"Жалпы иш" Коомдук Фонду: Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын-ала билдирүү

12.07.2021
"Жалпы иш" Коомдук Фонду: Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын-ала билдирүү

Бишкек, 12-июль, 2021-жыл - "Жалпы иш" Коомдук Фонду: Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын-ала билдирүү

Кайталап шайлоо, негизинен тынч, шайлоочулардын аз катышуусу менен, жана мыйзамга ылайык өттү, бирок айрым байкоочулар добуш берүү күнүнүн процедуралары жана добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгын белгилешти. Шайлоо алдындагы мезгилде шайлоочуларга мурдагы шайлоолордогудай добуш сатып алуу фактылары болгон.

“Жалпы иш” КФ белгилегендей, кайталап шайлоону өткөрүүгө баа берүү шайлоо алдындагы мезгилге толук байкоо жүргүзүүгө жана көчмө добуш берүү күнү 43 УШКнын жана шайлоо күнү 52 УШКнын үч шаарда жүргүзүлгөн байкоосуна негизделет.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн чектелген мониторингдин натыйжалары боюнча, "Жалпы иш" КФ төмөнкүлөрдү белгилейт:

  • Кайталап шайлоону уюштуруу жана өткөрүү чыңалган кырдаалда өттү, алардын себептери болуп: COVID-19 эпидемиясынын үчүнчү толкунунун курчушу, баалардын өсүшү, жумушсуздуктун өсүшү, сугат суусунун тартыштыгы жана саясий реформалар жүрүп жаткан мезгили.
  • Ушул көйгөйлөргө жана шайлоонун кыска мөөнөттөрүнө, ошондой эле шайлоого даярдануу мезгилине туура келген Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамын шайлоого карабастан, БШК добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессин шайлоо мыйзамдарына ылайык уюштурууга жетишти. Шайлоочуларды жана жалпы талапкерлердин тизмесин каттоонун этаптары белгиленген тартипте жана мөөнөттө өттү, бирок талапкерлердин тизмесин каттоо этабында жаңы партиялардын каттоосуна байланыштуу арыздар түшкөн. Фонд белгилегендей, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга алып келген саясий партиялардын катышуусуна тыюу салуу боюнча мыйзамдардагы боштук кыйла олуттуу көйгөй болуп саналат жана мыйзамдык жөнгө салууну талап кылат.
  • Ошол эле учурда Фонд БШКнын Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу боюнча иш-аракеттери, шайлоочулардын массалык түрдө мыйзамсыз каттоосу ("резина батирлер" деп аталган) менен байланышкан чуулгандуу окуялар, жана ошондой эле “Ынтымак” партиясы көрсөткөн Ош шаардык кеңешинин талапкерлеринин каттосун жокко чыгаруусу саясий партияларга сабак болгон жок.
  • Шайлоочулардын белгилүү бөлүгү Борбордук шайлоо комиссиясынын бул шаарларда шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө чечимин жакшы кабыл алышкандыгына жана кайталап шайлоо паракорчулуксуз жана административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонбостон өтөт деп күтүшкөнүнө карабастан, Фонд белгилендей, добуш сатып алуу жана административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу аркылуу шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасир этүүчү каардуу тажрыйба кайталап шайлоодо колдонулуп келе жатат.
  • Добуш сатып алуу, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу фактылары жөнүндө келип түшкөн сигналдарга укук коргоо органдары тезирээк реакция кыла башташты жана бир катар учурларда алар өзүлөрү мүмкүн болгон мыйзам бузууларды түздөн түз аныкташты. Учурда бир катар иштер сотко чейинки өндүрүш стадиясында турат жана Фонд аларды иликтөөнүн жүрүшүнө көз салат. Добуш сатып алуу жана административдик ресурстарды туура эмес пайдалануу сыяктуу мыйзам бузуулар барган сайын жашыруун түргө айланып бара жаткандыгын дагы белгилей кетүү керек. БШКнын жана укук коргоо органдарынын бул мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерине карабастан, шайлоочулардын жана саясий партиялардын аң-сезимдүү эркисиз бул көрүнүштөрдү жоюу мүмкүн эмес.
  • Талапкерлердин бир саясий партиядан экинчи саясий партияга саясий "миграциясына" байланыштуу, саясий уюмдардын талапкерлеринин тизмелери 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоого салыштырмалуу олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Ошентип, кайталап шайлоого талапкерлердин айрымдары башка саясий партиялардын тизмесинде көрсөтүлгөн. Бул жагдай саясий партиялардын туруксуздугун, талапкерлердин саясий аң-сезиминин төмөндүгүн күбөлөндүрөт, натыйжада шайлоочулар үчүн тандоону татаалдаштырат жана шайлоочулардын саясий партиялар институтуна, шайлоолорго жана шайланган талапкерлерге болгон ишенимине терс таасирин тийгизет.
  • Фонд, алдын-ала билдирүүсүндө, буга чейин кайрадан шайлоого катышуу аз болорун белгилеген. “Жалпы иш” Фонду шайлоого саясий катышпоо көйгөйү бар деп эсептейт, анын натыйжасында шайлоочулардын аз эле бөлүгү шайлоодо чечим кабыл алат, бийликти түзөт жана жалпы шаардын жашоосуна таасир этет. Жай мезгилине, пандемияга, экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу себептерден тышкары, Фонд шайлоочулардын төмөнкүдөй себептери боюнча шайлоого барбай тургандыгын белгилейт:
    • үгүт мезгилиндеги саясий партиялардын пассивдүүлүгү;
    • саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин түзүү практикасы ачык эмес жана шайлоочулар үчүн түшүнүксүз бойдон калууда, ошондуктан шайлоочуларга тандоо жасоо кыйынга турат;
    • саясий партиялар шайлоочулардын көпчүлүгүн шаардык кеңештерге кайталап шайлоого катышууга толук үгүттөй алышкан жок;
    • шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгү талапкерлер жана олуттуу финансылык ресурстарга ээ партиялар гана депутаттык мандат ала алат деп эсептешкенде, добуш берүүнүн натыйжаларына каржылык ресурстардын таасири;
    • шайлоочулардын шайлоодон чарчоосу. Акыркы 10 ай ичинде төрт шайлоо өнөктүгү жана эки референдум болгонун эске салабыз.

