"Жалпы Иш" коомдук фонду: Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо УШКларды ачуу тартиби жөнүндө

11.07.2021
"Жалпы Иш" коомдук фонду: Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо УШКларды ачуу тартиби жөнүндө

"Жалпы Иш" коомдук фондунун байкоочулары Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү күнүнө байкоо жүргүзүүдө.

Байкоо 52 УШКда жүрүп жатат, анын ичинде 31 УШК Бишкекте, 18 УШК Ошто жана үчөө Токмокто.

Мындан тышкары, фонддун кызматкерлеринен түзүлгөн сегиз мобилдик топ Бишкек шаарында, бешөө Ошто, бирөө Токмокто. Алар участкалардын тышында көзөмөл жүргүзүп жатышат.

Биздин байкоочулардан алынган маалыматтарга ылайык, 52 байкоочу тең байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участогуна киргизилген.

50 УШКда биздин байкоочуларга визуалдык текшерүү үчүн бош бюллетендер көрсөтүлдү.

5 УШКда комиссиянын жыйналышы саат 07:00гө чейин башталды, 36 УШКда 7:00-7:30 чейин, 10 УШКда жыйналыш  7:30 кийин башталган жана бир УШКда жыйналышы  болгон жок.

47 УШКда башчылары болуп аялдар шайланган, ал эми 5 УШКда эркектер башкарат.

51 УШКда Covid-19 каршы сунуштар аткарылууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 35 УШКда гана шарттар түзүлгөн.

Чүчүкулак тартуу 1 УШКда өткөрүлгөн жок (№ 1309 УШК, Бишкек шаары), ошол эле УШКда жыйналыш болгон эмес.

Бардык 52 УШКда бош шайлоо үкөктөрү катышуучуларга көрсөтүлүп, мөөр басылып / пломба коюлган, ошондой эле 50 УШКда текшерүү тизмесине участокто отургандар кол коюшуп, шайлоо үкөктөрүнө ташташты.

48 УШКда ачылыш процедурасынын жүрүшүндө, АШКлардан алган бюллетендерин кайра санап чыгышкан.

Бир дагы УШКда биздин байкоочулардын укуктары бузулган жок.

Бардык УШКлар кечиктирбестен ачылды, алардын 13ү саат 08:00гө чейин ачылды, саат 08:00дө - 39 УШК ачылган.

Бардык жаңылыктар