Пресс-конференцияга чакыруу

04.10.2020
Пресс-конференцияга чакыруу

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана чет элдик дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү!

"Жалпы иш" коомдук фонду 5-октябрда саат 13:30дө Кыргызстандын бардык аймактарында фонддун байкоочулары тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн алдын-ала жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынына чакырат.


Парк Отель мейманканасы, саат 13:30дө башталат.

Иштөө тилдери: кыргыз, орус тилдери, англис тилине синхрондуу которуу менен.

Спикерлер:

  • Аида Сүйүндуева - "Жалпы иш" коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы
  • Таалай Асылбеков -  "Жалпы иш" коомдук фондунун юристи
  • Тариэл Аалиев -  "Жалпы иш" коомдук фондунун юристи
  • Раушан Садырбаева -  "Жалпы иш" коомдук фондунун долбоорунун координатору

"Жалпы иш" коомдук фонду КРнын БКдагы шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүү боюнча долбоорду ишке ашырууда. 4-октябрда байкоо жүргүзүү тандалган 300 шайлоо участкаларын, ошондой эле БШКны жана бардык аймактык шайлоо комиссияларын камтыйт. Байкоо жүргүзүүнү 300 кыска мөөнөттүү байкоочу, 116 узак мөөнөттүү байкоочу алып барат жана 8 аймактык юристтер жана 8 координаторлор, 30 башкы кеңсе кызматкерлери жана ыктыярчылар - юристтер, аналитиктер жана маалымат борборлорунун операторлору шайлоо күнү байкоо жүргүзүүнү колдошот. Бишкектеги колл-борборду башкы кеңсе иштетет. Шайлоого мониторинг «2020-жылы Кыргыз Республикасында парламенттик шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүү» аталышындагы долбоордун алкагында жүзөгө ашырылат, жана ал ЮСАИДдин колдоосу менен «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлөт.

Маанилүү жарыя: Шайлоо күнү, 4-октябрда, Common Cause билдирүүлөрүн жасайт жана пресс-релиздерди электрондук почта аркылуу таркатат. Фонддун расмий YouTube жана Facebook каналдарында түз ободо тематикалык маалымат мезгил-мезгили менен жайгаштырылып турат. Тематикалык инфографика Фонддун социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жана веб-сайтта үч тилде тең жайгаштырылат

Бардык жаңылыктар