КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ "ЖАЛПЫ ИШ" КООМДУК ФОНДУНУН АЛДЫН-АЛА ОТЧЕТУ. БАЙКОО МӨӨНӨТҮ — 2021-ЖЫЛДЫН 15-МАРТЫНАН 4-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН

05.04.2021
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ "ЖАЛПЫ ИШ" КООМДУК ФОНДУНУН АЛДЫН-АЛА ОТЧЕТУ. БАЙКОО МӨӨНӨТҮ — 2021-ЖЫЛДЫН 15-МАРТЫНАН 4-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН

"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого даярдык көрүү боюнча узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын-ала отчетун даярдады.

Алдын-ала отчетто шайлоо дайындалган учурдан тартып 2021-жылдын 15-мартынан 4-апрелге чейинки мезгил камтылган. Анда саясий партияларды каттоо жол-жоболору, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын ишмердүүлүгү, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана жаңыртуунун жол-жоболору, маалымат берүү жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоодо байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары камтылган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өтөт. Ага кошуп Жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум дайындалган. Мындай чечим коомчулукта кызуу талашты жаратты. Белгилей кетчү нерсе, мындай көрүнүш үчүнчү ирээт кайталанып атат — буга чейин референдум үч жолу шайлоо менен биргеликте өткөзүлгөн. Депутаттар мунун бирден-бир себебин каражаттарды сарптоо менен максатында өткөзүлүп атканын айтып келишет. Бирок, референдумду мындай тез убакытта дайындоо менен ага тийиштүү көңүл бурулбай жана жаңы Конституциянын алкагында өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн толук түшүнүүгө мүмкүндүк бербей калат. Эки шайлоо процессин бириктирүү менен референдумга катышууну камсыз кылуу максатында өткөзүлүп аткандыгы тууралуу каршы пикирлер дагы айтылып келет.

Азыркы даярдалган отчет жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү боюнча байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында даярдалган, референдум мөөнөтү кийинчерээк белгиленгендиктен бул отчетко камтылган эмес.

Жергиликтүү шайлоого ат салышуу, мурункулардай болуп (парламенттик добуш берүү жана президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосундагыдай) пандемия шартында жана экономикалык кризис учурунда өткөзүлүп жатат.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо атаандаштык курч жүрүүдө. Бул арада жаңы көптөгөн партиялардын пайда болушу жана алардын ат салышууга жигердүү умтулуусу коомчулукта прогрессивдүү көз караш менен жаңы адамдарга талап болуп жатканын байкоо болот.

Маалыматка ылайык, шайлоонун алдындагы өлкөдөгү коомдук-саясий абал салыштырмалуу тынч. Жалгыз гана жергиликтүү аймактарда кооптуу абал эки жерде байкалууда. Биринчиси, Ош шаарында саясий партиялардын курчуп кеткен мамилелеринен улам, ал эми экинчиси, Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаалдан жана курч ат салышуудан улам байкалууда.

Шайлоону уюштурууда олуттуу көйгөйлөр байкалбаганын белгилесе болот. Өзгөчөлүктө саясий партиялардан талапкерлерди чыгарып салуу жана каттоодон алып салуу, жарандарды мыйзам бузууларга каршы чара көрүү чаралары жөнүндө маалымдоо жаатында. Муну тастыктап кете турчу нерселерден, борбордук АШКнын "Ак Бата" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Ыргал Кадыралиеваны тизмеден чыгарып салуусу жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн партияга жазуу жүзүндө эскертүү берүүсү болуп саналат. Бирок, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын даттанууларын жана арыздарын кароо процессине көңүл буруу керек. Мисалы, кээ бир АШКлар келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды белгиленген мөөнөттө ар дайым эле карай бербейт.

Негизинен үгүт иштерин жүргүзүү жаатында, үгүт материалдарыны зыян келтирүү, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жана добуштарды сатып алуу сыяктуу эреже бузуулар катталып атканын "Жалпы иш" коомдук фонду тарабанын анализдөөдө байкалды.

Кыргызстан бүгүнкү күндө, мыйзам чыгаруу базасын жана шайлоо процессинин институттук негиздерин жакшыртууга карабастан, бул жатта дагы деле кээ бир тоскоолдуктар менен туш болуп келатат. Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарында ар кандай деңгээлдеги шайлоону жөнгө салган, бири-бирине шайкеш келбеген өзүнчө мыйзам актылары бар. Ушундан улам, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдей процесстердин ортосунда айырмачылыктар орун алган. Мисалы, пайыздык чекте, үгүт эрежелерин жана байкоо жүргүзүү процессинде айырмаланып турат.

Фонд өткөн шайлоолорду талдоонун негизинде, ошондой эле эл аралык жана коомдук байкоочулардын сунуштарын эске алуу менен өлкөдө шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү зарыл деп эсептейт.

Шайлоо алдында ЖМКларга жана социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, республиканын жалпы маалымат каражаттары жана социалдык тармактар ​​шайлоо жүрүшүн жигердүү чагылдырып жатышат. Көбүнчөсү, мыйзам бузууларга жана паралоого байланыштуу болгон. Тактап кетсек, Фонд ушуга тийиштүү ЖМКлардан 57 басылмаларды кезиктирди.

Жалпысынан, шайлоо алдындагы негизги күрөш республикалык маанидеги шаарларда — Бишкек жана Ошто жүрүп жаткандыгын белгилөөгө болот. Бул шаарлардагы тандоонун жыйынтыгы күзүндө боло турчу парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү чөйрөсүн аныктап берээрин эксперттер белгилей кетишти.

Фонд өлкөдө жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин жана расмий жарыяланганга чейин байкоо жүргүзүүнү улантат.

Түрү Файлдын аталышы Өлчөмү
ext Документ PDF Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын-ала отчет 05.04.2021 618.6KB Жүктөө
Тизмеге кайт