин оозун жабууга болгон ыкмасы.
Саясий партия бийлик үчүн аракеттенчү, ошол бийликти шайлоо аркылуу колго алып, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүү багытын, башкаруу сапатын, приоритеттүү долбоорлорун чечүүчү күч. Андыктан, партияларга жогорудагыдай талаптарды койуудан арылуу, мындай кызматтарды сунуштаган партияларды четке кагуу – бул алысты ойлогон, бүгүнкү күндү эмес, кеминде алдынкы беш жылды ойлогон шайлоочу коом болуунун жолу.
Демек, шайлоочу катары да, партия катары да, шайлоо өнөктүгүндө көбүнесе маани берилбей калган чоңураак, орундуураак суроолорго басым жасоо зарыл. Кыргызстандын азыркы турумун эске алып, эгемен өлкө жарандары катары, эки тарап тең маанилүү маек куруусу керек. Бул маанилүү маекке көмөк катары, төмөнкү суроолорду ортого салууга болот.
Партиянын көз карашынча, азыркы күндө өлкөнүн акыбалында кайсы тармактарда өзгөчө оор кырдаал орун алган? Ал кырдаалдын себептерин партия анализдеп чыкканбы? Жалпылап, “экономикада өнүгүү жок, коррупция ээлеп алган, карыз көбөйүп кетти” деген сыяктуу жооптор жарабайт, буларды орто меткептин окуучусу да айтып берет. Өлкөдөгү финансылык системадагы, салык саясатындагы, же жогорку окуу системасындагы, куруучулук өнөр жайындагы маселелерди көтөрүп, шайлоочуларга мындай маселелер кантип келип ар бир жарандын жашоо сапатына таасир берээрин тизмектеп берүү – маанилүү маек болмок.
Партиянын кайсы кемчиликтүү тармактарды кантип оңдоо сунуштары бар? Маяналарды беш эсе көбөйтөбүз, коррупцияны жок кылабыз, мигранттарды кайра алып келебиз, кредит пайыздарын 5%га түшүрөбүз деген сыяктуу бир бүркүм убадалар жарабас. Жөндүүрөөк сөз үчүн тагыраак сунуштар керек. Мисалы, салык же бажы тармагында кандай өзгөрүүлөр канча убакытта канчалык өлчөмдөгү киреше алып келет? Же, коомдогу түрдүү кылмыштуулук көрсөткүчтөрүн канткенде канчалык деңгээлде басаңдатуу мүмкүн, ал чараларды ишке ашырууда кандай аша чабуулар болушу мүмкүн, жана кантип алардын алдын алса болот? Акырында, ар бир сунуштун эң маанилүү бир маселеси – каржылоо: айтылган реформа сунуштарын ишке ашырууга канча акча керектелет, ал акча кайдан алынат, деген суроону кабыргасынан койууну унутпоо керек.
Партиянын буга чейинки тажрыйбасы кандай? Бир нерсени билет же аткарат деп, шайлоочулар кайсы негизде партияга ишенсе болот? Шайлоо алдында сөз жүзүндө айтылган программалардын артында реалдуу күч, жөндөмдүүлүк, билим бар экенини мүмкүн болушунча тактоо зарыл. Көптөгөн партиялар эми эле түптөлгөн, же тизмесинде көптөгөн жаңы кишилер бар. Албетте, буларга партия катары 20-30 жыл бою топтогон тажрыйбасын суроо орунсуз. Анын ордуна, партиянын катарында көрсөтүлгөн кандидаттардын жеке же орток тажрыйбаларын, жетишкендиктерин, өзгөчө жиликтеп билген тармактарын, жана мамлекетти башкарууда кандай жаңычыл ойлору, билгени бар экенин суроо, алар аны айтып берүүсү абзел.
