Шайлоо мыйзамдары бузулган 67 учур «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан катталган

17.11.2020
Шайлоо мыйзамдары бузулган 67 учур «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан катталган

17-ноябрь, 2020-жыл – «Жалпы иш» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоого кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет даярдады. Ал отчет шайлоо участокторун ачуу жана жабуу, добуш берүү, добуштарды эсептөө процедураларына байкоо жүргүзүү маалыматын камтыйт. 

Байкоо жүргүзүү үчүн Фонд көз карандысыз кыска мөөнөттүү байкоочуларды тартуу жөнүндө жарыя жасап, өлкө боюнча 1176 арыз чогултуп, аларды кылдаттык менен текшерип, байкоочуларды тандап алды. Шайлоо күнүнө байкоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жана окутуу үчүн 300 негизги жана 75 резервдеги байкоочуларды тандап алды.

Шайлоо күнү Фонд 300 кыска мөөнөттүү байкоочуларды, 58 узак мөөнөттүү байкоочуларды, 58 мобилдик топту жана 8 аймактык юристтерди өлкө боюнча шайлоо участокторун ачуу, добуш берүү, добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу процедураларына байкоо жүргүзүү үчүн жөнөттү.

300 көз карандысыз кыска мөөнөттүү байкоочулар өлкө боюнча 300 УШКга жайгаштырылды, алар туш келди, стратификацияланган, интервалдык тандоо жолу менен тандалып алынган. Байкоо жүргүзүү үчүн УШКларды ушул ыкма менен тандоонун аркасында бул тандоо репрезентативдүү болуп саналат.

"Жалпы иш" коомдук фондунун статистикалык байкоосу боюнча, 2020-жылдагы шайлоого 56% шайлоочу катышкан. Салыштыруу үчүн, БШКнын 4-октябрда саат 22:30га карата берген маалыматы боюнча, шайлоого 56,2% калк катышты. Акыркы 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын активдүүлүгү (37,9%) 18,3% га көбөйгөн.

2020-жылдын 4-октябрында добуш берүү күнү шайлоо мыйзамдары бузулган 67 учур Фонд тарабынан катталган. Добуш берүү күнүндөгү бузууларга анализге ылайык, бузуулардын көпчүлүгү шайлоо комиссияларын ачууда, отурумдарды жана чүчүкулак өткөрүүдө, ТШКлардан УШКлар алган бюллетендерди кайра саноодо, добуш берүүнүн купуялуулугун бузууда, АЭУнун жана жабдуунун бузулушунда, шайлоочуну идентификациялоодо болгон.

Коомдук байкоочулар жана юристтер тарабынан УШКлардагы мыйзам бузуулар боюнча берилген жалпы актылардын саны 50, ТШКларга даттануулар - 10, ички иштер органдарына арыздар - 2 жана инциденттердин толтурулган формалары – 6 ны түздү, - деп билдирди Аида Суйундуева, фонддун жетекчиси.

Шайлоо күнүндө аймактык тилкелерде көпчүлүк мыйзам бузуулар Бишкек шаарында, ошондой эле Ош жана Чүй облустарында катталган.

Шайлоолорго байкоо жүргүзүүнүн максаты – түпкүлүктүү бузуулар, шайлоочулардын келиши жана шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды кошуп, шайлоодо эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга шайкештикке профессионалдык, калыс жана өз маалында баалоону жарандарга жана кызыкдар жактарга берүү болуп саналат.

Бардык жаңылыктар