Кайталап шайлоолорго байкоо жүргүзүү шайлоочулардын жигердүүлүгүнүн төмөндөшүн гана эмес, саясий партиялардын, буга чейин шайлоого активдүү катышкан айрым саясий партиялар кайра шайлоого катышуудан баш тартканын, бул саясий чөйрөнүн өзгөрүп жаткандыгын жана партиялардын чектелген ресурстарын көрсөтөт.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү жана ал жерде добуш берүү процесси мыйзамдын чегинде уюштурулуп, Фонддун байкоочуларынан турган шайлоо участкаларындагы мониторингдин маалыматтары боюнча олуттуу мыйзам бузууларсыз жүрдү. Байкоочулар шайлоо күнү участкалардан тышкары добуш берүү күнүнө салыштырмалуу мыйзам бузуулар азыраак болгонун билдиришти. Мисалы, шайлоо күнү жол-жоболорду бузуу, добуш берүүнүн купуялыгын бузуу боюнча айрым учурлар катталды, ошондой эле шайлоочуларга пара берүү фактылары жөнүндө сигналдар болду. Коомдук байкоочуларга кысым көрсөтүүнүн айрым учурлары, уруксаты жок адамдардын, ошондой эле Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоо участкаларында спорттук дене курулушу бар адамдардын болушу, бул көрүнүш бир шайлоо өнөктүгүнөн экинчисине кайталанып жаткандыгы тынчсызданууну жаратат. Фонд шайлоо күнүндө мыйзам бузуулар жөнүндө сигналдар шайлоо жараянынын ар кандай субъекттеринен участоктордон тышкары кырдаалга байланыштуу көбүрөөк келип жаткандыгын белгилейт.

Фонд шайлоодогу арыздарды жана талаш-тартыштарын кароону, анын жыйынтыктарын жана шайлоодон кийинки мезгилди жыйынтыктап чыгаруу байкоосун улантат. Байкоонун толук натыйжалары, ошондой эле сунуштар жана тыянактар ​​акыркы отчетто чагылдырылат.

Фонд ыктыярчыларга, байкоочуларга жана бардык кызматкерлерге пандемиянын шартында жасаган иштери үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

 Шайлоо күнү

Стационардык байкоо 326 УШКнын ичинен 52 УШКда жүргүзүлдү, анын 31и Бишкекте, 18и Ошто жана үчөө Токмокто.