Партия кайсы башка партиялар менен иштешүүгө даяр, кимдер менен иштеше албайт? Кыргызстанда бир партия өзү жалгыз көпчүлүктү түзүп, башкаруу бийлигин өзү дайындоосу дээрлик мүмкүн эмес. Жок дегенде 2 же 3 партия коалиция түзүүсү керектелет. “Кыргызстандын өнүгүүсүн ким кааласа ошолор менен иштешебиз” деген, чынын айтканда “бизге баары бир, соода бүтүмү бычылса ким менен болсо да бириге беребиз” деген сөз. Мындай омурткасыз партиялардан кооптонуу зарыл. Шайлоодон өтүп алганча купуя кармабай, мындай маселелерди ачык талкуулоону Кыргызстандын шайлоо маданиятына киргизүү керек. Эл алдын ала билүүгө укугу бар. Жадагалса, эгер партия жеңишке жетсе, кимдерди кандай министрлик орундарга сунуштаарын да айтуу орундуу болмок. Анан да, албетте, кайсы бир партиялар көпчүлүк коалициясына кошулбай, оппозиция болуп калат. Эгер ошондой мүдөө буйуруп калса, анда оппозициячыл партия катары эмне аракеттерди жасаарын, берген убадаларын аткарууга кандай стратегиясы бар экенин суроо жөндүү болмок.
Партия кандай өлкө курууга умтулат? Партия келечекте Кыргызстан кандай өлкө, кандай коом болуусун каалайт? Бул суроо, түпкүрүндө, жогоруда айтылган идеология маселесине тете. Кыргызстан бай, өнүккөн, адилеттүү өлкө болуусун баарыбыз каалайбыз, мындай жалпы жооптор канааттандыраарлык эмес. Кыргызстан башка бир белгилүү өлкө менен кошулуп кетүүсүн каалашабы? Жалпы эле тышкы саясатында кандай жолдо өнүгүүсү керек? Кыргызстан сырткы дүйнөгө кучак жайып, өзүнө тарткан өлкө болобу, же сырткы таасирден оолак болгон, коноктун койдон жоош болгонун тилеп, узатып турган өлкө болобу? Коомдогу теңсиздиктер канчалык деңгээлде болушу керек, кантип аша чапкан теңсиздиктерди болтурбоо жолдору бар? Өлкөдө диндин, улуттук ар түрдүүлүктүн, ар кайсы адам укуктарынын орду кандай болушу керек, алар сакталуусу керекпи?
Партиянын демократияга болгон көз карашы кандай? Эң акырында, шайлоочу менен шайлануучуну байланыштырган, шайлоо күнүнө алып келген бирден-бир саясий түшүнүккө да көңүл буруу жөндүү болоор. Анткени, акыркы жылдары, бийликтин туруктуу мүчүлүштүктөрүнүн айынан, жана ар кандай пропаганда, бурмалоолордун кесепети менен, көптөгөн жарандар демократияга каршы маанай карманганы байкалат. Демократиянын бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн эмне ыңгайы, эмне мандеми бар экенин, демократия жакшы иштөөсү үчүн эмне шарттар керектигин аныктоо керек. Демократия менен мыйзамдын, тартиптин, таза башкаруунун, эркиндиктин, жана башка негизги максаттардын байланышы кандай экенин талкуулоо, жана аталган партиянын бул маселелер боюнча көз карашын, сунуштарын тастыктоо пайдалуу болмок.
Жогорудагы сунушталган суроолор, албетте, мүмкүн болгон, шайлоочу жооп алуусу зарыл болгон суроолордун бир бөлүгү эле. Ар бир шайлоочу тыңдап караса, дагы көптөгөн суроолор партиялардын жеке мүчөлөрүнө карата, мурда орун алган окуялары, демилгелери, өлкөдөгү маанилүү маселелер, жадагалса, Ковид пандемиясы жөнүндө болушу мүмкүн. Пандемия кезинде өтчү үгүт мөөнөтү өзгөчө көбүрөөк интернетте, ар кандай виртуалдуу социалдык аянтчаларда, жана дебат, пикир алышуу нугунда өткөнү тургандыктан, мындай суроолорду узатып, маанилүү маек курууга дагы да жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.
Демилгечил, ийри отуруп түз сүйлөшүүгө ынтызар партиялар болсо, жогорудагы суроолорду колуна алып, суратпай эле жоопторун элге сунушташса, андан да алгылыктуу шайлоо процесси орун алмак. Мындай мазмундуу баарлашууга умтулган партиялар саясий ачыктыкты, тазалыкты ортого коюп, андай сөздөн качкан, көлөкө издеген партияларды да ачыкка тартуусу мүмкүн. Ошондо элде чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгү болмок.