"Жалпы иш" коомдук фонду: УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ

29.12.2020
"Жалпы иш" коомдук фонду: УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ

“Жалпы иш” коомдук фонду – Кыргыз Республикасындагы ар түрдүү деӊгээлдеги шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандык билимдин деңгээлин жогорулатуу долбоорлорун ишке ашыруу, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүүрөөк катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Фонд 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун бардык этаптарына, шайлоого чейинки, шайлоо күнкү жана шайлоодон кийинки процесстерге байкоо жүргүзөт.

Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү төмөнкү максаттар үчүн аткарылат:

  • Эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык адилет шайлоо процессин камсыз кылуу.
  • Шайлоо мыйзамдарына талдоо жүргүзүү.
  • Шайлоолордогу бузууларды жана фальсификацияларды табуу жана алар тууралуу билдирүү.
  • Шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки мезгилде текшерилген, өз маалындагы жана объективдүү маалыматтарды берүү.

Башкы кеӊседе иштеп турган кызматкерлер менен бирге 58 узак мөөнөтүү байкоочу окуудан өтүшүп, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарына төмөнкүгө мониторинг жүргүзүү үчүн жиберилген:

  • бардык деӊгээлдердеги шайлоо комиссияларынын түзүлүшүнө жана ишмердигине;
  • шайлоо алдындагы кампанияларга;
  • мүмкүн орун ала турган мыйзам бузууларга;
  • шайлоочулардын тизмесине;
  • ТШКларда шайлоолордун жыйынтыктарын чыгаруу боюнча.

Булардын иштерин шайлоолордо бузуулар жана доолор боюнча алынган маалыматтарды иштеп чыгууга 16 аймактык координаторлор жана юристтер, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүнө жана андагы жумушчу топторуна мониторинг жүргүзгөн беш эксперт колдоо, көмөк көрсөтүүдө.  

Фонддун ишмердиги шайлоолорду жана анын жыйынтыктарын башкарууга коомчулуктун ишенимин чыӊдоо үчүн Кыргызстанда шайлоо улуттук мыйзамдарга жана демократиялык шайлоолордун эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлүшүнө багытталган. Фонддун бардык байкоочулары окуудан өтүшкөн жана өз милдеттерин калыс аткаруусуна кепилдик берген Этиканын жана жүрүм-турумдун кодексине кол коюшкан, бул болсо Фонддун эӊ негизги принциптеринин бири.

Бардык узак мөөнөттүү байкоочулар шайлоо өткөргөн күнгө чейин өзүлөрүнүн жалпы корутундулары жөнүндө ар жума сайын, ал эми олуттуу мыйзам бузуулар жөнүндөгү маалыматты күн сайын билдирип турушат. Текшерилген маалыматтарга таянып, «Жалпы иш» шайлоо алдындагы мезгил жөнүндө бир отчетту 2021-жылдын 5-январында табылган бардык бузуулар жана берилген доо-арыздар жөнүндө маалымат менен биргеликте чыгарып, андан кийин шайлоодон кийинки күнү анын өтүшү тууралуу алдын-ала билдирүү жана шайлоолор жөнүндө финалдык отчетту чыгарат.

«2021-жылы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү» аталышындагы долбоору «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

“Жалпы иш” коомдук фондунун миссиясы - аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга түзүп берүүгө көмөктөшүү.

Бардык жаңылыктар