"Жалпы иш" коомдук фонду: БИЗ ТУУРАЛУУ

29.12.2020
"Жалпы иш" коомдук фонду: БИЗ ТУУРАЛУУ

“Жалпы иш” коомдук фонду – Кыргыз Республикасындагы ар түрдүү деӊгээлдеги шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, жарандык билимдин деңгээлин жогорулатуу долбоорлорун ишке ашыруу, жарандардын өлкөнү башкаруу процесстерине активдүүрөөк катышуусуна жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

Фонд Шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн глобалдык стандарттарынын Декларациясына кошулган. Бул документ беделдүү Шайлоолорго улуттук байкоо жүргүзүүчүлөрдүн глобалдуу тармагынын (Global Network of Domestic Election Monitors) базалык документи. Дүйнөнүн 89 өлкөсүндөгү 251 уюм шайлоо процессине көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн ушул документти кабыл алышкан.

Фонд шайлоолорго кесипкөй бийик деӊгээлде байкоо жүргүзүү үчүн жөндөмдү жана компетенцияны түзүү жана өнүктүрүү үчүн тиешелүү даярдыктан өтүшкөн байкоочулардын жалпы улуттук тармагын түзгөн.

БИЗДИН МИССИЯ ЖАНА БАГЫТЫБЫЗ

“Жалпы иш” коомдук фондунун миссиясы - аралашуу, дискурс жана коомдук көзөмөлгө катышуу менен өлкөдө кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга түзүп берүүгө көмөктөшүү.

Биздин багыт - коом, мында жарандар коомдун бирдей укуктагы мүчөлөрү катары бардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу иштерине катышып, демократиялык процесстерде алар да мааниге ээ экендигин сезе алат.

БИЗ ЭМНЕ ИШ КЫЛАБЫЗ?

«Жалпы иш» коомдук фондунун иши жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, өлкөнүн туруктуу демократиялык өнүгүүсү үчүн биргелешкен аракеттерди жасоо максатында диалог, маанилүү саясий процесстерге мониторинг жүргүзүү, чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуу жана аларды алдыга жылдыруунун ачыктыгын камсыздоо аркылуу бийлик жана калк менен бирге аракеттешүүнү түзүүгө багытталган.

«Жалпы иш» коомдук фонду Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү долбоорун ишке ашырат. Долбоор иш чаралардын кенен спектрин, аны менен кошо шайлоочуларды окутуу, коомчулуктун пикирин изилдөө жана шайлоолорго мониторинг жүргүзүүнү камтыйт.

Фонд шайлоо процессинин бардык этаптарына мониторингди жүзөгө ашырат, алардын ичине шайлоо алдындагы этап, шайлоо күнү жана шайлоодон кийинки жол-жоболор кирет.

Шайлоого байкоо жүргүзүүнүн максаты - шайлоодо жарандарга жана кызыкдар болгон тараптарга кесипкөй, бейтарап, эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга шайкеш келген бааны өз учурунда берүү. Андан сырткары мыйзам бузуулар, шайлоочулардын келгени боюнча маалымдоо

Бардык жаңылыктар