"Жалпы иш" коомдук фонду: Кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде 83 мыйзам бузуу аныкталды

10.07.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду: Кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде 83 мыйзам бузуу аныкталды

2021-жылдын 10-июлуна карата шайлоо мыйзамдарынын аныкталган бузуулары жөнүндө алдын-ала маалымат.

2021-жылдын 18-июнунан 9-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүү мезгилинде, "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуунун 83 фактысы аныкталды.

Алардын ичинен:

  • Шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65 факт
  • Добуш сатып алуу боюнча 11 факт
  • Административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуу жана кысым көрсөтүү боюнча 5 факт
  • Талапкерлерди каттоонун жол-жоболорун бузгандыгы жөнүндө 1 факт
  • УШКнын курамы жөнүндө 1 факт.

Үгүт эрежелерин бузуу боюнча 65 фактынын ичинен, Ош шаарындагы АШКга 52 арыз жана кайрылуулар жиберилген.

52 факт боюнча арыздар АШКга жана 2 мыйзам бузуу фактысы боюнча маалымат БШК тарабынан түзүлгөн ЫЧКТга өткөрүлүп берилди.

Кабыл алынган билдирүүлөрдүн ичинен шаарлар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Ош шаарында 52 факты катталды. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу - 47 факты, добуштарды сатып алуу боюнча 3 факт, талапкерлердин тизмеси боюнча 1 факт жана УШКнын курамына ылайык 1 факт.

Бишкек шаарында 24 факты катталды. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: 17 шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу, 5 добуш сатып алуу, 2 административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу фактылары.

Токмок шаары - 7. Мыйзам бузуулардын түрлөрү боюнча: 1 шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу, 3 добуш сатып алуу, 3 административдик ресурстарды колдонуу фактылары.

Жергиликтүү жана эл аралык масштабдагы бир катар байкоо жүргүзүү миссияларынан айырмаланып, шайлоо участкаларында мыйзам бузууларды азайтууга түзүлгөн шарттарды эске алуу менен, Фонд Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын депутаттарынын кайталап шайлоосунда байкоо жүргүзүүнү чечкен, анын ичинен шайлоо алдындагы үгүт мезгилине өзгөчө көңүл буруу менен жүргүзүп жатат, анткени дал ушул шайлоо алдындагы мезгилде үгүт эрежелерин бузуу, добуш сатып алуу, административдик ресурстарды кыянаттык менен колдонуу, шайлоочуларга карата коркутуу жана кысым көрсөтүү фактылары байкалууда.

Бардык жаңылыктар