Бишкектиктердин шайлоодогу жигердүүлүгү. Апрель жана июль айларындагы шайлоолорду салыштыруу.

04.08.2021
Бишкектиктердин шайлоодогу жигердүүлүгү. Апрель жана июль айларындагы шайлоолорду салыштыруу.

Бишкектиктердин шайлоодогу жигердүүлүгү. Апрель жана июль айларындагы шайлоолорду салыштыруу.

2021-жылдын 11-июлунда үч шаарда - Ошто, Токмокто Жана Бишкекте жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча аларга шайлоочулардын 30,51 пайызы катышты. Шайлоо участокторуна 188 миңден ашуун адам келген.

Шайлоочулардын келүүсү эң аз Бишкекте болду. Борбор шаарда кол менен саноо боюнча 104 миң 141 шайлоочу же тизмеге киргендердин баарынын 24,41 пайызы добуш берди. Эске сала кетсек, 11-апрелде 134 миң 58 шайлоочу же 31,93 пайыз добуш беришкен.

“Жалпы иш” КФнун эксперттери БШКнын маалыматтарын талдап, борбор шаардын шайлоочуларынын жигердүүлүгү апрель жана июль айларында кантип өзгөргөнүн Бишкектин райондору боюнча көрсөтүштү (1-карта).Муну менен бирге, шайлоочулардын жигердүүлүгүн талдоо үчүн 11-апрелдеги (132 миң 415) жана 11-июлдагы (103 миң 431) жарактуу шайлоо бюллетендердин саны гана алынган, башкача айтканда, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда эсепке алынган добуштар алынган.

1-карта

Төмөндө Бишкек шаарынын райондору боюнча өзүнчө 4 диаграмма тартууланган, анда ар бир участок боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгүнүн төмөндөшүнүн динамикасы көрсөтүлгөн.

Октябрь районунда 2021-жылдын 11-июлундагы шайлоого шайлоочулардын катышуусунун эң чоң төмөндөшү белгиленди. Ал жерде апрелдеги жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан айырмаланып, бир дагы шайлоо участогунда шайлоочулардын көбөйүшү байкалган жок.№1148 шайлоо участогунда эң чоң төмөндөө болгон – добуштары эсепке алынган 396 шайлоочуга төмөндөө. №1136 шайлоо участогунда болгону эң кичине төмөндөө байкалат –добуштары эсепке алынган 16 шайлоочуга төмөндөө.

Мындан тышкары, № 1141 шайлоо участогунда протоколдорду толтуруунун тууралыгын текшерүүдө жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын добуштарын эсептөөдө жыйынтыктарды ишенимдүү аныктоо мүмкүн болбогондуктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

1-диаграмма

Свердлов районунда №1327 шайлоо участогунда участогунда эң чоң төмөндөө болгон – 242 жарактуу бюллетенге төмөндөө. Ал эми №№ 1311, 1313, 1353, 1356, 1355 жана 1354 шайлоо участокторунда мурунку 11-апрелдеги шайлоолорго салыштырмалуу өсүш байкалат. Мисалы, №1311 шайлоо участогунда 2021-жылдын 11-июлунда өткөн шайлоодо апрель айына караганда 116 жарактуу бюллетенге көбүрөөк болгон.

2-диаграмма

Биринчи май районунда да олуттуу төмөндөө байкалууда, мисалы, №1217 шайлоо участогунда район боюнча эң чоң төмөндөө болгон –300 жарактуу бюллетенге төмөндөө. Бул жерде тескерисинче өсүш болгон төмөнкү шайлоо участоктору да бар: №№1242, 1240, 1243, 1212 жана 1205. Акыркысында баарынан эң чоң өсүш байкалган, мурунку шайлоолорго караганда 25 жарактуу бюллетенге толукталды.

3-диаграмма

Ленин району Бишкекте эң көп сандуу. Бул жакта он шайлоо участогунда жарактуу бюллетендердин көбөйүшү байкалууда. № 1010 шайлоо участогунда райондогу эң чоң өсүш, апрель шайлоосуна салыштырмалуу 70ке көп. Ал эми, № 1052 участогунда тескерисинче, баарынан эң чоң төмөндөө – 336 жарактуу бюллетенге.

4-диаграмма

Ошентип, талдоо июль айында жалпы шаар боюнча шайлоочулардын жигердүүлүгүнүн апрель айынын добуш берүүсүнөн 21,89 пайызга азайганын көрсөттү, бул 28 миң 984 жарактуу бюллетенди түзгөн (5-диаграмма). Райондор боюнча бөлүштүрүүдө эң көп төмөндөө Октябрь районунда байкалган, бул апрель добуш берүүсүнөн 31,21 пайызга же 10 миң 654 бюллетенге төмөн.Свердлов районунда - 19,36 пайызга же 5 миң 992 бюллетенге, Биринчи май районунда - 18,68 пайызга же 5 миң 438 бюллетенге, Ленин районунда - 18,15 пайызга же 6 миң 990 бюллетенге (1-карта).

5-диаграмма

Бардык жаңылыктар