«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 3-17-мартында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарын тартуулайт

05.04.2021
«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 3-17-мартында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарын тартуулайт

Калктын 73% 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө жакшы билишет. Алардын ичинен 80% шайлоого катышууну пландаштырууда.

Мындай маалымат «Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө калктын пикири» аттуу отчетто камтылган. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет 2021-жылдын 3-17-марттагы мезгилди камтыйт.

Бул коомдук пикирдин сурамжылоосу USAIDдин колдоосунда «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу «Кыргыз Республикасында шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүү» долбоорунун шайлоочуларды окутуу компонентинин алкагында жүргүзүлгөн.

Респонденттердин 22% жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгы жогору болгондугун белгилешти. Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу ыктымалдыгынын себептерин териштирип, 61% шайлоо учурунда административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууну кадимки тажрыйба деп аташты.

Респонденттердин 20% бул шайлоодо добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин белгилешти.

Сурамжыланган респонденттер кайсы бир партияга добуш берүү чечимине таасир этиши мүмкүн болгон 3 негизги себепти, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көргүсү келген 3 негизги сапаттарды да айтып беришти. Сурамжылоо тууралуу толук маалымат биздин сайтта жайгаштырылган www.commoncause.kg

Түрү Файлдын аталышы Өлчөмү
ext Документ PDF Алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө калктын пикири 938.6KB Жүктөө
Тизмеге кайт