“Жалпы иш” коомдук фонду, “Таза Шайлоо” ассоциациясы жана “Эгль” коомдук фонду тарабынан БШКнын тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү

23.10.2020
“Жалпы иш” коомдук фонду, “Таза Шайлоо” ассоциациясы жана “Эгль” коомдук фонду тарабынан БШКнын тегерегиндеги кырдаал боюнча билдирүү

БИШКЕК, 2020-жылдын 22-октябры – “Жалпы иш” коомдук фонду, “Таза Шайлоо” ассоциациясы жана “Эгль” коомдук фонду 2020-жылдын 20-декабрына кайрадан парламенттик шайлоо белгиленгенден кийин 2020-жылдын 21-октябрында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында болгон кырдаалга байланыштуу өздөрүнүн тынчсыздануусун билдирип жатат. Саат 16:30да КР БШКсынын төрагасы
Н.К. Шайлдабекова журналисттер менен жолукканда “криминалдык милиция кызматынын ыкчам-издөө өкүлү БШКга келип, БШКнын бардык мүчөлөрү 2020-жылдын 5-6-октябрында болгон жапырт башаламандык жөнүндө көрсөтмө берүү үчүн КР ИИМине барышын камсыздоо тууралуу тергөө бөлүмүнүн тергөө тапшырмасын көрсөткөн” деп айтты.

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө болуп жаткан бардык саясий процесстерге карабастан өз ишмердигинде көз карандысыздыкты сакташы керек. Бардык жаралган тоскоолдуктар Конституцияны бузуу болуп саналат, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүүнү камсыз кылган” конституциялык орган болуп саналат.

Бүгүнкү татаал саясий шарттарда биз БШК өз ишмердигин Конституциянын жана шайлоону өткөрүүнү жөнгө салган мыйзамдардын негизинде жүргүзүшүнө кепилдик кылуу үчүн колубуздан келген бардык нерселерди кылышыбыз керек. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясына  өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жардам көрсөтүүгө милдеттүү, тескерисинче алардын ишине тоскоолдук кылып, кысым жасабаш керек.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт”.

Биз бардык кызыкдар тараптарды БШКнын конституциялык орган катары көз карандысыз принцибин сыйлоого жана анын шайлоо алдындагы үзгүлтүксүз жумушуна көмөктөшүүгө чакырабыз.

Бардык жаңылыктар