«Жалпы иш» коомдук фонду: Шайлоо күнү саат 13:00дө аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат

11.07.2021
«Жалпы иш» коомдук фонду: Шайлоо күнү саат 13:00дө аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү күнү саат 13:00гө карата "Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары 22 мыйзам бузууну катташты:

  1. Бишкек шаарында 13
  2. Ош шаарында 9.

Алардын ичинен Бишкекте төмөнкү бузуулар катталды:

  • Шайлоо участкаларды ачууда процедуралык бузуулардын 6 фактысы катталган.
  • Добуш берүүнүн купуялыгы бузулган 4 факт (анын ичинде бюллетендин сүрөткө жана видеого тартуу).
  • Добуш сатып алуу боюнча 2 факт катталды.

Саясий партиянын өкүлү тарабынан шайлоочулардын тизмесин байкоо жүргүзүү боюнча 1 факт.

Ош шаарында катталгандардан:

  • Шайлоо участкаларды ачуу учурунда процедуралык мыйзам бузуулардын 5 фактысы.
  • Партия өкүлү шайлоочулардын тизмесин жана добуш берүүнүн жол-жобосун көзөмөлдөгөн 2 факт.
  • УШКда уруксатсыз адамдардын бар экендиги жөнүндө 2 факт.

Токмок шаарында мыйзам бузуулар катталган жок.

Бардык жаңылыктар