Мындан тышкары, Фонддун кызматкерлеринен турган сегиз мобилдик топ Бишкекте, бешөө Ошто, бирөө Токмокто иштешти. Мобилдик топтор шайлоо участкаларынын сыртында көзөмөл жүргүзүштү.

Ачылуу процедуралары

Фонддун байкоочуларынан алынган маалыматтарга ылайык, 52 байкоочунун бардыгы шайлоо участогуна байкоо жүргүзүү үчүн киргизилген.

50 УШКда Фонддун байкоочуларына визуалдык текшерүү үчүн бош бюллетендер көрсөтүлдү.

5 УШКда комиссиянын жыйналышы саат 07:00гө чейин, 36 УШКда 7:00дөн 7:30га чейин, 10 УШКда 7:30дан кийин башталды жана бир УШКда жыйналыш болгон жок.

47 УШКда башчылары болуп аялдар шайланган, ал эми 5 УШКда эркектер башкарат.

51 УШКда COVID-19 каршы сунуштар аткарылган. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 35 УШКда гана шарттар түзүлгөн.

Чүчүкулак тартуу 1 УШКда өткөрүлгөн жок (№ 1309 УШК, Бишкек шаары), ошол эле УШКда жыйналыш болгон эмес.

Бардык 52 УШКда бош шайлоо үкөктөрү катышуучуларга көрсөтүлүп, мөөр басылып / пломба коюлган, ошондой эле 50 УШКда текшерүү тизмесине участокто отургандар кол коюшуп, шайлоо үкөктөрүнө түшүрүлгөн.

48 УШКда ачылыш процедурасынын жүрүшүндө, АШКлардан алган бюллетендерин кайра санап чыгышкан.

Бир дагы УШКда Фонддун байкоочуларынын укуктары бузулган жок.

Бардык УШКлар кечиктирбестен ачылды, алардын 13ү саат 08:00гө чейин ачылды, саат 08:00дө - 39 УШК ачылган.

Добуш берүү процесси

Биздин байкоочулардан алынган жыйынтыктарга ылайык, бир дагы УШКда шайлоочуларды коркутуу, кысым көрсөтүү же коркутуу учурлары болгон жок, ошондой эле добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүү учурунда Фонддун байкоочуларынын укуктары бузулган учурлар болгон жок.

Шайлоо учурунда добуш берүүнүн купуялуулугу 5 УШКда сакталган жок.

Добуш берүү учурунда байкоочулар шайлоо участогунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин болушу 5 жолу байкалган, 4 жолу – укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 4 жолу - саясий партиялардын талапкерлери болгонун белгилешти.

38 УШКда COVID-19 сунуштары күн бою добуш берүү процессинде аткарылды.

Шайлоо күнү төмөнкүдөй техникалык мүчүлүштүктөр болгон:

Автоматташтырылган үкөктөрдүн иштен чыгышы - 8

Автоматташтырылган үкөктөрдүн жана идентификациялоочу жабдуулардын иштен чыгышы - 3

Идентификациялоочу жабдуулардын иштен чыгышы - 3

Шайлоочуну идентификациялабай туруп добуш берүүгө уруксат берген учурлар болгон жок, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок экендигине карабастан, добуш берүүгө уруксат берилген бир дагы учур катталган жок.

3 УШКда автоматташтырылган үкөктөр техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам стационардык урнага алмаштырылды.

51 УШК саат 20:00дө, бир УШК 20:00гө чейин жабылды. 

Участканын сыртында байкоо жүргүзүү (мобилдик топтор).

Алынган маалыматтарга ылайык, мобилдик топтор шайлоо участкаларынын айланасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүп, баа берип, 53 УШКны камтыды. Байкоолордун негизинде төмөнкүдөй тыянактар чыгарылды:

Бишкектеги төрт узак мөөнөттүү байкоочулардан жана Башкы кеңсенин төрт кызматкеринен турган мобилдик топтор 31 УШКда байкоо жүргүзүштү (№1206, 1113, 1222, 1240, 1157, 1158, 1151, 1208, 1152, 1332, 1330, 1334, 1337, 1322, 1318, 1321, 1351, 1343, 1317, 1003, 1011, 1048, 1354, 1358, 1305, 1239, 1241, 1305, 1317, 1061, 1034).

