«Кыргыз Республикасында алдыдагы референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү боюнча «Жалпы иш» коомдук фондунун, «Таза шайлоо» Юридикалык жактардын ассоциациясынын, «ЭГЛЬ» Коомдук фондунун БИЛДИРҮҮСҮ

16.12.2020
«Кыргыз Республикасында алдыдагы референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүү боюнча «Жалпы иш» коомдук фондунун, «Таза шайлоо» Юридикалык жактардын ассоциациясынын, «ЭГЛЬ» Коомдук фондунун БИЛДИРҮҮСҮ

2020-жылдын 11-декабрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүмүн аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) күчүнө кирди, ага ылайык Кыргызстан башкаруунун кайсы формасында – парламенттикпи же президенттикпи - барышы керек деген суроо коюлуу менен, 2021-жылдын 10-январына референдум белгиленди.

«Жалпы иш» коомдук фонду, «Таза шайлоо» юридикалык жактардын Ассоциациясы, «ЭГЛЬ» коомдук фонду Кыргыз Республикасында шайлоо процесстерине көз карандысыз байкоону жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамынын кабыл алынышы менен, төмөнкү негиздер боюнча зор тынчсызданууну жана чочулоону белгилейт.

  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жол-жобосу бир топ суроолорду жаратат, ошондой эле, биздин оюбузча, өлкөдө туруктуулукка жана коопсуздукка, жана келечекте укук тутумунун иштешине коркунуч жаратышы мүмкүн, анын негизинде каршылыктардын кезектеги акцияларын жана коомдук баш аламандыктарды пайда кылышы абзел. Жарандык коомдун бир нече жолу айтып чыкканына жана эксперт юристтердин бул референдумду өткөрүүгө али эрте экендиги жөнүндө корутундуларына карабай, Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамын кабыл алуудагы шашылыштыкка жана тайманбастыкка укуктук аныктык жана ачыктык жок.

Референдумду ачык, айкын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, белгиленген жол-жоболордун бардыгын сактоо менен өткөрүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын официалдуу эмес жана жабык кабыл алуунун жол-жобосу, бардык кызыкдар тарапты («макул» жана «каршы») тартуу менен парламенттик угуулардын өткөрүлбөгөндүгү таӊ калтырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин саясий партияларынын айрым фракцияларынын корутундуларынын аныктыгына күмөн жаралат, себеби фракциялардын айрым мүчөлөрү бул оӊ корутундулардын болбогондугу жөнүндө ачык айтып чыгышты.

Өлкө үчүн маанилүү болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуудагы мындай мамиле келечекте «адатка» айланып кетип, жагымсыз прецедент түзүшү мүмкүн деп эсептейбиз.

  • Жарандар алдына тандоого коюлган бардык маселелер тереӊ изилдениши керек. Алар боюнча чечим кабыл алынышы керек болгон материалдарды ийне-жибине чейин изилдөө сыяктуу маанилүү жол-жоболорго олуттуу мамиле жасалышы зарыл, тактап айтканда, мындай мүнөздөгү документтер белгиленген мөөнөттү сактоо менен коомдук талкуунун жол-жобосунан өтүшү керек.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочуларга маалымат берүү иштери жүргүзүлөт, аны менен шайлоочулардын эркин аӊ-сезимдүү билдирүүсүнө шарттар түзүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумду өткөрүүгө даярдануу процесси жөнүндө унутууга болбойт, анда «макул» тобун, же «каршы» тобун түзүү боюнча даярданууга, үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоо бюллетендерин бекитүүгө жана даярдоого жана башкаларга аныкталган мөөнөттөр белгиленген, мунун бардыгы референдумга коюлган маселенин мүнөзү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана маалымат берүү үчүн, алардын аӊ-сезимдүү чечим кабыл алышы үчүн шарттарды түзмөк.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүгүндө башкаруунун парламенттик жана президенттик формаларынын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө үстүртөн эле түшүнүгү бар. Ошентсе да калк арасында алдын ала маалымат берүү жана түшүндүрүү иштери такыр жүргүзүлгөн жок. Натыйжада жарандар референдумга коюлган маселени түшүнбөй да, анын маӊызын билбей да туруп референдумга жана шайлоого барышат.

 

  • Кыргыз Республикасынын Президенти постуна шайлоону жана референдумду өткөрүүнү айкаштыруу шайлоочулар тарабынан талапкерлер жана талапкерлердин шайлоо алдындагы программалар, ошондой эле референдумда көтөрүлгөн маселелер менен үстүртөн таанышууга алып келет.

Ошондой эле эки иш-чараны (Президентти кезексиз шайлоо жана референдум) айкаштыруу шайлоочуларды татаал тандоого туш кылат, себеби айрым талапкерлер башкаруунун бир формасын колдосо, башка талапкерлер башкаруунун экинчи формасын колдошот. Бирок шайлоочуларда башкача көз караш болушу мүмкүн, т.а., бир талапкерди колдоо менен, ал колдогон талапкерге салыштырмалуу, башкаруу формасына карата шайлоочунун башка позициясы болушу мүмкүн, бул болсо кабыл алынуучу чечимдин объективдүүлүгүнө жана шайлоочунун моралдык сезимине таасир этиши мүмкүн.

Шайлоочу Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер үчүн бюллетень боюнча добуш берип, референдум жөнүндө бюллетенге көӊүл бурбай койгон, же тескерисинче болгон факты да маанилүү учур болуп саналат.

Ар бир жаранга тиешелүү болгон, жана алардын чечиминен өлкөнүн келечеги көз карандыда турган, референдумга коюлган, мамлекеттик түзүмдү аныктоо боюнча талкууланып жаткан маселенин маанилүүлүгүн эске алып, даярдоо иштеринин бардык эрежелеринин сакталышы жана колдонуудагы мыйзамга ылайык жарандардын эркин билдирүүсү эркин түрдө болушу үчүн керектүү шарттарды камсыз кылуу зарыл.

Бардык жаңылыктар