"Жалпы иш" коомдук фонду: ШАЙЛОО КҮНҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ

29.12.2020
"Жалпы иш" коомдук фонду: ШАЙЛОО КҮНҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ

«Жалпы иш» коомдук фонду 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү тандалган 500 шайлоо участогунда, БШКда жана бардык территориялык шайлоо комиссияларында (ТШК) байкоо жүргүзүүнү ишке ашырат. 500 стационардык байкоочу, 58 узак мөөнөттүү байкоочу, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүнө жана андагы жумушчу топторуна мониторинг жүргүзгөн беш эксперт, 16 аймактык юристтер менен координаторлор байкоо жүргүзүшөт, башкы кеӊсенин 30 кызматкери жана волонтерлор – юристтер, аналитиктер, маалыматты иштеп чыгуу борборунун операторлору - шайлоо күнү байкоо жүргүзүү боюнча ишти колдоп турушат. Бишкектеги колл-борбор Башкы кеӊсенин башкаруусунда иштейт.

Шайлоо күнү байкоо жүргүзүп жатканда, Фонд шайлоолорго мониторинг жүргүзүүнүн, мисалы, тандоонун негизинде байкоо жүргүзүү (SBO) сыяктуу алдыӊкы ыкмаларын колдонот. Бул ыкмалар «Жалпы иш» фондуна бүткүл өлкө үчүн репрезентативдүү болгон шайлоонун жыйынтыктарын жарыялоого мүмкүндүк берген статистикалык релеванттуу тандоону пайдаланат.

SBO методологиясы төмөнкүлөр үчүн колдонулат:

  • Добуш берүү күнү жол-жоболорду, COVID-19 менен байланышкан чараларды ишке ашырууну кошо баалоого.
  • Шайлоо күнү процесстерде потенциалдуу туура келбестиктерди жана бузууларды табуу, жана алар жөнүндө билдирүү.
  • Демократиялык шайлоолордун улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарын сактоо жөнүндө коомчулукка өз учурунда, кесипкөй жана калыстык менен маалымат берүү.

«Жалпы иш» коомдук фондунун кыска мөөнөттүү байкоочулары шайлоо күнү шайлоо участокторунун ачылышына жана жабылышына даярдыкка, добуш берүүгө, добуштарды саноого жана шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууга байкоо жүргүзүү үчүн тандалган шайлоо участокторунда болушат. Шайлоо күнү жана шайлоо аяктаган түнү алар өзүлөрүнүн корутундулары жөнүндө Фонддун колл-борборуна билдирип турушат, ал жерден операторлор жана юристтер, аналитиктер жана эксперттер маалыматтарды иштеп чыгып, текшерип турушат, андан сырткары алар ТШКлардагы байкоочулар командасы берген маалыматтарды да иштеп чыгып, текшерип турушат.

Фонддун ишмердиги шайлоолорду жана анын жыйынтыктарын башкарууга коомчулуктун ишенимин чыӊдоо үчүн Кыргызстанда шайлоо улуттук мыйзамдарга жана демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлүшүнө багытталган. «Жалпы иштин» бардык байкоочулары окуудан өтүшкөн жана өз милдеттерин калыс аткаруусуна кепилдик берген Этиканын жана жүрүм-турумдун кодексине кол коюшкан, бул болсо Фонддун эӊ негизги принциптеринин бири.

Фондду шайлоонун жыйынтыгы эмес, шайлоо процессинин сапаты кызыктырат. Партиядан тышкары жарандык байкоо жүргүзүүнүн эӊ негизги айырмачылыгы ушунда. Жарандык/коомдук мониторингдин командасы бардык жарандардын бакубатчылыгы үчүн байкоо жүргүзүүнү ишке ашырат жана кайсы бир партиянын кызыкчылыгын колдобойт. «Жалпы иштин» байкоо жүргүзүү боюнча отчеттору коомчулукка орус жана кыргыз, англис (эл аралык аудитория үчүн) тилдеринде шайлоо күнү жана андан кийнки күндөрү жеткиликтүү болот.

Шайлоого мониторинг «2021-жылы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүү» аталышындагы долбоордун алкагында «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылат.

“Жалпы иш” коомдук фондунун миссиясы - аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга түзүп берүүгө көмөктөшүү.

Бардык жаңылыктар