Аймактык координатор, үч узак мөөнөттүү байкоочу жана бир ыктыярчыдан турган Ош шаарындагы мобилдик топтор 10 УШКда байкоо жүргүзүштү (№5307, 5309, 5308, 5299, 5304, 5280, 5901, 5306, 5303, 5310).

Токмок шаарында мобилдик топ катары аймактык координатор 12 УШКда байкоо жүргүзүштү №7065, 7067, 7068, 7070, 7064, 7071, 7075, 7072, 7074, 7062, 7077, 7063).

Мобилдик топтордун байкоо маалыматтары боюнча, төмөнкү пункттар аныкталды:

Участканын айланасындагы кырдаал: 47 жерде тынч, 6 жерде кырдаал чыңалган.

2 участокто автоматташтырылган башкаруу тутумунун иштен чыкканына байланыштуу кезектер топтолгон.

2 шайлоо участкасында шайлоочуларды автоунаа менен ташып келгени белгилүү болду.

12 шайлоо участкасында белгисиз күчтүү дене түзүлүшү менен адамдар бар экендиги байкалган.

3 шайлоо участкасында COVID-19 иш-чараларынын сакталышына байланыштуу УШКлардын жанында көптөгөн кезек күткөн  шайлоочулар болгон.

Байкоо COVID-19 эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кризистик шартта болгонун белгилөө керек, бирок мобилдик топтордун отчеттору боюнча:

  • 37 УШКда COVID-19га каршы чаралар добуш берүү процессинде күн бою сакталган, 16 УШКда жарым-жартылай аткарылган.
  • 36 УШКда шайлоочулар добуш берүү учурунда COVID-19 байланыштуу сунуштарды аткарышкан, 17 УШКда жарым-жартылай аткарышкан.

Добуш берүү учурунда шайлоочуларды коркутуу, кысым көрсөтүү же коркутуу учурлары байкалган жок.

Добуш берүүнүн купуялыгын бузган учурлар байкалган жок.

Толтурулган бюллетенди сүрөткө жана видеого тартуу учурлары болгон жок.

Добуш берүүчү кабинада бирден ашык шайлоочу байкалган жок.

Добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү учурунда коомдук байкоочунун укуктары 1 участокто бузулган.

Добуш берүү күнү мыйзамсыз үгүт жүргүзүү: №5310, 5308 шайлоо участокторунда байкалган.

Добуш сатып алуу боюнча сигналдар: №1240, 1011 шайлоо участокторунан түшкөн.

Байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз чектөө: №1061 шайлоо участкасында байкалган.

14 шайлоо участогунда добуш берүү бөлмөсүндө шайлоо комиссиясыга карабаган адамдар байкалган, анын ичинде 13 шайлоо участкасында Ички иштер органдарынын өкүлдөрү, 1 шайлоо участкасында белгисиз адамдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер болгон.

Автоматташтырылган үкөктөрдүн иштен чыгышы 3 участокто байкалган.

Идентификациялоо үчүн жабдуулардын иштен чыгышы 1 жерде байкалган.

Жабуу жана добуштарды саноо процедуралары

УШКлар жабылып жаткан учурда, 23 УШКда күтүп турган шайлоочуларга добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилген. Калган 29 УШКда кезек болгон жок.

Бардык байкалган 52 УШКда, шайлоо участкасы жабылгандан кийин, добуштарды эсептөө процедуралары дароо башталды жана жабылган 52 УШКнын баарында колдонулбай калган бюллетендер кайра саналып, мыйзамга ылайык жокко чыгарылды.

Тизме менен иштөө 50 УШКда жүргүзүлдү (ар бир баракчага маалыматтарды киргизүү, жалпы шайлоочулардын тизмеси боюнча акыркы маалыматтарды киргизүү, УШКнын төрагасынын колу жана мөөрү менен тизмени күбөлөндүрүү).

Мыйзамга ылайык көчмө үкөктөрдү ачуу жана кол менен саноо 52 УШКнын баарында болуп өттү.

Бардык 52 байкоочу тең, кол менен саноо протоколунун тастыкталган көчүрмөсүн ала алышты.

УШКнын жабуу процедурасында COVID-19га байланыштуу сунуштар 49 УШКда байкалган, калган 3 УШКда болгон эмес.

