2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти, өз ыйгарым укуктарынын чегинде мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу, 5 жылдык мөөнөткө шайланган 90 депутаттан турган жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө Конституциядан келип чыккан зарыл чараларды көрүп, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарды жана өздөрүнүн чечимдерин Конституцияга ылайык келтириш керек.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо тутумдарынын эки сунушталган вариантын иштеп чыгып, сунуштады.
Ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду даярдоону жана өткөрүүнү көз карандысыз көзөмөлдөөчү “Жалпы иш” коомдук фонду (мындан ары - Коомдук фонд) талкуулоо үчүн сунуш кылынган шайлоо тутумдарын карап чыгып, ар бир сунушталган шайлоо тутумунун өзүнүн артыкчылыктары бар, бирок алардын ар биринин ишке ашырылышы терс таасирлерге жана эки ача натыйжаларга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.
Ачык тизмелер менен пропорционалдык тутум боюнча
Шайлоо жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ сунуштаган вариантта бүтүндөй өлкө бирдиктүү округ болгон Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тутуму каралган. Муну менен бирге, добуш берүү күнү шайлоочу саясий партияны да, саясий партиянын тизмесиндеги бир талапкерди да тандап алууга укуктуу. Ошентип, эң көп шайлоочу добуш берген талапкерлер мандат алышат.
Коомдук фонд, эгерде мындай тутум тандалса, шайлоонун жыйынтыгы боюнча чакан райондорго салыштырмалуу шайлоочулардын саны көп райондордон талапкерлердин өкүлчүлүгү көбүрөөк болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши түзүлүүнүн мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилейт. Мисалы, “Тизме” порталынын 2021-жылдын апрелиндеги маалыматы боюнча Кара-Суу районундагы шайлоочулардын саны 246 795 адамды түзсө, жалпы Талас облусундагы шайлоочулардын саны 159 532 шайлоочуну түзгөн, же, мисалы, Чүй облусундагы шайлоочулардын саны 596 832 адамды, ал эми Нарын облусунун 204 218 адамды түзгөн. Ар кайсы региондордогу шайлоочулардын санынын мындай айырмачылыгында парламентте чакан райондордон, облустардан өкүлдөрү болбой калуу коркунучу ар дайым бар.
Коомдук фонд ошондой эле сунушталып жаткан моделде аялдар үчүн резервдик орундардын болгонуна карабастан, ачык тизмелер менен пропорционалдык тутум иш жүзүндө жаштардын, этностук азчылыктардын жана ДМЧАнын кызыкчылыктарын эске албай жаткандыгын белгилейт. Аталган коркунуч ушул категорияларды талапкерлердин тизмесине киргизүү талабына карабастан, ачык тизме тутуму боюнча шайлоочу түздөн-түз талапкерди тандайт жана эреже боюнча жаштардын, этностук азчылыктардын жана ДМЧАнын пайдасына шайлоо жүргүзүлбөйт.
Аталган тутумду тандоодо калк туш боло турган көйгөйлөрдүн бири ушул тутумду ишке киргизүү жана ийгиликтүү иштетүү үчүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга бир топ убакыт керектиги болуп саналат, анткени, добуштарды ар бир партия боюнча дагы, партиянын тизмесиндеги ар бир талапкер боюнча дагы эсептеп чыгуу зарылчылыгына байланыштуу добуштарды эсептөө жол-жобосу татаалыраак болот. Мындан тышкары, шайлоо комиссиялары үчүн гана эмес, жалпы шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн окуу өткөрүү керек, өзгөчө, добуш берүү жол-жоболорун так жана ачык түшүнүү максатында шайлоочулар менен кеңири масштабдуу иш алып баруу керек.
Аралаш (жарыш) тутум
Коомдук фонд шайлоону мажоритардык тутум жана пропорционалдык тутум боюнча саясий партиялардын талапкерлеринин жабык тизмелери менен сунушталган аралаш тутум боюнча өткөрүлгөндө бир катар кыйынчылыктар болушу мүмкүн экендигин белгилейт. Ошентип, бир мандаттуу округдардын чектерин аныктоо жана бекитүү этабында баштапкы кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн, анткени айрым административдик-аймактык бирдиктердин калкынын өкүлчүлүгүн камсыз кылуу жана бир мандаттуу округдардын бекитилген чектерине нааразычылыгын билдирүү үчүн шарттарды түзүү көйгөйлөрү келип чыгышы мүмкүн.
Мындан тышкары, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо учурунда талапкерлер менен алардын тарапташтарынын ортосунда жергиликтүү чыр-чатактар, соттук талаш-тартыштар болуп, натыйжада Жогорку Кеңештин жаңы курамын түзүүнүн узак мөөнөтүнө алып келиши мүмкүн болгон шайлоону мажоритардык тутум боюнча өткөрүү тажрыйбасын эске алуу зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле, саясий партиялардын талапкерлеринин жабык тизмелери болгон учурда талапкерлерди көрсөтүү этаптарында жана шайлоо күнүнөн кийин саясий партиядан талапкерлердин тизмесинин сапаттуу курамына мүмкүн болуучу ички партиялык коррупциянын таасири, партиянын лидеринин жеке артыкчылыктарына жана талапкерлердин каржылык абалына жараша сакталып калууда.
Шайлоону аралаш тутум боюнча өткөрүү иш жүзүндө айкалышкан шайлоону өткөрүүнү билдирет, анда шайлоо участокторун жетиштүү көлөмдө АЭУ (Автоматтык эсептөөчү урна) жабдуулары менен жабдуу керек болот, бул бир мандаттуу округдагы талапкерлер боюнча да, саясий партиялардын тизмелери боюнча да өзүнчө добуш берүү жол-жобосун, ошондой эле АЭУлар бузулуп, андан ары колдонууга мүмкүн болбогон учурда, аларды алмаштыруунун мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. Мындан тышкары, ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларына административдик жүк бир кыйла жогорулашы мүмкүн, бул акыр аягында алардын шайлоолорду өткөрүү сапатына таасирин тийгизиши мүмкүн.
Сунуш кылынган шайлоо тутумдарын талдоонун негизинде "Жалпы иш” КФ жалпысынан, сунушталган шайлоо тутумдарынын түрлөрүндө финансылык статусу жетишсиз болгон талапкерлер үчүн шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгү камсыз кылынбайт деп белгилейт. Мында, эки тутумда тең шайлоочуларды сатып алуу жана башка кыянаттык менен пайдалануу жогору бойдон калууда. Натыйжада, мунун бардыгы Жогорку Кеңештин “олигархиялык” курамын түзүүгө алып келиши мүмкүн.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, “Жалпы иш” коомдук фонду өзүнчө сунушталган шайлоо тутумун бөлүп карабайт, муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо моделин тандоо жөнүндө чечим өлкөнүн бардык региондорундагы шайлоо процессинин бардык катышуучулары (шайлоочулар, саясий партиялар, жарандык коом жана башкалар) менен кеңири коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынышы керек деп белгилейт.
Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тар мөөнөттөр ичинде божомолдонгонун эске алуу менен, кеңири коомдук талкуу белгилүү шайлоо моделин тандоо тууралуу чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет, ошондо ал элдин ишенимин арттырып, кызыкчылыктарын чагылдырат жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын шайлоо укуктары сакталат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун ишенимдүүлүгүн, ачыктыгын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, анын легитимдүүлүгүн камсыз кылат.