"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары кайталап шайлоого байкоону улантууда

11.07.2021
"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары кайталап шайлоого байкоону улантууда

"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого байкоо жүргүзүүнү улантышууда.

95 шайлоо участкаларына барууну пландаштырган, 50дөн ашык ыктыярчылар шайлоо мыйзамдарынын сакталышына байкоо жүргүзүп турушат, алардын ичинен 62 байкоочу Бишкекте, 29 байкоочу Ошто жана Токмоктогу байкоочулардан төртөө.

Фонддун кызматкерлеринен куралган мобилдик топтор, айрым УШКларга тандоо иретинде барып, мыйзам бузууларга көз салып турушат.

БШКнын маалыматы боюнча, 617 миң 517 шайлоочу шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоонун акыркы тизмесине киргизилген.

Бардык жаңылыктар