Бир УШКда жабуу жана добуштарды саноо процедураларына байкоо жүргүзүүдө коомдук байкоочунун укуктары бузулган.

Добуш берүүүчү жайдан тышкары добуш берүү күнү

Жалпысынан 43 УШК камтылды, анын 25и Бишкекте, 15и Ошто жана үчөө Токмокто. Байкалган УШКларда, Ош шаарынын бир участкасында процесстик бузууларды эске албаганда, олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок.

Фонддун байкоочулары билдиргендей, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө катышуу үчүн жазылган арыздардын реестри бардык 43 УШКларда коюлган. Шайлоочулардын реестри жабылгандан кийин, добуш берүүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды каттоо журналына кирген бир дагы учур болгон жок.

Бардык 43 УШКларда байкоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө үкөктөр көрсөтүлгөн.

42 УШКда бош көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен басылып бекитилген, Ош шаарындагы №5322 УШКда гана мөөр басуу процедурасы толук эмес болгондуктан, биздин байкоочу УШКнын мүчөлөрүнө кайрылган.

42 УШКда текшерүү баракчасына участкада отургандардын бардыгы кол коюшуп, көчмө добуш берүүчү үкөктүн ичине түшүрүшкөн жана ошол эле Ош шаарындагы №5322 шайлоо участкасында процедуралык бузуу байкалган.

Ош шаарында №5316 УШКда, жайдан тышкары жерде добуш берүү учурунда, 2 шайлоочу добуш берген, бирок алар жайдан тышкары добуш берүүгө арыз беришкен эмес жана тиешелүү реестрге киргизилген эмес. Бул факт боюнча Фонддун байкоочулары тиешелүү актыларды түзүшүп, Ош АШКга арыз менен кайрылышкан.

COVID-19га байланыштуу эскертүүлөр жана сунуштар байкалган 43 УШКнын ичинен 32 УШКда гана аткарылган, бир УШКда жарым-жартылай аткарылган жана 10 УШКда такыр аткарылган эмес.

Байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же байкоо жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды алганга тоскоолдук кылган бир дагы учур болгон жок, байкалган 43 УШКда шайлоочулардын эркин билдирүүгө эч ким таасир эткен жок жана добуш берүүнүн купуялуулугу сакталды.

Бардык байкалган 43 УШКда УШК мүчөлөрү бюллетень берилгенде шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочулардын маалыматын каттады жана “Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди” деген белги киргизилди.

Бардык 43 УШКда добуш берүү аяктагандыгы жөнүндө актылар түзүлгөн.

Добуш берүү күндөрү мыйзам бузуулар

"Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күндөрү 2021-жылдын 11-июлу саат 18:00 карата 35 мыйзам бузууну каттады жана жаңыртылышы мүмкүн. Алардын 17си Бишкек шаарында; Ош шаарында 18.

Бишкек шаарында 17 факт бар

Алардын ичинен мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: шайлоо участкаларын ачуу учурундагы процесстик бузуулардын 7 фактысы, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу (анын ичинде бюллетендин сүрөтү жана видеосу) - 4 факт, добуш сатып алуу - 2 факт, шайлоочулардын тизмесин көзөмөлдөө партиянын өкүлү тарабынан - 1 факт, УШКнын айланасындагы белгисиз адамдардын топтолушу - 1 факт.

Ош шаарында 18 факт

Алардын ичинен мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: шайлоо участкаларын ачуу, шайлоочулардын тизмесин жана добуш берүү процедураларын партиянын өкүлү көзөмөлдөө учурунда жол-жобо бузууларынын 5 фактысы - 2 факт, УШКларда уруксатсыз адамдардын катышуусу - 2 факт.

Жергиликтүү АШКларга 17 сигнал келип түшкөн (Бишкек АШК - 3, Ош АШК - 14) жана ЫЧКТга - шайлоо алдындагы мезгилде - 5 сигнал жана шайлоо күнү - 7 сигнал келип түшкөн). 

Шайлоо алдындагы мезгил

Шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоонун алдындагы мезгил COVID-19 эпидемиясынын үчүнчү толкунунун күчөшүнө байланыштуу, жана ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчушу, саясий реформалардын жүрүшү менен жана жай мезгилине байланыштуу шайлоочулар шайлоо процесстеринде пассивдүү.

Өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга байланыштуу Фонд калктын арасындагы чыңалуу азык-түлүктүн кымбатташына, айрым аймактарда кургакчылыкка, электр энергиясы менен газдын үзгүлтүккө учурашына, жумушсуздуктун өсүшүнө, кылмыштуулуктун өсүшүнө, вакцинациянын төмөндүгүнө жана COVID-19 менен ооругандардын саны кескин түрдө көбөйүшүнө байланыштуу деп белгилейт.

Мыйзамга ылайык, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештеринде кайталап шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн 20 күн берилген (20-июндан 10-июлунун саат 8:00гө чейин).

Үч шаардын шаардык кеңештерин кайталап шайлоого 26 партиянын талапкерлери катталды. Алардын 18и Бишкек шаардык кеңешинде, тогузу Ошто жана алтоосу Токмокто катталган.

Шайлоо алдындагы мезгилдеги узак мөөнөттүү байкоо көрсөткөндөй, айрым жигердүү партиялар катышуудан баш тартышып, шайлоочулардын гана эмес, ошондой эле саясий партиялардын кайталап шайлоодо активдүүлүгү төмөн, бул өлкөдөгү саясий кырдаалдын өзгөрүп жаткандыгын көрсөтүшү мүмкүн , ошондой эле партиялардын кайталап шайлоо үчүн топтой алган ресурстары чектелгени байкалат. Эки партия басмакана материалдарды чыгаруудан жана баннерлерди ижарага алуудан таптакыр баш тарткандыгын билдирип, интернет мейкиндигинин социалдык тармактарындагы үгүт иштерин жүргүзүүнү артык көрүштү.

Фонддун байкоочулары менен маектешкен саясий партиялар негизги көйгөй катары шайлоочулардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө маалыматынын төмөндүгүн жана учурдагы шарттарда үгүт иштерин жүргүзүүнүн татаалдыгын белгилешти.

Акыркы шайлоолор жокко чыгарылгандыгына карабастан, административдик ресурсту колдонуу жана айрым партиялар тарабынан паракорчулук, ошондой эле үйдүн жана кварталдык комитеттердин башчыларын тартуу практикасы ушул үч шаарда тең сакталып келе жатат. Фонд ошондой эле кайталап шайлоодо паракорчулук жашыруун формаларга ээ болуп жаткандыгын жана өткөн жергиликтүү шайлоолордо катталган мыйзам бузуулар боюнча тергөө иштери аягына чыга электигин белгилейт.

Шайлоо алдындагы мезгилдеги мыйзам бузуулар

2021-жылдын 18-июнунан 9-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде шайлоо мыйзамдарын бузуунун 83 фактысы аныкталды, анын ичинен:

  • Шайлоо өнөктүгүнүн эрежелеринин бузулгандыгы жөнүндө 65 сигнал
  • Добуштарды сатып алуу боюнча 11 сигнал
  • Административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуу жана кысым көрсөтүү боюнча 5 сигнал
  • 1 талапкерди каттоонун жол-жоболорун бузгандыгы боюнча
  • 1 УШКнын курамы боюнча.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин бузулгандыгы боюнча 65 билдирүүнүн ичинен, 52 арыз Ош шаарындагы АШКга берилген.

52 сигнал боюнча билдирүүлөр АШКга жана 2 эреже бузуу белгиси менен БШК тарабынан түзүлгөн ЫЧКТга маалымат берилди.

Келип түшкөн билдирүүлөрдөн шаарлар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Ош шаары - 52. Мыйзам бузуулар түрлөрү боюнча: Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин бузулгандыгы жөнүндө 47 билдирүү, добуш сатып алуу боюнча 3 сигнал, талапкерлердин тизмеси боюнча 1 жана УШКнын курамы боюнча 1.

Бишкек шаары - 24. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин бузулгандыгы жөнүндө 17 билдирүү, добуш сатып алуу боюнча 5 билдирүү, 2 административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу боюнча.

Токмок шаары - 7. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: 1 сигнал шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин бузулгандыгы жөнүндө, добуш сатып алуу боюнча 3 билдирүү, административдик ресурстарды кыянаттык колдонуу боюнча 3 сигнал.

Бардык жаңылыктар